Ырчы жаңы ыр жаздырбай, клип тарттырбай калса эле чыгармачылыктан алыстап кеткендей туюлат. Чолпонай да көптөн бери сахнадан гана эмес, чыгармачыл инсандардын арасынан да көрүнбөй калган. Минтип бүгүн андан кабар алып, сиз күткөн суроолорго жооп алып кайттык.
– Салам, Чолпонай! Ырчылыктан алыстап, алып баруучулукка, актрисалыкка ооп кеткендейсиң?
– Саламатсыздарбы? Ооба, учурда телеканалдардын биринде таңкы көрсөтүүнү алып барам. Акчанын артынан кууп тойдо ырдагандан көрө, эфир аркылуу эл менен баарлашуу мага көбүрөөк жагат. Ал эми ырчылык – бул менин хоббим. Негизи мен чыгармачылыктын кайсы тармагынан ырахат алсам, ошол жакка ооп кете берем. "До+Фа", "Одноклассники" тасмаларынан кийин азыр "Экарекордс" жана "Акнур фильм" студиясы менен биргеликте жаңы тасма тартып баштадык. Аталган тасманын аткаруучу продюсери жана коммерциялык директору болгонума карабай сценарийин жазышып, тартуу иштерине жардам берип чуркап жүрөм. Башкы ролду жаратуудан өзүм баш тарттым. Анткени жоош кыздын образын ойноо мени анча кызыктырган жок. Андан көрө экинчи пландагы "стерва" кыздын образын жаратууну туура көрдүм.
– Жакшы жаңылыгың бар экен. Эл арасында "Чолпонай ырдаганга караганда рэпти жакшы окуйт" деген ойлор айтылып келет...
– Бул да болсо "Ак шоолада" ырдаганымдын пайдасы. Ал жакта ырдап жүрүп үнүм тарбияланган, дикциям жакшы. Ошондуктан эч кыйналбай рэп окуй алам. Башка ырчыларга окшоп ай сайын ыр жазышым керек, клип тарттырышым керек деп тытынбайм.
– Аздыр-көптүр эл оозуна алынып, Чолпонай деген ысымың элге таанылды, бул деңгээлге жетиш үчүн кандай кыйынчылыктарды басып өттүң?
– "Кылым" тобун түзгөндө же акчабыз, же продюсерибиз жок аябай кыйналганыбыз эсимде. Популярдуу болсок деп тытынбасак деле ырларыбыз эл оозуна алынып кеткен. Кийин баарыбыз жогорку окуу жайларына тапшырабыз деп тарап кеттик. Анан мен ырдаганды сагынып, кайрадан ырдап чыгуу үчүн Эка (Эрнест Уметалиев) экөөбүз көптөгөн кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Шоу-бизнесте бай болушуң керек же продюсериң эң мыкты болушу кажет. Мыкты деген сөз теле-радиодо иштеш керек дегенди түшүндүрөт. Анан да бул чөйрөдө ордуңду табуу үчүн кошомат кылганды жакшы өздөштүрүшүң керек болот. Эка экөөбүздө андай ресурстар жок болгондуктан, көптөгөн кемсинтүүлөргө дуушар болгонбуз. Жадакалса "Чолпонай "Кылымды" таратып салып өзү ырдап жатат" деген сөздөрдү чыгарышкан. Анын баары артта калып, азыр Эка Кыргызстандагы №1-үн жазуучу режиссёр. Мен да өз ордумду таптым, убагында бизди кемсинткендердин бизге болгон мамилеси азыр такыр башкача.
– Байкашымча, шоу чөйрөдөн көңүлүң калгандай...
– Биз бул чөйрөдөн алыс болгонго аракет кылабыз. Анткени ал жактан чыныгы достукту таба албайсың. Албетте, баары жаман дегенден алысмын, бирок көпчүлүгү өз кызыкчылыгы үчүн достошушат. Жолукканда бири-бирин укмуш макташып, тим эле бир туугандай болуп кетишет да, ары басканда артынан суу куюшкандарын көрүп эле жүрөм. Мен да башында дос күтүп, 1-2 жолу күйдүм. Бул чөйрөгө ырчылар алгач жаңы туулган баладай таптаза болуп келип, эки жылда такыр башкача болуп өзгөрүшөт. Баары менен сый мамиледемин. "Бизге кошулбайт" дешет экен. Мен концерттик долбоорлорго гана барам. Күнүгө кафелеп шеринелеп жүрүүгө кызыкпайм. Бул нерсе кыйынбыз дегенди туюндурбайт, интригадан алыс болуунун бир жолу.
– Жогоруда "тойдо ырдагандан көрө эфирге чыккан маанилүү" деп калдың. Бирок тойдон жакшы каражат таап жатышпайбы?
– Тойлорго азыраак чыгам. Эки тойдон тапкан акчам мага жетет. Күйөөсү бай, акчасы көп, анан тойлорго да чыгып көп акча тапкан, ач көздөнүп интернет баракчасынан арзан буюмдарды жарнамалап акча тапканга аракет кылган ырчыларды түшүнбөйм. Тойго чакырсын деп тамадаларга жагалданып достошушат. Тапканыбызга топук кылып, акчанын артынан куубагандыгыбыз – бул да болсо Гүлмира эженин тарбиясы.
– Чолпонай, азыркы берген жообуңдан улам ойлонуп кеттим, ырчы болбосоң ким болмоксуң?
– Археолог болмокмун. Чет өлкөдөн билим алып келип Кыргызстандын ар бир тоо-ташын, кумун изилдеп чыкмакмын деп ойлойм.
– Көпчүлүк адамдар "депутат болсом өлкөмдү гүлдөтмөкмүн, министр болгонумда элдин жашоосун оңдомокмун" деп айтышат. Сен кантип салым кошор элең?
– Кыргызстанда саясатчылар аябай көп. Аларга караганда чыгармачыл инсандар кыбырап жатып элге пайдалуу бир нерсе жасай алышат. Буюрса, жакында көптөн бери көкүрөгүмдө кайнап келе жаткан бир идеямды ишке ашыруунун алдында турабыз. Эка президентибиз Алмазбек Атамбаевдин ырларын жаздыруу учурунда ал киши менен сүйлөшүп калган экен. Ал "До+Фа" тасмасын көрүп жактырганын, дагы долбоорлор болсо колдоорун айтыптыр. Эканын ата-энеси Турдубек Чокиев агай, Гүлмира Эсенгулова эжей үчөөбүз менин идеямдын сценарийин жазып президентке алып барсак жактырып, тарых жана маданият жылына карата колдоо көрсөтүп, өзү каржылаарын билдирди. Август айында ишке аша турган бул долбоордо башкы продюсер катары өзүмдү сынаганы жатам. Кыргызстанда биринчи жолу балдарга арналган музыкалык жомок тасма тартылмакчы. Бул коммерциялык долбоор эмес, биз мындан эч кандай акча таппайбыз. Балдарга жана чоңдорго болгон белегибиз болот.
– Тилегиң ишке ашсын! Маегиңе рахмат.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg