Адам ойлонмоюн тура албайт. Ал канчалык жан дүйнөсү тынч алып, көңүлү жайында турса да сөзсүз бир нерсени ойлонуп жаткан болот. Ой – бул адамдын жан дүйнөсүнүн канаты. Оюңузда канчалык көп негатив болсо, ошончолук жан дүйнөңүз жабыркап, жашоо сизге маңызын жогото баштайт. Андыктан ойду оңдоо – бул адамдын жашоосундагы эң маанилүү кадам экенин эстен чыгарбаңыз.
«НЕГАТИВ ДЕПРЕССИЯГА АЛЫП КЕЛЕТ»Байыркы кытай элинин философу Лао Цзы: «Ойлонууда кылдат болгула, ал силердин аракетиңердин башаты»,- деген. Адамдардын дээрлик бардыгы ийгиликке жетишүүнү башкы максат катары коюшат. Кантип жетүү керек? Психологдор «сиз каалагандай комфортто жашоого ойдун күчү чоң таасир берет» дешет. Психолог Нуриза Батырбекова мына ушул ойду тазартуунун үстүндө баалуу кеңештери менен бөлүштү:
– Адамды өстүрүүнүн эң башкы куралдарынын бири – бул позитивдүү ой жүгүртүү. Маанайды түшүрүп, артка тарткан ойлор адамды депрессияга алып келет. Мындан улам адамдар бардык нерсеге нааразы, орой, маанайсыз болуп жүрүшөт. Ал аз келгенсип, мындай маанайы менен айланасындагы адамдарды да «уулап» жиберет. Эң коркунучтуусу, мындай терс ойлор адамдын ичинде бышып эле жүрө бербестен, анын кылган иш-аракетине да таасирин берип, жагымсыз окуяларга туш кылышы толук мүмкүн.«ТОКТО! ТЕРС ОЙЛОРДОН АРЫЛ!»
– «Терс ойлорду токтотууга мүмкүнбү?» деп сурашат көп адамдар. Чындыгында мүмкүн! Бул үчүн атайын психологиялык техникалар бар. Айрым ыкмалар терс ойлорду кууп, анын ордун позитивдүү ойлор менен толуктаганга жардам берет. Мисалы, сиз каалабаган ойго чекит коюу үчүн өзүңүздү «токто!» деп токтотууну үйрөнүңүз. Кайсы жерде, кайсы маалда болбосун оюңузга жаман нерселер келе баштаганда эле үнүңүздү чыгара «токто!» деп айта бериңиз. Бара-бара бул сөздү ичиңизден айтып токтотууга мүмкүндүк жарала баштайт. Ойду туура жакка буруу процесси адамдын көп убакытын алышы мүмкүн. Ал үчүн адам өзүнүн үстүнөн көп иштеши керек.
«ЖАШООГО БИР ГАНА ЖОЛУ ЖАРАЛАБЫЗ»
– «Бардык ойлор ишке ашат» деген түшүнүк бар эмеспи. Мисалы, «жагымсыз ойлор адамды ооруга алып келет» деп дарыгерлер да тастыктап келишкен. Адам өз оюн жакшы жакка буруу менен ден соолугун чыңдоого салымын кошо алат.
Иш жаатындагы ийгилик, адамдын өсүүсү, жеке өзү менен болгон гармония, курчап турган чөйрөгө жана адамдарга жагымдуу туюлуу – мунун баары туура ойлонуп, ошого жараша аракет жасоодон башталат. Позитивдүү адамдардын дээрлик бардыгы «жакшы ойлорумдун эң башында «жашоого бир гана жолу жаралдым» деген ой турат» дешет. Мисалы, сиз негативдүү ойлорду ойлонсоңуз, кайдан-жайдан ошол ойлор ишке ашып кетет: «азыр ушул жерден тайгаланып жыгылып кетпейин» деп айтып оозду жыйганча кантип жерде жатып калганыңызды билбей каласыз. Же «ушул баштаган ишимдин акыры ийгиликсиз болуп калат окшойт» десеңиз, чын эле ал ишиңиздин жыйынтыгы сизди канааттандырбай калат. Бул сиздин башында эле туура эмес ойлонуп, ээрге туура эмес отуруп алганыңызда. Ал эми тескерисинче, туура жашоо же ийгиликке жетүү үчүн башты туура ойлорго толтурсаңыз, ийгилик ар дайым сиз тарапта болмокчу.
«МЕН МУНУ ЖАСАЙ АЛАМ!»– Ойду тазартуу менен катар туура максат коюу да эриш-аркак жүрөт. Эртең менен турганда эле «мен бул ишти жасашым керек, албетте, ал ийгиликтүү болот» деп босогону аттаган адам жаңылбайт. «Мен муну жасай алам», «бул иш менин колуман келет», «мен бул нерсеге татыктуумун», «баары өзүмдөн көз каранды», «мен жасабасам анда ким жасайт?» Туура ойлонуунун башында турган ушул ачкыч сөздөр ар дайым оюңузда болушу шарт.
Мындан сырткары психологияда аффирмация деген жакшы түшүнүк бар. Ал кадимки эле адамдардын бири-бирине болгон же өзүнө болгон каалоо-тилеги жана максаты. Аффирмация туура багытта ишке ашыш үчүн туура сүйлөө керек. Мисалы, «ооруба» деген сөздүн ордуна «ден соолукта бол» жана башка. Аффирмацияга мисал катары «менин жашоом тынч жана коопсуз», «мен өзүмө абдан ишенимдүүмүн», «мен өзүмдүн ден соолугума кам көрөм», «мени айланамдагы адамдар сыйлашат жана жакшы көрүшөт», «мен келбеттүүмүн», «машыгуу жыйынтыктарын бере баштады», «мен ак эмгек менен акча таап жатам» деген сыяктуу ойлорду келтирсек болот. Мындан аркы жагы өзүңүздүн кырдаалга жана фантазияңызга жараша болмокчу.
«БААРЫН ЖАКШЫЛЫККА ГАНА ЖОРУУ КЕРЕК»
– Ойду тазартуу же туура ойлонуу ата-бабаларыбызда да кеменгерлик менен колдонулуп келген. Мисалы, урпактарыбызды азыр ырым-жырымга көп ишенген шамандар болгон дешет. Жок, урпактарыбыз кокустан болгон окуяны же түштү жакшы нерсеге жоруу менен ойду тазартышкан, тилек кылышкан жана таза ойдун арты менен жан дүйнөсүн тынчтандырган десек туура. Түштөн берилген аянды ар дайым жакшы нерсеге жоруу ата-бабадан келе жаткан жакшы жөрөлгө. Ошондой эле кокустуктарды да жакшы нерселерге жоруп, жан дүйнөнү тынчтандыра алышкан. Азыркы күнгө чейин эле үйдөн идиш-аяк талкалап алсак апаларыбыз жакшылыкка жоруп, «жаман нерсе ушуну менен чыгып кетсин» деп баштан тегеретип ыргытып жиберишет. Алыстан келген туугандардын башынан суу тегеретип чачуу, кырсыктан кийин жакшы ой-тилек менен түлөө өткөрүп куран окутуу, эртең менен арча түтөтүп үй ичин тазалоо – мунун баары ата-бабалар ойду тазартып, келечекке туура максат коюуну көздөп келген.
УЛУУ АДАМДАРДЫН УЛУУ ОЙЛОРУНАН:
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg