САЯСАТ ЖАНА КООМ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

УЮЛДУК ОПЕРАТОРЛОРДУ КИМ ООЗДУКТАЙТ?

“Кыргыз өкмөтү уюлдук компаниялардын ишине кийлигишпейт”,- деп билдирди премьер-министр Данияр Үсөнов.

Анын айтымында, өкмөт уюлдук байланыштар рыногунда бир монополист пайда болсо гана ага монополияга каршы мыйзамдын чегинде кийлигише алат. Учурда монополист жок, ошондуктан өкмөт кийлигишпейт. Ал ошондой эле уюлдук байланышка 470 миллион доллар жеке инвестиция киргизилгенин, байланыштын наркы 1 доллардан 10 центке чейин арзандаганын билдирди. «Эмне үчүн баалардын төмөндөп жаткандыгы тууралуу эч ким сөз кылбайт?» деп кейиди премьер-министр. Кыскасы, Данияр мырза Кыргызстандын премьер-министриби же уюлдук операторлордунбу, эл да түшүнбөй калды.
Эскерте кетсек, уюлдук байланыш операторлору 1-февралдан баштап ар бир чалуу үчүн бааны 60 тыйынга көтөргөн. Муну Жогорку Кеңеш өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем катары баалап, кымбаттатууну токтотуу боюнча өкмөткө тапшырма берген. Айрым депутаттар «уюлдук операторлордун лицензиясын алып салабыз» деп күпүлдөшкөн эле.


ТАРИФТЕРДИ ЖОГОРУЛАТУУ ТОКТОТУЛАБЫ?

“Эгерде биздин энергетиктерибиз энергетикага болгон тарифти туура эмес эсептеп, жогорулатуулар негизсиз болсо, күнөөлүүлөр катуу жоопко тартылат”,- деди өлкө башчысы Курманбек Бакиев.

Ажонун айтымында, ал Өнүктүрүү боюнча борбордук агенттикке өкмөт менен бирдикте энергетика жана жылуулукка болгон тарифтердин кымбатташына талдоо жүргүзүүгө тапшырма берген. “Тарифтерди жогорулатуунун экинчи этабы дал ушул талдоолордун жыйынтыктарына жараша болот. Тарифтер негизсиз жогорулатылган болсо, кымбаттатуунун экинчи этабы болбой калышы да мүмкүн”,- деп баса белгиледи
Курманбек Бакиев.


МУЗДАК СУУ МЕНЕН КАНАЛИЗАЦИЯГА БААЛАР ӨСӨТ

20-февралда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары муздак сууга жана канализацияга болгон бааларды көтөрүү чечимин кабыл алышты.

Эми 2010-жылдын 1-марты­нан тартып шаардыктар бир м3 муздак сууга 4 сом 48 тыйын, канализацияны пайдаланууга 1 сомдон төлөй башташат. Учурда шаардыктар муздак сууга 3 сом, канализацияга
70 тыйындан төлөшөт. Ал эми бюджеттик мекемелер муздак сууга 4,5 сомдун ордуна 6,15 сомдон, канализацияга 1,5 сомдун ордуна 1,75 тыйындан төлөшмөкчү. Бюджеттен каржыланбаган ишканалар жана Бишкек ТЭЦи үчүн муздак суу гана кымбаттап, 7 сомдун ордуна 7 сом 95 тыйындан төлөй башташат.


КАРЫЗ АЛУУНУН ДАГЫ БИР ЖОЛУ БАР!

“Кыргызстан башка мамлекеттерден карызга акча алуу жоболорун өзгөртөт”,- деп билдирди өкмөт башчысы Данияр Үсөнов.

Анын айтымында, 2010-жылы Кыргызстан Кытайдан каражат алууну пландаштырууда. Бирок мындан ары алынган каражаттын 70 пайызы өзүн-өзү актоочу долбоорлорго багытталмакчы. Жаңы жоболор боюнча алынган каражат электр станцияларын, транспорттук компанияларды, кайра иштетүү өнөр жайын куруу сыяктуу кирешелүү долбоорлорго жумшалат.


КАНТ ЗАВОДДОРУ КОЛДООГО АЛЫНАТ

Кыргызстандын Өнүктүрүү фонду “Кайыңды-Кант” жана “Кошой” кант заводдоруна 12 миллион доллар каражат бөлөт.

Бул туурасында фонддун каржы директору Рифат Утюшев билдирди. Анын айтымында, бул маселе аталган фонддун директорлор кеңешинде талкууланган. “Учурда канттын баасы кымбаттоодо. Божомолдор боюнча быйыл кант продукциясынын жетишсиздиги Кыргызстанда гана эмес, дүйнөдө да болору күтүлүүдө. Бөлүнгөн акчалар жабдууларды жаңыртууга, заводдорду реконструкциялоого жумшалмакчы. Каражат беш жылга он пайызга жакын үстөк менен берилет”,- дейт Рифат мырза.
Ал эми фермерлерге микрокредиттик компаниялар жана агроазык-түлүк корпорациясы аркылуу жардам берилет”,- деп кошумчалады директор.


ИСАКОВ БОЮНЧА СОТ ӨКҮМҮ КҮЧҮНДӨ КАЛДЫ

Аскер сотунун судьясы Тилек Абдрашитов Бишкек гарнизондук аскер сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Республикалык аскер соту гарнизондук аскер сотунун Исмаил Исаковду 8 жылга эркинен ажыратып, генерал-лейтенанттык аскер наамын алган өкүмүн күчүндө калтырды. Ошондой эле Исаковду Коопсуздук кызматынын абагынан №1-тергөө изоляторуна которуу чечимин чыгарган.


21-МАРТТАН БАШТАП СВЕТ ӨЧҮРҮЛБӨЙТ

Энергетика министри Ильяс Давыдов 2010-жылдын 21-мартынан тарта өлкөдө жарыкты өчүрбөөгө убада берди.

Министр 24-февралдагы өкмөт жыйынында 2010-жылдын 1-апрелинен баштап электр энергиясын чектөөнү токтотуу боюнча президенттин тапшырмасы аткарыларын билдирди. Өз кезегинде өкмөт башчысы Данияр Үсөнов: Чектөөнү эрте алып салууга мүмкүндүк барбы? Сиздерден 21-марттан баштап электр жарыгын өчүрүүнү токтотуу тууралуу маселени карап көрүүнү өтүнөм”,- деп сунуштады. Ал эми министр бул сунушту ишке ашырууга убада кылды.


АЙЛЫК АКЫ 11 ПАЙЫЗГА ЧЕЙИН ЖОГОРУЛАШЫ МҮМКҮН

2010-жылы Кыргызстандагы орточо айлык акы 11 пайызга жогорулап 7 миң 614 сомго жетет,
ал эми номиналдуу пенсиянын орточо көлөмү кошумчалар менен 23 пайызга жогорулайт.

Бул тууралуу өкмөттүн 24-февралдагы жыйынында Экономикалык тескөө министри Жеңишбек Байгуттиев билдирди. Анын айтымында, номиналдуу пенсиянын орточо көлөмү электр энергиясына болгон кошумчаларды эсепке алуу менен 23 пайызга жогоруламакчы. Ал ошондой эле 2009-жылы өлкөгө 450 миллион долларлык түз инвестиция келгендигин, бирок тышкы соода жүгүртүү 24 пайызга төмөндөгөндүгүн маалымдады.


Эл аралык кабарлар

ГРЕЦИЯДА ЭЛ ИШ ТАШТАДЫ

24-февралда Греция мамлекетинде жалпы элдик иш таштоо болуп өттү. Натыйжада коомдук транспорт токтоп, учактар учпай, мектептер жабылган.

Бир күндүк иш таштоо өкмөттүн каржылык кризис­тен чыгууну көздөп киргизген татаал чараларына нааразылык билдирүү максатында өткөрүлдү. Өкмөт коомдук секторго акча бөлүүнү убактылуу токтотуу, салыктарды көбөйтүү, пенсия жашын 61ден 63кө көтөрүү, айлык акынын өлчөмүн тоңдуруу сыяктуу антикризистик план кабыл алган. Бийлик бул чараларды бюджет тартыштыгын жоюуга жана тышкы карызды көзөмөлдөөгө керектүү деп билдирүүдө. Грециянын тышкы карызы 300 миллиард еврого жеткен. Кризис евронун арзандашына да алып келди. Учурда Европа Биримдиги Грецияга жардам берүүнүн жолдорун издөөдө.


ТҮРКИЯДА ГЕНЕРАЛДАР КАМАККА АЛЫНДЫ

22-февралда Түркияда 50гө жакын генерал камакка алынып, исламга ыктаган бийликтеги “Адилет жана өнүгүү” партиясы менен Ататүрк негиздеген секулярдык саясатты жактаган түрк армиясы ортосунда тирешүү курчуду.

«Түркияда аскердик төңкөрүш даярдаган» деген шек менен армияда учурда кызмат өтөгөн жана отставкадагы 50гө жакын жогорку чиндеги аскерлер камакка алынды. Түрк прокурорунун маалыматында, аталган офицерлер “Балка” деген аталыштагы төңкөрүш планы боюнча өлкөдө жардырууларды уюштуруп, жоопкерчиликти исламчыл фундаменталисттерге оодарышмак.
Камакка алуулардан улам өлкөдөгү генералдар менен адмиралдардын баары Анкарада Генштабда чогулуп жыйындарды өткөрүүдө.


НАТО КАРАПАЙЫМ КАЛКТЫ БОМБАЛООДО

Ооганстанда НАТО аскерлеринин авиасоккусунун кесепетинен 33 адам курман болду.

НАТОнун өкүлүнүн 21-февралдагы маалыматына караганда, аскер учактары тоодогу жол менен бараткан 3 кичиавтобуска абадан сокку урган. Кийин маалым болгондой, автоунааларда 42 жөнөкөй жүргүнчү болсо, 33ү ошол жерде курман болгон. Курман болгондордун арасында аялдар жана жаш балдар да бар экендиги айтылат. Мындан улам Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын балдар маселелери боюнча өкүлү Радика Кумарасвами НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүн 153 баланын өлүмү үчүн жооптуу деп билдирди.


ФОЛКЛЕНД АРАЛДАРЫНЫН ТАЛАШЫ КАЙРАДАН ЖАНДАНДЫ

Бул жолу Аргентина Британиянын мунай чалгындоолоруна каршылык билдирип, Лондонду сүйлөшүүгө чакырды.

Аргентинанын Тышкы иштер министри БУУнун башкы катчысына кайрылуу жолдоп, Фолкленд чырына кийлигүүсүн өтүнгөн. Баш катчы тараптарды сүйлөшүүгө чакырды. Ал эми британ Тышкы иштер министри Фолкленд Британияга караштуу экенин, мунай казып алууда эл аралык эрежелер бузбаганын айтып, сүйлөшүүлөргө барбасын билдирген. Кошумчалай кетсек, аталган аралдагы мунай запасы 60 миллиард баррель тегерегинде деп болжолдонууда.

Айбек Кочкоров
politika@super.kg
Сүрөттөр
интернет булактарынан жана «Супер-Инфонун» архивинен алынды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 382, 26-февраль - 4-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан