(Башталышы өткөн сандарда)
– Садагаң болоюндар, бактылуу болгула!- уулун жандаган кызга Зууранын көзү тойбой турду. Ушунчалык сулуу көрүнүп жатты. А жылмайганычы? Той өткөрүп, көпчүлүккө болочоктогу келинин көрсөтүп мактангысы келди. Бактысы арта түштү. Жанарлар айылда бир нече күн жүрүп эле артка кайтышты.
ххх
– Мен сени жеткирип коюп өзүмдүн үйүмө барайын, ээ?
– Эмнеге
– Билбейм. Ошондой туура болот го деп ойлоп жатам. Үйлөнгөнчө ушинтип турайын...
– Жок. Жанымдан чыкпа! Мен корком сен жок. Жүр, андан көрө чогуу эле сенин үйүңө барабыз. Эсиңдеби, ал жакта биздин эң таттуу күндөрүбүз өткөн...- Арууке Жанардын колун бекем кармап алды. Экөө Бишкектин чет жакасындагы жаңы конуштагы жигиттин үйүнө бет алышты...
ххх
– Убакыт машинасын таап алгандай эле болуп жатам... Артка кайтып, кайра баары башынан башталгандай. Мм, бул үйдө сонун күндөр өткөн. Кыштын узун түндөрүндө плед оронуп алып кино көрчүбүз. Кар киши жасачубуз. Ойночубуз... Анан кечке кучакташып алып уктай берет элек...
– А мен сенсиз калганда жинди болуп калайын дегем. Ким билет, ичкич деле болуп кетмек белем? Сагынганда сенин кызыл свитериңди алып жыттап, бакырып-өкүрүп ыйлай берчүмүн...
– Ал дале сенде барбы, кызыл свитер?
– Ооба, сумкамда. Аны дайыма жанымда алып жүрчүмүн...
– Мен эми сенин жаныңдан эч кайда кетпейм!- кыздын көздөрү жашка толо түшүп, жигитинин моюнуна асылды.
ххх
– Апа, биз келдик,- Арууке өз ачкычы менен эшикти ачып кирип келди. Анын артынан бир-эки сумка көтөрүп Жанар да үйгө баш бакты.
– Апа-аа...- кыздын үнү чочугандай чыкты. Жигит Аруукенин корккон көз карашынын себебин түшүнө албай, ашкана тарапка кадам шилтеди. Ал жакта Кадыр менен Калиянын жанында аларга эле жашташ аял-эркек отурган. Жанар аларды тааный берген жок. Бул Мурат менен Маржан болчу. Кыздын деми кысылып, кылар айласын таппай калды.
– Кызым, коркпо! Суранам! Биз баарын түшүндүрүп бергенге келдик,- деди Маржан жалооруй. Мурат кыздын көздөрүн тик багып карай албай койду. Кыязы алардын келгенине көп болгон окшойт, Кадыр менен Калия эбак алар менен баарлашып, чындыкты угуп алышкандай.
– Жанар, мүмкүн болсо, мен Арууке экөөңөр менен өзүнчө сүйлөшө аламбы?- Мурат Жанарга карап сүйлөдү.
– Сиз кимсиз?!
– Мен Муратмын... Джинин атасы...- муну укканда жигиттин ачуусу келип кетти. "Буга эмне керек?! Эмнени баштаган турат?! Көрсөткөн азабы аз болдубу?!" Желкесинен сүйрөп чыгарып салгысы келди. Бирок кыз да, жигит да Мураттын колунда чиеленген табышмактын жандырмагы бар экенин сезип турушту.
– Жүрүгүлө, биз бул бөлмөгө кирели,- Мурат Аруукенин бөлмөсүн көздөй кол жаңсады.
– Жанар, биз угуп көрүшүбүз керек,- кыз чечкиндүү түрдө жигитин колдон алды. Үчөө ээрчише Аруукенин бөлмөсүнө кирип, эшикти жабышты.
Төрдөгү отургучтан орун алган Мурат чарчай түшкөндөй...
– Билбейм, мени соттотуп жибересиңерби же өлтүрүп саласыңарбы... Өзүңөрдүн эркиңер. Мен адамдык сапаттан төмөн нерселерди жасадым... Аны билем. Бирок баарынан мурун мени угуп койгула, колуңардан келсе түшүнгөнгө аракет кылгыла!
Мен дүйнөдө Маржан үчүн гана жашаган адаммын. Кээде ушу Маржанымды мен аны төрөп, өстүргөн ата-энесинен да алда канча жакшы көрсөм керек деп ойлоп кетем. Ооба, менин Маржанга болгон сүйүүм акмакчылыкка да окшошуп кетет. Ооба, менин сүйүүм өзүмчүл, жинди, таш боор сүйүү... Көрсө, ушундай да болот экен. Баарын башынан айтып берейинчи... Антпесе мен кылыктарымды кантип актаарымды билбей турам. Бирок билип койгула, канчалык акылсыз угулса да, бардык жамандыкты да, жакшылыкты да мен сүйүү үчүн кылып келе жатам. Арууке, сага жасаган карасанатайлыгым да сүйүү үчүн жасалган...
Акыл-эсиме кирип калган чакта мен эч кимге керексиз экенимди түшүнгөм. Ананчы, жадакалса менден ата-энем да жүзүн буруп кеткен. Балдар үйүндө чоңойдум. Өз ата-энемдин ким экенин да билбейм. Адамбаев деген фамилияны мен өзүм ойлоп таап койгом... Эч кандай Адамбай деген чоң атам да болгон эмес. Адам болоюн, анан бай болоюн деген тилектин чечмелениши болчу.
Балдар үйүндө тарбияланып жүрүп эс тартып калган чакта мен жашоодо күчтүүлөр гана алдыга озуп чыгарын, күчтүүлөрдөн гана коркушарын, күчтүүлөрдү гана сыйлашарын билдим. Ортозаарлар ошол ортозаар боюнча эле калышат. Ал эми алсыздарды баары тебелешет.
Мен алсыз эмес болчумун. Курдаштарым өздөрүнө бөлүнгөн нанды чоңдорго тарттырып жиберип ачка отуруп калган убакта, мен жан алым калбай мушташып, тиштешип, тажаалданып жатып ошол нан үчүн да бирөөнү таш менен башын жарып жибергенден кайра тартпай, өз ырыскымды башкага алдырчу эмесмин. Менин ит кыялым үчүн өзүм курактуулар эле эмес, өзүмдөн улуулар да сестенип турушар эле. Бирөөнү аёо деген жок болчу, ашынган мыкаачы элем...
(Уландысы кийинки санда)
Марат Жанбараков