ОРУСИЯНЫ ОЙГО САЛГАН ОЛИМПИАДА

Бразилия Түштүк Америкада биринчи жолу Жайкы Олимпиада оюндарын тосуп алчу мамлекет болот. Учурда Рио-де-Жанейро шаарына 200дөн ашуун мамлекеттин спортчулары аттанып жаткан кези. Олимпиадага жаңы кошулган спорт түрлөрү, допинг чырлар, оюндардын белгилүү катышуучулары жана башка кызыктары менен тааныштырабыз.

РЕКОРДЧУЛАР ЧАМДАЙТ

Усэйн Болт

21 жашында "Олимпиада-2008" оюндарында бардык катышкан жарыштарында алтын жыйнаган, 25 жашында Лондондо дагы 3 жолу биринчиликти багынткан Усэйн Болт 29га чыкты. Дагы да болсо дүйнөдө андан күлүк спортчу чыга элек. Болттун кезектеги Олимпиадасында жеңиш жаңсоосун көрөбүзбү же жокпу, чогуу байкайбыз.


Неймар

Бразилия кайсы спорт түрүндө мыкты экендигин көпчүлүк билет. 23 жашка чейинки курактагылардан турган курама командалар гана ойносо да, өлкө үчүн футбол боюнча мелдеште биринчи орунду ээлеши абдан маанилүү. Себеби 2014-жылкы жыйынтык эч кимдин эсинен кете элек. Бул үчүн "Барселона" командасынын жылдызы Неймар курамга чакырылды. Ал Олимпиада үчүн Америка кубогуна катышуудан баш тарткан. Башкы машыктыруучу Рожерио Микаленин шакирттеринин башкы атаандаштары катары Аргентина жана Германия саналууда.


Майкл Фелпс

18 жолку Олимпиада чемпиону Майкл Фелпс сууда сүзүүдөн тажай элек. "Лондон-2012" оюндарынан соң спорттон кетем деп жар салган 31 жаштагы суучул кайрадан Олимпиадага барат. Тирүү легендага айланган америкалык суучул "өз тажрыйбам менен бөлүшүп, командама жардам берем" дегени менен, алтын медалдын башкы талапкери.


КӨЙГӨЙЛӨРҮ

Зика вирусу

2015-жылдын май айында Бразилияда катталган Зика вирусу абдан кооптуу болгондуктан убагында эксперттер Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна Олимпиаданы башка жакта өткөрүү боюнча кат жолдошкон. Бул вирус тропиктик чымын-чиркейлердин чагуусу же жыныстык катнаш аркылуу жугуп, денени жеңил калтыратма басып, кызыл темгилдер менен коштолот. Азыркыга чейин бул вируска каршы дары же вакцина табыла элек. Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул вирус эпидемиясынын жайылуу мезгили тарагандыгы жана катуу чараларды колдонуу азырынча керек эместигин билдиришкен. Жер жүзүнүн ар тарабынан келген спортчу жана күйөрмандардын келиши менен бул вирустун дүйнө жүзүнө тарап кетүү коркунучу башкы маселе бойдон калууда.

Туруксуз бийлик

2010-жылы өлкөдө биринчи жолу аял президент Дилма Русеф шайланып, 4 жылдан соң ыйгарым укугу дагы уланган. Ушул жылы эле ага коррупциялык иштерге байланышы бар деген айып тагылып, 2016-жылдын 12-майында өлкө башчысына импичмент жарыяланган. Жыйынтыгында Дилма Русеф 180 күнгө жумушунан айдалып, өлкөнү вице-президент Мишел Темер башкарууда. Бул Олимпиада оюндарын расмий түрдө Бразилиянын вице-президенти ачары күтүлүүдө. Муну менен катар бийликтин туруксуздугунан улам өлкөдө экономикалык-социалдык абал курчуганы менен, бразилиялыктар Олимпиаданы татыктуу өткөрүп алууну көздөшүүдө.

Гуанабара булуңу

Сууда өтчү спорт түрлөрү боюнча мелдештер Гуанабара булуңунда өтөт. Бул жайга Рио шаарынын фавелаларынын (кедейлер жашаган аймак) калдыктары төгүлүп, суунун тазалыгы суроо жаратып келген. Буга чейин аталган булуңдан окумуштуулар адам өмүрүнө коркунуч туудурган бактерияларды таап чыгышса, балыктардын кырылышы кадимки көрүнүш болуп калган. Шаар бийлиги суу оюндарга чейин тазаланарын, суучул, триатлон жана яхтсмендер кам санабай эле даярдана беришсе болорун билдирди.

Допинг чыры

"Рио-2016" оюндары баштала элек жатып ызы-чуулуу окуяларга малынды. Мында башкы ролдо Орусия жана Эл аралык Олимпиада комитети. Алсак, көпчүлүк спортчуларынын допинг (мельдоний) колдонуу фактылары ачыкка чыккандыктан бир катар спорттук уюмдар Орусиянын жалпы командасын Олимпиадага катыштырбоо аракетин көрүшкөн. Томас Бах жетектеген Эл аралык Олимпиада комитети 24-июлда допингге тиешеси бар гана спортчулар Олимпиадага барбай тургандыгы тууралуу чечим чыгарды. Жыйынтыгында Орусиянын оор атлетика боюнча жалпы командасы, сууда сүзүү, байдарка менен жарышуу жана велоспорттогу бир катар спортчулары катышпай турган болду. Ошондой эле Елена Исинбаева баш болгон 67 жеңил атлетика спортунун өкүлдөрү бул оюндарды сыналгыдан көрүүгө мажбур. Учурда Олимпиадага катышпай турган орус спортчуларынын саны 125ке жакындады.

Коопсуздук биринчи орунда

22-июль күнү Бразилияда Олимпиадада теракт жасоого даярданып жатышкан деген шек менен 10 адам колго түшүрүлгөн. Өлкө башчысынын милдетин аткарып жаткан Мишел Темердин билдирүүсү боюнча, оюндар учурунда өлкөдө тартип сактоо күчөтүлөт. Буга 100 миңге жакын аскер жана полиция кызматкерлери тартылып коопсуздукту сактоо биринчи орунда.
206 өлкөнүн 10 000 ден ашык спортчулары катышары күтүлүп жатат.

XXXI ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНДА ЭМНЕЛЕР КҮТҮЛҮҮДӨ?

Олимпиада оюндары 5-августтан 21-августка дейре өтөт. Бул убакыт Түштүк Америкада кыш мезгили, Риодогу абанын температурасы
18-25 °С болору күтүлүүдө.



42 спорт түрү боюнча 4924 медаль ойнотулат.


Оюндарды өткөрүүдө жалпы 140 миң адам кол кабыш кылса, алардын 50 миңдейи ыктыярчылар.


Олимпиаданын жаңы спорт түрү катары регби кирет. Ошондой эле 112 жыл тыныгуудан кийин гольф спорту Риодо ойнотулат.


Олимпиаданын салтанаттуу ачылыш аземи белгилүү "Маракана" стадионунда болот.


Мелдештер 4 олимпиадалык объектте өтөт: Деодоро, Барра, Копакабана жана Маракана.

БИРИНЧИ ЖОЛУ

Косово жана Түштүк Судан өлкөлөрүнүн спортчулары жана качкын статусуна ээ болгон спортчулар катышат.

ОЛИМПИАДАГА ЭҢ КӨП СПОРТЧУ ЖИБЕРГЕН ӨЛКӨЛӨР

АКШ курамында
– 555
Бразилия – 462
Германия – 425
Кытай – 416
Орусия – 266
Кыргызстан – 19

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
RIO2016
2016-08-08 10:33:26
4924 медалдан бизге 4 эле медаль тийсе жетет эле ...
+8
nokia96
2016-08-09 12:38:14
RIO2016,19 алтын медаль тийсе болсо андан да жакшы болмок)))))
0
MIRBOLOT
2016-08-15 07:30:15
Мен медалды А.Тыныбековадан күтөм.
0
№ 718, 05-август-11-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан