ШОУ ЧӨЙРӨНҮН ЖИГИТТЕРИ КАТАРЫНАН НАРИСТЕЛҮҮ БОЛУШТУ

Ди-джей, телеалпаруучу Расул Мырзатегинге жубайы 8-июлда балканактай уул төрөп берип кубантты. Жарыкка келген наристе жубайлардын экинчи уулу. "Уулум 3,7 килограмм салмакта төрөлдү. Ысымды менин ата-энем коюшат, учурда акылдашып жатышат",- дейт Расул мырза.
Былтыр үйлөнгөн "Жебе" тобунун солисти Самат Муратбековду болсо 13-июлда жубайы кыздуу кылды. Аталган топтун негиздөөчүсү Кенже Дүйшеева интернеттеги баракчасы аркылуу: "Бүгүн "Жебе" тобундагы эң жароокер, акылдуу балам Самат кыздуу болду. Кубанычымда чек жок, неберелүү болдум",- деп сүйүнчүлөдү.
Бул күнү аранжировщик, ырчы Эрнест Жоошевдин сүйүктүү жубайы уул төрөп берип аны ата деген статуска ээ кылды.

Самат Муратбеков былтыр бийчи кызга үйлөнгөн.


Эрнест Жоошев да биринчи жолу ата статусуна ээ болду.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
gul1987
2016-07-18 09:21:22
Омурлуу наристелер болсун!Куттуктайм!
+4
Mediziner
2016-07-18 11:34:26
Чың ден-соолуктуу, өмүрлүү, бактылуу балдардан болушсун!
+4
tuigan.
2016-07-18 11:41:04
Бешик боонор бек болсун.
+1
z0lyshk0
2016-07-18 18:51:24
Саматтын аялы Кенжеге окшошуп кетет экен
+4
pretty2014
2016-07-19 12:45:37
Саматтын аялы озуно аябай окшош го,орустардын "муж и жена-одна сатана"дегениндей.
+1
takowa_tyratbekovna94
2016-07-20 14:44:12
Эрнест Жоошевдин келинчеги сулуу жылдыздуу экен
0
kanykei95
2016-07-23 13:20:34
бактылуу болунуздар
0
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан