РОЗА ЗАКУСКАСЫ
Керектелүүчү азыктар:
Помидор (орточо көлөмдө) – 6 даана
Сыр – 100 грамм
Сарымсак – 1-2 тишче
Майонез – 2 аш кашык
Райкан
Даярдоо ыкмасы:
1. Помидорду жууп тазалап, үстүнкү бөлүгүнүн 5-6 жеринен аягына жеткирбей тилип чыгабыз.
2. Сырды сүргүчтөн өткөрүп, ага майда тууралган сарымсак жана майонез кошуп аралаштырабыз да, помидордун тилинген жерине салып койсок, закускабыз даяр.
КОЗУ КАРЫН ЗАКУСКАСЫКеректелүүчү азыктар:
Помидор – 6 даана
Быштак – 200 грамм
Каймак – 2 аш кашык
Татымына жараша туз
Укроп, петрушка
Даярдоо ыкмасы:
1. Помидорду жууп тазалап, үстүнкү бөлүгүн гана кесип алабыз. Бул козу карындын калпакчасы болот.
2. Быштакка каймакты жана майда тууралган укропту, татымына жараша туз кошуп вилка менен жакшылап аралаштырабыз. Табитиңизге жараша бул аралашмага сарымсак кошсоңуз да болот.
3. Эми алаканыбызды суулап, бул аралашмадан бир аз алып тоголоктоп козу карындын сабагын жасайбыз да, үстүнө “помидор калпакчаны” кийгизебиз. Үстүнө каймактан тамчылатып темгилдерин жасап, четин петрушка менен кооздоп, дасторконго койсок болот.
МУНАРА ЗАКУСКАСЫКеректелүүчү азыктар:
Помидор – 6 даана
Баклажан – 1 даана
Кабакча – 1 даана
Сарымсак – 1-2 тишче
Сыр – 100 грамм
Майонез – 4 аш кашык
Укроп, райкан
Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач баклажан менен кабакчаны жууп, тегерек формада, 0,7-0,8 миллиметр калыңдыкта кесебиз. Эми алардын үстүнө туздан бир аз себелеп 20 мүнөттөй тыныктырабыз да, сыгып алып майга эки жагын кызарта куурабыз.
2. Сырды майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүп, ага майда тууралган сарымсак, укроп, райкан жана майонез кошуп аралаштырабыз.
3. Бирдей көлөмдөгү помидорлорду 0,5 миллиметр калыңдыкта тегерек формада кесип алабыз да, “мунарабызды” курабыз. Ал үчүн жашылчалардын ортосуна сыр аралашмасын сүйкөп ирети менен тизип чыгуу керек. Закускабыз кулап кетпеши үчүн эң астыңкы кесимдин түбүн да бир аз кесип коёбуз.
Рецепттер жактыбы? Анда сактап коюңуз!
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg