Ал төрөлгөндө алгач Токтогул деп ат коюшкан. Генерал болуу анын балалык кыялы болчу. Саясатка аскер адамы катары аралашып, тагдырдын буйругу менен эркинен ажырап, абакка да отуруп чыкты. Кеп ким жөнүндө болуп жатканын баамдасаңыз керек. Бүгүн бизде конокто "темир генерал" атка конгон Феликс Кулов.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
– Феликс мырза, убагында сиз чоң кызматтарды аркаладыңыз. ИИМ, УКК жетекчиси, Чүй облусунун губернатору, Бишкек шаарынын мэри, ошондой эле премьер-министр. Президент болбой калганыңызга өкүнбөйсүзбү?
– Өкүнбөйм. Өзүңдү жоготуп койсоң өкүнүчтүү. Ал эми бийлик, байлык колдун кири. Бир окуяны айтып берейин. СССР кезинде Азербайжандын белгилүү Рашид Бейбутов деген ырчысы болгон. Аны өлкө боюнча жакшы таанышчу. Ошол кезде Бакуга индия кино актёру Радж Капур келет. Совет эли аны Бейбутовдон да жакшы билчү. Анын «Господин 420», «Тентимиш» деген кинолорун ким көргөн эмес? Анан ошентип самолёт Баку аэропортуна конот. Трапка чейин килемдер төшөлөт. Тосуп чыккандар сап-сапка тизилишип, актёр менен кезектешип тааныша башташат.
Биринчиси: “Мен премьер-министрдин социалдык тармак боюнча орун басары”,- дейт. Ал болсо: “Жакшы, мен Радж Капур”. Экинчиси: “Мен маданият министри”. Үчүнчүсү: “Маданият бөлүм башчысы”,- деп жана башкалардан кийин кезек Рашид Бейбутовго жетет. “Мен Рашид Бейбутов, СССРдин эл артистимин”,- дейт. Индияда эл артисти деген наам болбоптур, ал көпкө ойлонбой, “жакшы, жакшы, мен Радж Капур, жөн эле миллионер” деп кутулуптур. Көрсө, кеп
наамда эмес, кеп эл сени жасаган ишиңен тааныганында тура.
– Акаевдин заманында полковник Бакаев жол кырсыгынан каза таап, сизди анын өлүмүнө катышы бар деп жүрүштү. Мунун канчалык чындыгы бар?
– Мен жөнүндө ушундай ушак-айың таратылган. Өкүнүчтүүсү, ага ишенип алгандар да бар.
– 2007-жылдын кышында сиз премьер-министрдин кызматынан кеттиңиз. Ошондо кайра чоң саясатка келишиңизди күткөндөр болгон. Бирок сиз кайрылбадыңыз. Себеби?
– Мен чоң саясаттан чоң саякатка кеттим. Чоң саясат да, чоң саякат да кайда алпарары белгисиздиги жагынан окшош нерсе. Ал эми, чындыгында, саясаттан эч жакка кеткен жокмун. «Ар намыс» партиясын жетектеп жүрөм. Эч кимге жар салбай эле, мүмкүнчүлүк жетип, колдон келишинче өлкөнүн экономикасын көтөрүү, оңдоо аракети менен алекпиз.
– Чоң саясат менен чоң саякат эмнеси менен окшош?
– Чоң саясатты чоң кызмат, чоң бийлик деп түшүнсө болот. Чоң саякат деп, мисалы, аялдардын жан дүйнөсүн түшүнсө болот. Сөзсүз эле көп аялдын эмес, бир эле аялдын ичинде кандай дүйнө жатат?..
– Саясий карьераңыз бүттү деп айтса болобу?
– Минтип качан «Ар намыс» партиясы тарап кеткенде айтса болот.
– Абакта отурган жылдарды кандай эскересиз? Канча отурдуңуз?
– Мүнөзүм ушундай, жамандыктын да жакшы жагын издейм. Мени түрмөгө отургузушканда тагдырдын дагы бир сыноосу башыма түшкөнүн түшүндүм. Бардыгына чыдап, көтөрүп, жашап өзүмдүн намысымды сактап калышым керек болчу. Түрмө деген ушундай жай, кээ бирлер чыдайт, айрымдар чыдай алышпайт, айрыкча жылдап отургандар. Мен беш жыл отурдум.
– Өкүнүчтөрүңүз барбы? Баарын кайра башынан баштоо мүмкүнчүлүгү берилсе, жашооңузда эмнени өзгөртөт элеңиз?
– Айрым нерселерди өзгөртүүгө аракет кылат элем. Мисалы, ок атуу боюнча спорт чебери болмокмун. Ал эми чоң өзгөртүүлөрдү кааламак эмесмин. Бүт өмүрдү өзгөртөм деген менен, эртеңки күн кандай болуп өзгөрүп кетет, ким билет?
– Бизге белгилүү болгондой, сиз Кыргызстандын кол күрөш (армрестлинг) федерациясынын ардактуу президентисиз. Спортко мамилеңиз кандай? Кайсы түрү менен машыгасыз? Жакында кайсы жеңишке сүйүндүңүз?
– Ар кандай командалык спорттун түрлөрүн ойнойм: футбол, баскетбол, волейбол, хоккей. Мылтыктан ок атуу, шахмат, теннис боюнча биринчи разрядым бар. Тоодо, түздө лыжа тепкенге кызыгам, жактырам. Анан самбо күрөшү боюнча инструктормун.
Акыркы жолу кол күрөш боюнча курама командабыздын Дүйнө чемпиондугунда байгелүү орун алганын угуп аябай кубандым. Тилекке каршы, биздин спортчулар катышкан оюндарды убакыттын жоктугунан көрө албай калам.
– Эркектердин эки түрү бар дейт. Мырзалар жана Дон Жуандар. Кайсы топко киресиз?
– Дон Жуан болуп көп аялдын башын айлантып "эрдигине" мактангандарды түшүнбөйм. Ал эми "джентльмен" же кыргызча жөн гана мырза, жигиттик деген сөздү терең түшүнөм. Жигиттик кылып бирөөгө пайдам тийсе жакшы, бирок жардам кылганда пайданы көздөбөйм.
– Анекдот айтып берсеңиз, мүмкүн болсо өзүңүз жөнүндө.
– Кээде эстеп калам. Өзүм жөнүндө бир гезитке мындай анекдот чыккан: «Кулов Акаевдердин үйүнө конокко барат экен. Отурушат, эс алышат, анан ал кетет. Бир маалда Майрам Акаева “алтын саатым жоголду” деп издеп калыптыр. Ал ойлойт, "аа Кулов уурдап кетти" деп. Бирок бат эле сааты табылып калат. Ошентсе да уурдады деген ызасы ичинде кала бериптир".
– Балалык кыялдарыңыз орундалдыбы? Чоңойгондо эмне иш кылам дечү элеңиз жана учурда эмне менен алектенесиз?
– Балалык кыялдарымдын бирөөсү орундалды деп айта алам. Ал – генерал болуу. Учурда өлкөбүздө чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү менен алектенүүдөмүн.
– Кандай үй-бүлөдө өсүп-чоңойдуңуз? Ата-эне, бир-туугандарыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?
– Атам – Шаршенбай Кулов ыр жазган чыгармачыл адам болгон. 14 жашында республикалык жаштар гезитинин башкы редакторунун орун басарлыгына чейин жеткен. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 38 жашында полковник чининде ден соолугуна байланыштуу пенсияга чыккан. Эс алууга эрте чыкканынын себеби фронттун алдыңкы катарында жүрүп кызмат кылган бир күнү үч күнгө барабар деп эсептелген. Кийин 25 жыл "Интурист" деп аталган уюмду жетектеп жүрдү.
Апам – Сайра. Актрисалык кесипти аркалаган. Балалуу болгон соң бизден бошой албай театрды таштоого аргасыз болуптур. Кыргыз искусствосу менен маданиятынын Москвада өткөн 1-декадасына катышкан. "Ошондо Сталинди жакындан көргөм",- деп айтып, сыймыктанып калчу.
Бир туугандарым боюнча айтсам, бир эжем жана 3 иним бар. Маек башталгандан бери бир туугандарым жөнүндө кеп козгогон жоксуз. Сыягы, алар тууралуу маалыматыңыз жок көрүнөт. Демек, алар мен жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп турган убакта иштериме кийлигишишкен эмес. Бул мен үчүн маанилүү. Өзүм, ата-энем жана бир туугандарым жөнүндө “Ашууда” (“На перевале”) деген китебимде кенен жазгам.
– Балалыгыңызды бактылуу деп эсептейсизби? Көбүнчө кайсы оюндарды ойночу элеңиз?
– Балалыгым бактылуу болгон деп айта алам. Фрунзе шаарында чоңойдум. Мен бала кезде жашаган үйүбүз шаардык стадионго, учурдагы "Спартакка" жакын болчу. Азыр биздин үйдүн ордунда Өкмөт үйү турат. Бала кезимден спортко жакын болушума дал ошол стадиондун жанында жашагандыгым себеп болсо керек.
– Мектепте кандай окугансыз?
– Ачыгын айтсам, мектепте жакшы окуган эмесмин. Жүрүм-турумум деле кубанаарлык эмес болчу. Бирок жогорку окуу жайында бир да "3" деген баа алган жокмун.
– Кесип тандоодо сизге эмне түрткү болгон?
– Коркунучту жеңүү кыялы.
– Биринчи айлык алган күнүңүз эсиңиздеби?
– Ал күн эстен чыкпайт. Биринчи жолу акчаны 14 жашымда иштеп тапкам. Анда Фрунзе атындагы айыл чарба машина курулуш заводунда токардын жардамчысы болчумун. Акчамды апама алпарып бергем. Ал кубанып шифоньер сатып алганы эсимде.
– Сиз үчүн эмне биринчи орунда турат? Жумушпу же үй-бүлөбү?
– Буга минтип жооп берет элем: мен үчүн биринчи орунда үй-бүлө үчүн иштөө турат.
– Жашоодо устатым деп кимди эсептейсиз?
– Атамды.
– Эми жеке жашооңузга токтоло кетсеңиз. Сүйүүгө биринчи жолу качан кабылдыңыз эле? Аялзатында баалаган сапаттарыңыз кайсылар?
– Жеке жашоо боюнча, жакшысы, кээде кеп кылбаган оң. Ал эми аялзатынын эң оболу абийирин таза сактаган, акылдуу, назик, сабырдуу сапаттарын баалайм. Ажаан аялдарды жактырбайм.
– Сүйүү үчүн акылга сыйбаган эрдик жасадыңыз беле?
– Ойлонуп көрсөм, анчалык акылымды жоготконго чейин барбаптырмын. Бирок керек болуп калса, дайым даярмын.
– Балдарыңыз эмне менен алектенишет?
– Улуу кызым турмушка чыккан. Экинчиси Нью-Йорк университетин аяктап келип, учурда Борбор Азиядагы Америка университетинин магистратурасында билим алып жатат. Үчүнчүсү болсо мектепте окуйт. Дагы экөө кичинекей, мектепке да барыша элек.
– Досторуңуз көппү?
– Көп эле болчу. Абакка түшкөнүмдөн кийин азайды.
– Өмүрбек Текебаев жана Курманбек Бакиев менен мамилеңиз кандай?
– Экөө менен тең мамилем жакшы. Сиздин сурооңуздун төркүнүн түшүнүп жатам. Ушул жерде бир нерсени айта кетсем, бизден Батыштын саясатчылары эмнеси менен айырмаланышат? Бизде эгерде сен бирөөнү сындасаң, автоматтык түрдө ал адамдын душманына айланасың. Азырынча жеке мамилелени мамлекеттик иштен бөлүп кароону үйрөнө элекпиз. Башкача айтканда, саясий пикир келишпестикти жеке пикир келишпестик менен чаташтырып алабыз. Аттуу-баштуу кишилердин мындай келишпестиктери өлкө үчүн коркунуч туудурат. Кыргызстандай чакан өлкө үчүн эки эсе кооптуу. Бул жагынан алып караганда израилдиктерден биз көп нерсени үйрөнсөк болот. Аларда шайлоо учурунда канча атаандашуу болбосун, шайлоодон кийин баары бирге өлкөсүнүн өнүгүүсү үчүн иштешет. А биз азырга чейин кимибиз кайсы жерден, кайсы уруудан экенибизди сураган деңгээлден чыга элекпиз.
– Убакыт таап, кызыктуу маек куруп бергениңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик.
КАЧАН АКЫРКЫ ЖОЛУ?..
– Кайсы китепти окуп чыктыңыз?
– Түштүк Кореянын президенти Ли Мен Бактын “Кереметтер болбойт” деген эскерүүлөрүн.
– Көчөдө мушташтыңыз эле?
– Эсимде жок.
– Мас болдуңуз эле?
– Аз ичем.
– Эмне сатып алдыңыз?
– Өткөн жумада кыздарыма оюнчук сатып алдым.
– Карыларга жолдон өткөнгө жардам бердиңиз эле?
– Мүмкүнчүлүк болгон эмес.
– Бийледиңиз?
– Кечээ кичүү кызым менен.
– Сүйүүңүздү билдирдиңиз?
– Кечээ билдирдим.
– Уюлдук телефондон СМС жаздыңыз?
– Бир нече жума болуп калды го...
– Таң калдыңыз эле?
– Сиздин суроолоруңуз таң калтырды.
– Карызга акча сурадыңыз эле?
– Былтыр.
– Тамак жасадыңыз?
– Көп жыл болду.
– Сыйындыңыз?
– Жаратканга күндө ыраазычылыгымды билдирип, сыйынып турам.
Базарбек Абдураимов
koom@super.kg
Сүрөттөр Ф.Куловдун жеке архивинен алынды.