SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы “Күнсереп” рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

21-июль:
ӨЗБЕК ЫРЧЫСЫ «АЗИЯ MIX» КОМАНДАСЫНДАГЫ ЖЕҢИШИ ҮЧҮН ЖАЗАЛАНДЫБЫ?

Өзбекстандын шоу-бизнес тармагын тескеген «Узбекнаво» эстрадалык бирикмеси эл аралык жарыштарга Кыргыз Республикасынын атынан катышып жүргөн «Азия MIX» КВН командасынын мүчөсү, ырчы Ситора Фармонованы жана дагы 2 ырчыны лицензиясынан ажыратты. Уюм мындай чечимин «артисттер лицензиялык келишимдин талаптарын бузушту» деп түшүндүргөн. Конкреттүү түрдө кайсы талаптар бузулганы айтылган жок. Ситора өзү лицензиясынын мөөнөтү бүткөнүн, жаңысын алууга документ жибергенин айтууда.
Ситора Фармонова өлкөбүздүн «Азия MIX» КВН командасында Өзбекстандын өкүлү катары оюн көрсөтүп келет. Соңку жылдары команда эл аралык жарыштарда ийгилик багынтуу үстүндө. 2015-жылы КВНдин Жогорку Лигасынын финалына чейин жетсе, 2016-жылдын 15-17-июль күндөрү өткөн «Голосящий КиВиН-2016» фестивалында жеңүүчү аталды. Бул ийгиликтер коңшу өлкө үчүн жагымсыз болдубу же Ситора Фармонованы башка өлкөнүн кызыкчылыгын көздөгөн адам катары көрүп жатышабы, белгисиз. Ситора Фармонованын ырчылык лицензиядан ажыратуу менен «жазаланганын» уккан Кыргыз жериндеги күйөрмандары аны колдоо иретинде акция башташты. Интернетте социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында ага Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүүнү сунуштап президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасагандар чыкты. Өлкө башчысы аталган КВН командасынын иштери менен дайыма кабардар жана колдоо көрсөтүп келет. 2013-жылы команда мүчөлөрүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында атайын кабыл алып, командага колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирсе, 2015-жылы командага президенттин атынан 1 миллион сомдук сертификат тапшырылган. 2016-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын атын эл аралык аренада таанытып жатканы үчүн команда капитаны Эльдияр Кененсаровдун энеси сыйланды. Жакында, 18-июлда команданы «Голосящий КиВиН-2016» фестивалындагы жеңиши менен куттуктап: "Кыргыздар ар бирибиз чыдамсыздык менен КВНдеги өзүбүздүн жылдыздарыбыздын чыгышын күтүп, силерге боор тартып, сыймыктанабыз. Силердин чыгармачылыгыңар жана силердин жеңишиңер мекениңерге керек»,- деди президент. Андыктан Ситора Фармоновада башка өлкөдөн көмөк издөө зарылчылыгы жаралса, биздин өлкөдөн мындай жардам болоруна ишенүүгө болот.
Өзбекстанда 2015-жылдын июль айында 4 ырчы лицензиясынан ажыраган. Ошондо «Узбекнаво» бирикмесинен: «Артисттер үйүндө каалагандай жүрө беришсин, бирок эл алдына чыкканда улуттук баалуулуктарга урмат менен мамиле кылуулары керек»,- деп билдиришкен. Кыскасы, коңшу өлкөдө шоу-бизнес өкүлдөрүнө мамлекеттик көзөмөл күч.

22-июль:
КОЛ ЧАТЫР КӨТӨРТӨМ ДЕП КООМЧУЛУКТУН КААРЫНА КАЛГАН ПРОКУРОР КЫЗМАТЫНАН КОЛ ЖУУДУ

Кол чатыр чуусу менен көпчүлүккө таанымал Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманкулов кызматтан алынды. Башкы прокуратурадан «прокурор өз каалоосу менен жазган арыздын негизинде иштен алынды» деп билдиришти. Кызматтан кетүү себебин түшүндүрүп прокуратура да, прокурор өзү да комментарий берген жок.
2016-жылдын май айында Чүй облусунун 90 жылдык мааракеси белгиленип жаткан жерде прокурор Сулайманкулов бирөөгө кол чатыр карматып, өзү эки колун артына алып турган сүрөтү интернетке тарап, чиновниктердин мындай бай-манаптык жоруктары коомчулук тарабынан катуу сындалган. Бул талкуулар президент Алмазбек Атамбаевге чейин жетип, өлкө жетекчиси быйылкы жылдын июнь айында мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктоодо кыргыз чиновниктеринин бай-манаптык жоруктарын сындап өткөн эле. «Мамлекеттик кызмат – элге кызмат кылуу, муну унутуп койгон айрым жогорку кызматтагы чиновниктердин бай-манаптык кылык-жоруктары коомубузда терс бааланып жатат. Эл алардын жупуну болушун талап кылууда, бул адилеттүү доомат. Алдыбызда мамлекеттик кызматкерлердин моралдык-этикалык сапаттарын жакшыртууга багытталган кадрлар менен иштөөнүн жаңы системин ишке ашыруу иштери күтүп турат»,- деген президент. Мамлекеттик кызматкерлердин моралдык-этикалык сапаттарын жакшыртуу ошентип Сулайманкуловдун кызматтан алынышы менен старт алды көрүнөт. Башкаларга үлгү, эскертүү катары...
Быйылкы жылдын май айында Нарымбаев-Коркмазов окуясы боюнча соттук отурумда күбө катары көрсөтмө берген депутат Өмүрбек Текебаев ишти иликтеген тергөөчү шалаакылык кылганын, окуяда аты аталган Ольга Плотникова боюнча маалыматты серверден прокурорлор эмес, өзү таап чыкканын айтып прокуратура өкүлдөрүнө күнөө койгон. Бул учурда мамлекеттик айыптоочу Нурлан Сулайманкулов Текебаевге Кылмыш-процессуалдык кодексинин кайсы нормасынын негизинде парламенттин маалымат бөлүмүн тинтүүгө алганын сурап кайрылган. "Ата Мекендин" лидери: «Мен депутатмын, мен сиздин Кылмыш-процессуалдык кодексиңиз менен эмес, Конституция, депутаттын статусу жөнүндө мыйзамдар менен иштейм. Ал күнү мен сиз, сиздин Кылмыш-процессуалдык кодексиңиз жөнүндө ойлонгон да эмесмин!»- деп жооп узаткан.
Сөзүнүн аягында Текебаев бул кылмыш иши боюнча прокуратура өкүлдөрү өздөрү жооп берип калышы мүмкүн экенин айтып, аларга «эмитен даяр болгула» деп эскертүү кылган. Негизи, «ата мекенчилер» Нарымбаев бир адамдын көрсөтмөсү менен гана айыпталып жатканын, анын камалышына негизги илинчек болгон фактынын бурмаланганын айтып келишет. Аталган прокурордун Нарымбаев-Коркмазов боюнча иши Ак үйдөгү кимдир бирөөлөргө жакпай калып, кол чатыр окуясы аны кызматтан кетирүүгө жакшы шылтоо болуп бериши да мүмкүн. Болбосо майлуу-сүттүү кызматтан олуттуу күнөөсү жок баш тарткан чиновниктер Кыргыз жеринде жокко эсе. Кызмат үчүн тырмышып, андан кол жууп калса оппозиция тарапка өтүп кетмей адаты жакшы өнүккөн...

25-июль:
БООМДО ДААРАТКАНАЛАР ОҢДОЛГУЧА КӨЛДӨ ТУРИСТТИК СЕЗОН БҮТӨТ

Бишкек-Каракол трассасынын боюндагы дааратканалар кеч болсо да оңдолмой болду. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асхат Акибаев 24-июлда Боом капчыгайындагы кафелердин ээлери менен жолугушуп, Ысык-Көлгө келген чет элдик туристтер кафелердин тейлөөсү менен дааратканалардын абалы начардыгын айтып жатышканын белгиледи. «Быйыл биздин аймакта ири масштабдуу иш-чаралар өтөт, ага ылайык, тейлөө жогорку деңгээлде болушу керек. Аймактын жакшы имиджи жана туристтик багыттын өнүгүүсү баарыбыздан көз каранды. Ажатканалардын абалын өзүнчө айта кетиш керек. Кыргыздар илгертен "эшигин көрүп, төрүнө өт" деп айтып келишкен, андыктан Ысык-Көлгө бара жаткан туристтер алгач коомдук тамактануучу жайларга жана ажатканага көңүл бурушат»,- деди облус башчы. Ал эми кафелердин ээлери даараткана көйгөйүн 1 айдын ичинде чечүүгө сөз беришти. Август айы кирип келди, дааратканаларды оңдоп бүткүчө сентябрь келип, жайкы туристтик сезон эшигин жабат. Жылдын башында бул кызматка келген облус башчынын эми гана шымалана киришкен деми жок дегенде туристтик сезон башталганга чейин ойгонсо болбойт беле?..

26-июль:
ММК, СОЦТАРМАКТАГЫ «МИТИНГДЕР» БИЙЛИКТИ ИЙГЕ КЕЛТИРДИ
Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкектин борбордук бөлүгүн эски курулуштардан тазалоо боюнча демилгелеген мыйзам долбоорун артка чакыртып алды.
Ошентип, шаардын борбордук бөлүгүндө 1996-жылга чейин курулган курулуштарды мэриянын балансына алып коюп, ээсине компенсация төлөп берүү тууралуу мыйзам долбоору актуалдуулугун жоготту. Мыйзам демилгеленген күндөн тарта социалдык тармактарда кызуу талкууланып, көпчүлүк "Ата Мекендин" лидерин "карапайым калктын мүлкүн күчтөп тартып алганы жатат" деп сындап келишти. Долбоордун артка кайтарылышы – эл митинг, көтөрүлүшсүз эле өзүнүн таламын талашса болорун, ал эми бийлик эл менен эсептешерин көрсөттү. Бул демократиянын белгиси. Көчөлөрдө болбогону менен, "митингдер" жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда болду. Жыйынтыгы – элдин үнү бийликке жетти.

27-июль:
ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯ ДАГЫ КЫМБАТТАЙБЫ?

Тажикстан быйыл Кыргыз Республикасына электр энергиясын бере албайт. Аталган өлкөнүн энергетика жана суу ресурстары министри Усмонали Усмонзода Тажикстандын өнөр жай ишканаларында электр энергиясына муктаждык күч экенин айтып, коңшулар сураган 2 миллиард киловатт-саат электр жарыгы артпай турганын билдирди. Тажикстандык ММКлар ушундай маалымат таратышты. Кыргыз өкмөтү «Токтогул суу сактагычында сууну максималдуу топтоо максатында» деген жүйө менен быйылкы кышта Тажикстандан кошумча электр энергиясын алып, кайра жай айларында кайтарып берүү жолун карап жаткан.
Быйылкы жылдын июнунда Казакстанда сугат сууну Кыргыз өлкөсүнөн эмес, Тажикстандан алуу сунушу киргизилген. Казакстандын биринчи вице-премьери Бакытжан Сагинтаев тажиктерден суу алып Өзбекстан менен бөлүшүп алуу боюнча Ташкентте сүйлөшүү жүргөнүн ачыктаган. «Тажиктер «бизден электр энергиясын сатып алып турсаңар, кыргыздар менен байланышпай койсоңор деле болот, сууну биз өзүбүздөн коё беребиз» дешти. Ошондуктан схеманы иштеп чыгуу боюнча Энергетика министрлигине тапшырма бердик», - деген Казакстандын биринчи вице-премьери. Андыктан, Тажикстандын «электр энергиясы өзүбүзгө керек» дегени жөн гана шылтоо болушу мүмкүн. Кыргыз мамлекетинин вице-премьери Олег Панкратов электр энергия жаатында Казакстан менен Тажикстандын сүйлөшүүлөрүнөн кыргыз өкмөтү кабардар эместигин айткан. Эгерде Казакстан Кыргыз өлкөсүнөн суу алып, ордуна электр энергиясын берүү кызматташтыгынан баш тартса, кыргыз тарапка залакасы тийбей турганын кошумчалаган эле. Кыргыз мамлекети мурунку жылдарда Казакстан менен Тажикстандан кошумча электр кубатын сатып алууга аргасыз болгон. Быйыл да сатып алары күтүлүп жаткан. Эгерде Тажикстан кыргыз тарапка сатуудан баш тартса, анда кыргыз өкмөтү Казакстанды жалгыз вариант катары карап калышы ыктымал. 2014-жылдагыдай шартта электр энергиясы алынса, анда импорттун эсебинен кыргызстандыктар пайдаланган электр энергиясынын тарифи кайра жогорулашы мүмкүн.

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 717, 29-июль-04-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан