Супер сынак
Мына сага окшоштук! Биздин кеңсеге чырайлуу ырчы Неляга окшош кыздын сүрөтүн көтөрүп бир бийкеч келди. Неляга окшош кыз азыр 18 жашта. Анын аты-жөнү – Марат кызы Гүлниза. Сырткы келбети канчалык окшош экенин ар бир окурман өзү баалап алышсын. Гүлниза да Неля окуп бүтүргөн Жусуп Баласагын атындагы КУУнун студенти экен. Бирок факультети ырчы кыздыкындай экология эмес, юридикалык факультет.
Кадырман окурман, “Капырай, куюп койгондой...” аттуу сынагыбыз дале уланууда. Атактуу бир инсанга куюп койгондой окшошмун деп ойлосоңуз, анда бизге сүрөтүңүздү жөнөтүңүз.