Амир Кадыров, ди-джей: «АКЫРКЫ ЭФИРИМДЕ УГАРМАНДАР МЕНЕН КОШТОШУП ЖАТЫП ЫЙЛАГАМ»

Амир Кадыров кезинде «XXI кылым» радиосунун алтын үнү эле. 106.5 радиотолкунунан анын коңур үнү жаңырганда айрыкча кыздар жата калып угушчу. Амир мырза аталган радионун түптөлүшүнө салым кошуп, кыргыз рэп ырчыларынын жайылышына алгачкылардан болуп шарт түзгөн инсандардын бири. Акыркы 6 жыл Канадада жашап, иштеп жүргөн ал пландарын ишке ашыруу үчүн кыргыз жерине кайтты.

КААРМАН ТУУРАЛУУ:

– 1983-жылы 18-ноябрда Казакстандын Тараз шаарында туулган.
– Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун чет тилдер факультетин бүтүргөн.
– 2002-2006-жылдары «XXI кылым» радиосунун ди-джейи болуп эмгектенген.
– Бойдок.

– Амир, сизди «XXI кылым» радиосунун ди-джейи катары тааныйбыз, ушул радиону түптөөчүлөрдүн бирисиз. Кептин учун радиого ташталган кадамыңыз тууралуу баштасак...
– Радиого студент кезимде келдим. Анда түз эфирге чыгууга умтулган жаштарга өзүмдүн кызыктуу, өзгөчө программамды тартуулагым келген курагым эле. Ушул кыялдар менен ооруп жүрүп, капысынан «XXI кылым» радиосуна туш болдум. Ал кезде радионун жаңы ачылган кези болчу. Биринчи жолу эфирге чыккан күнүм эсимде. Маңдайыма микрофонду коюп коюшканда эмне кыларымды билбей аябай толкунданган элем. Ошол учурдагы эркин, жаңычылдыкты каалаган жаштардын бири болгонума кубанам. Анткени угармандардан келген жан эргиткен билдирүүлөрдүн көптүгү мени азыктандырып, алдыга умтулганга түрткү берип турчу. Ди-джей болуп иштеген жылдарымды алтын убагым деп эсептейм.

– Кызыктуу окуялар көп болду дедиңиз, алардын бирин эстеп өтпөйсүзбү...
– Ди-джейликте эң биринчи орунда үн турат. Сени эч ким көрбөйт, андыктан эркин сүйлөй аласың. Ошол эле учурда абдан жоопкерчиликтүү жумуш. Ар бир сөз «чыпкаланып», ага акцент жасалат. Буларды айтып жатканымдын себеби бар. Анткени мени үнүм аркылуу гана таанышчу. Көчөгө чыгып сүйлөй баштаганда «бул ким эле?» дегенсип мени карап калышчу (күлүп). Бир жолу нан алганы дүкөнгө кирсем «токтосоңуз, сиз Амир Кадыровсузбу?» деп сураган. Мындай учурда өзүмдү ыңгайсыз сезип уялганым менен, жагымдуу болчу.

– Радиого жаңы келгенде сизге жол көрсөткөн адам болдубу?
– Мен радиого келгенде аталган радионун продюсери Динара Жусаева, Нуркыз Исакова, Рита Мукалаева деген эжелер иштечү. Алгачкы эфирлеримде көп нерселер оңунан чыкпаган учур болгон. Бул айымдар мага камкордук кылып, катуу урушпай, дем берип колдоп турар эле. Аларга терең ыраазычылыгымды билдирем.

– Кыргыз рэп ырчыларынын чыгармаларын алгачкылардан болуп угармандарга жайылткан сиз болдуңуз окшойт...
– Кыргызча хип-хоп радиодо 2003-жылы коюла баштады. Мен продюсер менен сүйлөшүп, «биз хип-хоп багытындагы жаш аткаруучуларга жардам берсек жакшы болот эле» деп сунуштап калдым. Анткени кыргыздын хип-хоп жанрындагы ырлары бир дагы радиодо жаңырбагандыктан ал тууралуу эч ким билчү эмес. Рэп бардык эле радионун форматы эмес болчу. Андыктан биз ошол маалдагы рэп ырчылардын таанылышына мүмкүнчүлүк түзүп бердик. Бул абдан толкунданткан учур болду. Алардын «братан, мен өзүмдү эфирден уктум, супер, сизге рахмат!» деген ыраазычылыктарын көп уктум. Алар үчүн радиодон өзүн угуу бул кыялынын ашкан чеги эле. Кыргыз рэп ырчыларынын чыгармаларын радиодон кайталап кетирип, ар түрдүү иш-чараларды уюштуруп жүрүп хип-хоптун өнүгүшүнө салымымды кошуп, жакшы иш жасадым десем болот.

– Ушундай жакшы иштерди баштап, радиодон 4 жылдан кийин эле кетип калыптырсыз...
– Мен өзүмдү ар түрдүү багытта, чөйрөдө сынап көргүм келет. Бизнесте өзүмдү сынап көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү, ошондуктан радиого да, ишкерчилигиме да бирдей убакыт бөлө албай калдым. Анын үстүнө радионун багыты, жетекчиликтин жүргүзгөн саясаты өзгөрдү. Ди-джей, редактор катары радиону өзүм каалагандай өнүктүрүүгө таасир бербей калдым. Ошентип бардык потенциалымды иш жүзүнө ашырганга тоскоолдуктар болгондуктан радиодон кеттим. Акыркы эфиримде угарман кыздар, балдар чалып «кетпеңизчи» деп суранганы эсимде. Бул абдан жүрөктү козгогон учур болду. Угармандарым менен коштошуп жатып ыйлагам. Анткени ди-джейлик мен үчүн кесип эле эмес, жашоом болуп калган. Ошондон бери менин үнүм бир дагы радиодон жаңырган жок.

– Сагынасызбы?
– Сагынам. Дайыма жумушумду, угармандарымды эстейм. Азыр социалдык тармактан же менин номеримди таап алгандар «Саламатсызбы? Биз сизди укчубуз, анда аябай эле кичинекей болчубуз» деп жазып калышат.

– Азыр кайсы жаатта иштеп жатасыз?
– Акыркы 6 жыл Канадада жашадым. Кыргыз жерине чыгармачылыкка байланыштуу идеямды ишке ашырууга келдим. Бул долбоор сүрөт тарткан, ыр, бий менен алектенген чыгармачыл адамдар үчүн бири-бири менен чогуу иш алып барганга мүмкүнчүлүк түзөт. Экинчи идеям спортко байланыштуу. Кроссфит, футбол, сууда сүзүү сыяктуу спорттун түрлөрү менен машыгып баштаганыма 2 жыл болду. Азыр спорт Бишкекте популярдуу болгонуна байланыштуу мен да бул жаатта иш алып баргым келип жатат. – Ди-джей болуу сунушу түшсө иштейсизби?
– Ди-джей болуп иштеш үчүн болгон убактыңды ошол жумушка арнашың керек. Ошондуктан мындай сунушту кабыл албайм. Продюсер болуп иштемекмин. Себеби мурда жаш ырчылар менен иштешип көргөм. Ал үчүн азырынча бул жакка көнүшүм керек.

– Канаданын менталитети көз карашыңызды өзгөртсө керек?
– Батыш десе эле сөзсүз бузулган жашоону элестетишет. Мен батыш дүйнөсүнүн маданиятынын жакшы элементтерин сиңирип алууга аракет кылдым. Алардан үйрөнчү жакшы нерселер бар.
Мурда жаштар «кыргыз жеринде келечек жок, кетиш керек» дешсе, акыркы 2 жылда алардын бул жакта жашап өскүсү келгенин байкадым. Мына ушул өзгөрүү кайтууга түрткү берип, Канададан алган таасирлер менен бөлүшкүм келди.

– Сиз дагы «кыргыз жеринде келечек жок» деп Канадага кеттиңиз беле?
– Мен башынан эле бөтөн жерде жашагым келчү эмес. Бирок жер кезип саякаттаганды кыялданчумун. Үй-бүлөлүк себептер миграциялык процесстен өтүүгө мажбурлады. Буга эч качан өкүнбөйм. Ал жакта кыймылсыз мүлктү ижарага берген агент болуп иштеп жүрдүм. Досторум жок жалгыз жашагандыктан мекенимди сагындым, темир киши эмесмин да, эмоцияларым бар дегендей. Эч качан мекеним тууралуу ойлогонду унуткан жокмун. Көп жолу Канаданын жарандыгын алууга, үй-бүлө күтүп тамырымды жаюуга аракет кылдым. Бирок ал жактын кыздары бөлөк болгондуктан кыргыз кыздары оюмдан кетпей койду (күлүп).

Амир Кадыров убагында ырчылар менен ынак мамиледе болгонун айтат. Сүрөттө мурунку «Дельмар» тобунун жигиттери, Темир Назаров, Максат Бегалиев, Салкынай Воинова менен.


«XXI кылым» радиосунда иштеген жылдарды алтын убагым деп эсептейм. Ошол кезде иштешкен бардык кесиптештериме ыраазымын».


Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ди-джей Амир Кадыров: “Кыргызстандык кызга үйлөнөм”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Shat.88
2016-08-08 13:02:15
Аиии бул ди джейди,дегеле 21к радиосунун жааматын аябай жакшы коруп калтырбай укчу элем, Нуркыз Исаковадан ла интервью алыныздарчы сураныч,
+1
admin_superstan
2016-08-08 17:24:58
Shat.88, саламатсызбы? Сунуш-сурооӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
daniel87
2016-08-09 01:14:40
Супер инфо дегеле Динара Жусаева менен маек болобу?эмнегедир кээ Бир чыгармачылык инсандар такыр жок ,кээ бирлери суперден тушпойт
+1
admin_superstan
2016-08-09 10:29:11
daniel87, саламатсызбы? Сунуш-сурооӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
gul92
2016-08-14 20:43:31
Молодец!Красавчик
+1
№ 718, 05-август-11-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан