ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Отузга чейин санадым да, күрөктү алып дубалды катуу ургулап коюп, шалылар салынган каптардын түбүнө бекинип калдым. Сакчылар чуркап келип эшиктин түбүндө мени тыңшап калышты эле, баклажканын бирөөсү жарылды. Сырттан сакчылардын бакырган үнү угулду, жарым мүнөттөн кийин экинчи баклажка жарылды, дым болуп калышты. Карасам жарылуу күчү эшикти жулуп ыргытып жибериптир. Эки сакчынын денесине мыктар сайылып, мүрт эле кетишиптир. Шериктеримдин баары шалынын арасына бекинип качышкан окшойт, көрүнбөйт.
Эми тез бул жерден кетиш керек, кармашса соо коюшпайт. Бекиткен жеримден рюкзакты алып чыгып, машинага чуркадым. Машинанын ачкычы жок экен, кайра келип сакчылардын чөнтөктөрүн аңтарып отуруп бирөөсүнүкүнөн таптым. Машинаны от алдырып, аксакал көрүнөбү, коштошуп койсомбу деп карасам, Алим токто дегендей кол булгалап чуркап келе жатыптыр. Эшикти ачсам:
– Чоң атам токтой турсун дейт, биз да сиз менен кетебиз, бизди ала кетет экенсиз,- деп машинанын артына чыгып отуруп алды, артынан аксакал небере кызын ээрчитип келатыптыр. Чуркап келип эле артка неберелерин отургузуп, өзү жаныма отурду:
– Жол менен айдай бер, балам, өзүң кете албайсың. Мен сени үйүңө жөнөтүп келем.
– Эртеңки күнүңүз эмне болот, баары көрбөдүбү сизди?..
– Өмүр бою эртеңки күнүм эмне болот деп коркуп жүрүп ушул күнгө келдим. Айда, балам, убакытты өткөрбөй. Али көп жүрүшүбүз керек.
Мен тоого чейин машина менен барып, андан ары жөө кетем деген элем.
– Жол менен айдай берейинби?
– Айылдардан коркпо, бул машинаны баары тааныйт. Эч ким токтотпойт, мүмкүн болушунча Тажикстанга жакындай беришибиз керек. Кайсы жерден бурушту өзүм айтам.
Жол менен айдап кете бердим. Мазари-Шариф көрүнүп деле калды, аксакал унчукпайт, акыры шаарга он чакырымдай калганда оң жакка кеткен жол бар экен, ошол жакка буруп тоону аралап кеттик. Жол көптөн бери эч ким жүрбөй, каралбай калыптыр. Жолмо-жол эле советтик дат басып чирий баштаган танктар, БТРлер жана башка согуштук техникалар жатат. Кээлери көп турганданбы, жарымынан жерге көмүлүп калган. Аксакал техникаларды көрсөтүп:
– Советтердин танктары, ар жерден сүйрөп келип ушул жакка чогултуп коюшту. Кээде түндө ушулардын жанынан жөө өткөндөргө адамдардын онтогондору, танктын ичинде күйүп кеткен аскерлердин бакыргандары угулат экен...-деп бир нерселерди эстедиби, унчукпай калды. Аксакал көзүмө кичирейип кеткендей көрүндү.
Жолдун аябай эле тамтыгы чыгыптыр, биздин машина түбү бийик, күчтүү болгондуктан гана өтө алды. Бул жол шаарды айланып өтөт экен, шаар бир топ эле артта калыптыр. Ошентип Тажикстан менен Ооганстанды бириктирген чоң жолго чыктык. Бир жагынан сүйүнүп жаттым, бир жагынан коркунуч бар. Чыйылдак билери менен издөө салса, чек арадан кантип өтөм? Аксакалдан сурайын десем, ой басып эле терезени карап кетип баратат, оюн бузгум келбеди. Алдыбызда чокусу ак кар болуп, бийик тоолор көрүнөт, Кыргызстан ошол тоолордун ары жагында эле. Ичимден Кудайлап алгам, чек арадан аман-эсен өтүп алсам экен деп. Баарынан да аксакалга таң калып жаттым, эми каякка барат, жаманбы-жакшыбы тиричилиги өтүп жатты эле го? Бир мен деп өзүнүн эле эмес, неберелеринин да жашоосу эмне болот? Чек арадан өтүп алсак 100 миң доллар берем дедим ичимен.
Бир маалда Кыргызстандын номери тагылган беш КамАЗ көрдүм. Көзүмө ушунчалык жакшы көрүнүп кетти. Айдоочуларын карасам кыргыздар, футболкачан, майкачан болуп алышкан. Ошондо сездим мекенимди сагынганымды, тамагыма бир нерсе туруп калгансып эле кызыктай болдум. Артты карасам Алим уктап калыптыр, эжеси терезени карап уктаганы же ойгоо экени билинбейт паранжыдан.
Аксакал унчукпай келатат, бурула турган жерлерде эле сүйлөп калбаса. Тоолорго келип калдык, капчыгайдын ичи менен жол кетиптир ийри-буйру болуп, бирок тептегиз, машинанын ылдамдыгын жүздөн түшүрбөй келаттым. Аксакалдын эмне ою бар биле албадым, эмне болсо ошо болсун деп айдап кете бердим. Тоонун ичи менен элүү чакырымдай жүргөндөн кийин аксакал сол жакка кичине жол кирип кеткен экен, ошо жакка бур деп, жүз метрдей жүргөндө токтотту.
– Балам, силер ушул жол менен акырындан басып тургула, мен машинаны жолдун аркы бетине айдап барып таштап келейин, бизди азыр издей башташты, машинаны ташташыбыз керек. Мындан ары жөө кетебиз,- деп машинаны кайра артка буруп чоң жолду көздөй айдап кетти. Күүгүм кирип калды, аксакал бизди таппай калбасын деп, көп алыстабай күтүп турдук, тез эле келди.
– Эми тез кетишибиз керек бул жерден, жүрүгүлө,- деп өзү алдыга түшүп сайдын ичи менен жол тарттык. Мен эң артта келаттым, түн кирип капкараңгы болуп калды. Аксакал караңгыда кантип жолду көрүп жатты түшүнбөдүм, бирок ишенимдүү жол баштап кетип баратты. Бир сайга түшөбүз, бир тоого чыгабыз. Аксакал жашына карабай чыйрак экен, деги чарчаганы билинбейт, кызы да унчукпай кете берди, Алим ыйлап алды бир-эки жолу, акыры чарчап баспай калганда артыма көтөрүп алдым эле, уктап калды. Төрт сааттай жүрдүк окшойт, акыры бир чоң дарыяга чыктык. Дарыянын аркы жээгинде айыл бар экен, үйлөрдүн жарыктары көрүнүп турат. Дарыяга 200 метрдей жетпей таштардын арасында дем алып отурдук. Саат түнкү эки болуп калыптыр. Кичине дем алганыбыздан кийин:
– Тур, балам, мага жардам бер, тездебесек болбойт. Кызым, ушул жерден жылбай отургула,- деп, экөөбүз дарыяга бардык. Аксакал бир нерсе издеп сууну бойлоп басып барат да, жердеги таштарды чукулап бир нерсе издеп, таппады окшойт дагы кадамдайт, жарым саат дегенде бир трос зым таап чыкты.
– Кел, балам, жардам бер мага...
Экөөлөп тартсак кайык экен, жээкке чыгарып алдык.

(Уландысы кийинки санда)

Субан Жуманалиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
MES
2016-08-08 09:09:21
Ээ дааагы бир жуму күтмөйбү?
+1
OMURBEK.
2016-08-08 09:15:00
Шумдугун кургур Аяш ава жарайсын
+4
aidinaernur
2016-08-08 09:15:02
Жеттиби ошондо мекенге
+1
barsa30
2016-08-08 10:38:48
чал зынк экенго озуно эле кошуп ал эми .аны олтуруп коюшат кайра келсе.
+2
Shef87
2016-08-08 11:39:30
мультфилим
-1
Zaida
2016-08-08 12:10:56
Дагы бир жума
+1
Bazana
2016-08-08 13:04:51
Таланты куч экен автордун мага оло ушул чыгарма жагат
+1
Nazikbaigazy
2016-08-09 02:02:15
Бул автор йгиликтин баарын озуно ашырып алатго чиркин дагы бир жума
+1
audi80
2016-08-09 07:11:04
кызыйтко чыгарма
+1
jass
2016-08-09 14:39:54
сонун чыгарма менин артыман кууп келаткандай эле боодум окуп буткучо журогум дукулдоп:)
+1
snegurochka11
2016-08-10 09:16:38
Окуп бүткүчө жүрөктөр ойноп кетти го чиркин!!!Аксакал да өзүнө окшош го "шустрый"өзүнчө)))Эсен-аман жетип алышса экен эми...
+1
№ 718, 05-август-11-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан