"Кудай буюрса, эмдиги жылы 70 жылдык юбилейимди белгилейм" деген белгилүү ырчы, 100дөн ашык обондун автору, дастанчы Жолболду Алыбаев бизди Ош шаарындагы үйүндө байбичеси Бүсайра менен тосуп алды. Эшик алдында гүлдөр гүлдөп, помидорлор бышып, алмурут шагында ийилет. Үй, короо-жай менен бизди Бүсайра эже тааныштырды.
ҮЙҮ ТУУРАЛУУ:
Жер тилкесинин аянты – 6 сотых Чоң тамы 4, времянкасы 2 бөлмөдөн турат.
Ошондой эле короодо жайкы ашкана, эс алуучу бөлмө бар.
Булардын баарын курууга 4,5 жыл кеткен.
ЧОҢ ТАМ
Бут чечүүчү жай
Уктоочу бөлмө
Чоң зал
– Мында агайыңар эргүүсү келип калганда аккордеонун тартып же комузун чертип үйдү жаңыртып калат. Андайда мен демимди ичиме катып, бутумдун учу менен басып калам.
– Бул бөлмөдө жүк жыйылып, кийимдерибиз турат.
Кичи зал
– Конокторду ушул бөлмөдө тосуп, узатабыз. Жакшы каалоо-тилектер да ушул жерде айтылат. Абышкам 2001-жылы жинди суу менен ажырашкандан бери тостту колубузга кымыз, шире кармап сүйлөп калдык.
Времянка
– Учурда времянкада оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Агайыңар мындай иштерге жок, акыга жасатабыз.
Кошумча бөлмөлөр
Ашкана
– Агайыңар бош кезинде ак көңүлү кармаса дасторкон жасашып, идиш жуушуп, ордуларына коюшуп да жиберет. Бекеринен "алтын абышкам" деп эркелетпейм да.
Жайкы эс алуучу бөлмө
Короодогу гүлдөр
ЧАЙ МАЕК
"АГАЙЫҢАР МЕН ӨЗҮМ САГА БЕЛЕКМИН ДЕЙ БЕРЕТ"
– Агай, бул канчанчы үйүңүздөр?
– Мурун Оштун Черемушка деген аймагында 2 бөлмөлүү үйдө турчу элек. Кийин Эл артисти наамын алган соң Ош мэриясы ушул 6 сотых жерди белек кылды. Анан бул жерге үй салып, тиги үйдү сатып көчүп келгенбиз.
Мен жөнөкөй атактуумун, ушундай жөнөкөй, бирок жан дүйнөмдөй таза үйдө жашайм. Анткени байбичем өтө таза жан. Бир нерселерди жууп-тазалап эле жүрөт.
– Бак-дарак, гүл тигүү менен кимиңиздер алектенесиздер?
– Агайыңар чыгармачыл жан болгондуктан аны үй-тиричиликке башынан аралаштырбайм. Эркин болуп, обончулук менен ырчылыгына убактысы болсун деп турам. Андыктан үй-жайды кармоо, тегеректи жашылдандыруу менин ишим. Элге окшоп акчага, көр оокатка жулунбайт. Ошондуктан жөнөкөй үйдө жашайбыз. Үйдө эмне бар, эмне жок экенин да билбейт. Кээде ак көңүлү кармаса гана мага кол-кабыш кылып калат.
– Тиричиликке аралашпаса да майрамдарда кубантып турат чыгар?
– Агайыңар калпты жана жасалмалуулукту жек көрөт. Ошол себептүү майрамдарда "акча өзүңдүн колуңда, каалаганыңды ала бер. Белек эле керек болсо, мен өзүм сага белекмин" деп коёт.
– Агайдын мүнөзүн айтып өтсөңүз...
– Көңүлү назик, кылт этсе эле таарынып калат. Анан бир аз кежирлик жагы бар. Бирок ак көңүл. Мен бир жакшы иш бүтүрсөм да мактабайт. Ичинен компоюп калганын көрүп, "ии, жагыптыр" деп калам. Ага болсо менин чечкиндүүлүгүм, тазалыгым жагат.
Жашыбыз өтүп, мен 39, агайыңар 53 жашында баш кошконгобу, ортодо бири-бирибизди кызгануу деле жок.
Фото: "Ар бир эмгегимди чыгармачылык эргүү менен ырахат алып жасайм. Иштеп жатканда айланадагы добуштар угулбасын деп кулагыма наушник кийип алам"- дейт каарманыбыз.
Канымжан Усупбекова
star@super.kg