Мезгил үнү
Акыркы жылдары мамлекетибиз спорт тармагына көңүл буруп, сүйүнтөрлүк иш алып барып жатканы – жетишкендик. Олимпиадада күмүш, коло медаль алып жатканыбыз сыймык деңизчи, бирок эгемендүү өлкөбүздүн Олимпиада оюндарынан бир да алтын медаль ала албай жаткандыгы өкүнүчтүү.
САНАЛУУ ИЙГИЛИКТЕР
1980-жыл. Ал кезде Кыргызстан СССРдин курамында болчу. Москва шаарында өткөн жайкы Олимпиадада оор атлетика боюнча кыргыз спортчусу Каныбек Осмоналиев алтын медаль тагынган. Албетте, сыймык кыргыздыкы болгону менен, сыйлык СССРдин наамында калган. Ал эми эгемен кыргыз өлкөсүнө биринчи Олимпиадалык медалды улуту казак Айдын Смагулов алып берген.
Айдын 2000-жылы Сидней Олимпиадасында дзюдо боюнча коло медаль тагынган. 2008-жылы Бээжинде өткөн жайкы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча өлкөбүздүн желегин желбиреткен Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдин ысымдарын да сыймыктануу менен айтсак болот. Ошол Бээжинде өткөн оюнда ачык эле Канат тарапта турган алтын медаль калыстардын түшүнүксүз чечимдери менен көз көрүнөө француздун пайдасына кетти. Буга жалпы кыргыз эле эмес, дүйнө эли күбө болгон. Кийинчерээк Канат Бегалиевдин биздин гезитке берген интервьюсунда “алтын медаль алмайынча спорттон кетпейм” деп айтканы бар. Канат менен Русландын ийгиликтеринен кийин мен дагы ушулардай боло алам деген кыргыз уландарынын көбөйүшү жакшы жөрөлгө. Мейли кышкы, мейли жайкысы болсун, айтор, Олимпиада оюндарында Кыргызстан да алтын медалга ээ болор деген изги тилек менен күтө туралы.
MADE IN KYRGYZSTAN
Кыргызстандын суусун ичип, абасын жуткан атактуу спортчуларыбыз бар. Бирок ошол чемпиондор ар кандай себептер менен башка өлкөнүн желегинин астында, алардын намысын коргоп жүрүшөт. Алсак, кыргызстандык Мария Күлчүнова ата мекендик эле эмес, дүйнөлүк спортто да легенда. Ал 1988-жылы Татьяна Ледовская, Ольга Назарова жана Ольга Брызгина менен бирге 100 метрге чуркоо боюнча төрттүк эстафетада (4х100) дүйнө рекордун орнотушкан. Ошондо алар аталган аралыкты 3 мүнөт 15 секундда чуркап өтүп, көрүүчүлөрдү таң калтырышкан.
Аты да, заты да кыргыз болгон гандболчу кыргыз жигити испаниялык спортчуларга тажрыйбасын бөлүшүп, аларды тарбиялап келет. Ал – Талант Дүйшөбаев. 14 жашында СССРдин курама командасына кирген. Көп ийгиликтерди багынтууга жеткирбей, Союз таркап кетет. Ошол учурда Талантка Испаниядан сунуш түшүп, жогорку максаттарды көздөгөн спортчубуз Европаны көздөй кеткен. Испаниянын жарандыгын алган мекендешибиз "Атланта-96" Олимпиадасында коло медаль тагынган. Өткөн 2009-жылы бир журналист чемпион Дүйшөбаевге “сиз кыргызсызбы, оруссузбу же испансызбы?” деген суроо узатыптыр. Ошондо улуу гандболчу Талант мырза: “Албетте, мен кыргызмын. Керек болсо бүгүн эле мекеним Кыргызстанга барууга даярмын. Бирок ал жакка керекминби?”- деп суроого суроо менен жооп бериптир. Талант Дүйшөбаевдин тили, жашоо образы өзгөрүп жатса да, дили кыргыз боюнча калганына кубанбай коё албадык.
Грек-рим күрөшү боюнча дагы бир Юрий Мельниченко аттуу жердешибиз бар. Ал эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында эле казак боордошторго кеткен. Буга колдоонун жоктугу себеп болуптур. 1996-жылы Атлантада өткөн Олимпиада оюндарында Казакстандын атынан чыгып, алтын медалга ээ болгон. Бул сөөгү кыргызстандык спортчу жигитибиздин жеңиши Казакстан Республикасынын Олимпиададагы алгачкы алтын медалы болуп эсептелинет.
КЫРГЫЗСТАНДАН ОЛИМПИАДА ЧЕМПИОНДОРУ
ЧЫГАРЫНА ИШЕНЕСИЗБИ?
Каныбек Осмоналиев,
Оор атлетиканы өнүктүрүү боюнча республикалык борбордун директору:
– Мен улуу Манастын элинен Олимпиада чемпиону чыгарына ишенем. Чындыгында, баш оорунун баары келип эле акча каражатына такалат. Мамлекет спортчуларды колдоого алып, муктаждыктарын учурунда чечип турса, Олимпиаданын жеңүүчүсү сөзсүз чыгат деп ишенем.
Кубанычбек Конгантиев,
Мамлекеттик Спорт агенттигинин директорунун орун басары:
– Кыргызстандан Олимпиада чемпиону чыгат деп ойлойм. Тигил же бул деп кайсы бир спортчунун ысымын атагандан алысмын. Бирок грек-рим күрөшүнөн, дзюдодон, жалпысынан айтканда, күрөштүн түрлөрүнөн биздин балдар күчтүү. Демек, жок дегенде спорттун ушул түрлөрүнөн чемпион чыгат деп ишенсек болот.
ОЛИМПИАДА ТУУРАЛУУ
Олимпиада оюндары байыркы мезгилде тынчтыктын символу болсо, учурда дүйнөлүк спортто эң абройлуу мелдеш болуп саналат. Ал жайкы жана кышкы болуп экиге бөлүнүп, кезектеше төрт жылда бир өткөрүлүп турат. Жайкы Олимпиада 1896-жылы Олимпиаданын мекени катары Грециянын борбор калаасы Афины шаарында старт алган. Ал эми кышкы Олимпиада 1924-жылдан бери өткөрүлүп келет. Учурда Ванкуверде аяктап бараткан кышкы Олимпиада катар саны боюнча жыйырма биринчи.
Амантур Султанкулов
sport@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
КЫРГЫЗСТАНДАН ОЛИМПИАДА ЧЕМПИОНУ
ЧЫГАРЫНА КӨЗҮҢҮЗ ЖЕТЕБИ?
Асылбек,
35 жашта, жеке ишкер:
– Көзүм жетет. Кыргызстан ушинтип сызга отурган бойдон эле калмак беле. Убакыт-сааты келгенде биз да өнүгүп, таланттуу спортчуларыбызды дүйнөлүк чемпионаттарга чыгарганга шарт түзүлөт. Бизде таланттуу балдар көп.
Замира,
42 жашта, технолог:
– Жакынкы учурда Олимпиада чемпионун көрө албайбыз го. Бирок кийинчерээк чыгарына ишенем. Учурда спорт жаатында таланттуу жаштардын чыга баштаганын гезиттерден окуп же теледен көрүп калсам, уучубуз куру эмес экен деп сүйүнүп калам.
Нурэл,
30 жашта, мугалим:
– Олимпиада чемпиону болом деп максат кылып, ишеним арткандардын саны аз. Буга мамлекеттин экономикалык абалы да таасирин тийгизип жатат. Спорт менен алек болгондорго колдоо начар. Керек болсо биздин спортчулардын машыгуу үчүн шарттары жок.
Нургиза,
22 жашта, сатуучу:
– Спорт учурда жанданып келатат. Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдер биринчиликке жетпесе да кыргыздын атын чыгарып, желегибизди желбиретип келишпедиби. Ошондон улам ушул эки эренибиз чемпион боло алышат деген үмүтүм бар.
Улан,
18 жашта, студент:
– Мен спортчуларыбыздын келечегине ишенем. Бизде элге аты көп чыкпаган мыкты спортчуларыбыз көп. Алардын көбү эле көр тириликтин айынан ар кандай иштерде жүрүшпөйбү. Мамлекет ушундай көлөкөдө жүргөндөрдү колдосо...
Шакен,
60 жашта, пенсионер:
– Чемпиондор чыгат деген чоң үмүтүм бар. Акыркы жылдары кыргыз спорту бир топ эле өнүктү. Жанагы Канат Бегалиев деген балага ишеничим чоң. Ал “Олимпиададан алтын медаль алмайынча спортту таштабайм” деп сөз бербеди беле, мындай убадалар да ишеним жаратат.
Байболот,
41 жашта, инженер:
– Спорттун көп түрү Кыргызстанда өнүккөн эмес. Эми буга жашоо шартыбыз да таасирин тийгизип жатпайбы. Бирок мен күрөш боюнча Олимпиада чемпиону чыгарына көзүм жетет.
Бахияна Сатылганова