Өткөн аптада Жогорку Кеңештеги КСДП, "Республика-Ата Журт", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Кыргызстан" фракциялары Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштап жатышканын жазганбыз. Тиешелүү мыйзам долбоорлору 29-июль күнү парламенттин сайтында коомдук талкууга чыгарылды. Бул демилге коомчулукта чоң талкууну жаратып, айрым жарандык активисттер менен саясатчылар Конституцияны өзгөртүүгө каршы кол топтой башташты. Ал эми биз өз учурунда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча айтылып жаткан ой-пикирлерге орун бөлдүк.
Данияр Айтман, блоггер:
"Конституцияга киргизиле турган оңдоолор кооптуу"– Жакында эле бийлик тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясына кандай түзөтүүлөрдү киргизе тургандыгы маалым болду. Бул зыяндуу, кооптуу жана сабатсыз оңдоолор.
Тарых барактарыбыз көрсөткөндөй, өлкөбүздүн башкаруу бийлиги бир гана максат менен Конституцияны өзгөртөт: өз бийлигин сактап калуу жана аны бекемдеп күчөтүү үчүн. Бул – аксиома. Ушундайды акаевдик режим да, бакиевдик режим да жасаган. Эми мындайды Атамбаевдин режими кылганы турат.
Өзгөртүүлөр премьер-министрдин ыйгарым укугун жана статусун күчтөнтүп, учурдагы президенттин премьер-министрлик креслого орун алмаштырып, бийликти өз колунда, тагыраагы, айдоочусу, жансакчысы жана башка жардамчыларынын колунда кармап калгысы келип жаткандай ойду калтырат.
Мындай комбинация күтүлгөн жана мени эч таң калтырган жок. Элдин каалоосун, мыйзамды эске албай, дагы бир башкаруучунун бийликти узурпацияга алуусунун эмнеси таң калтырат?
Мени бул бийликтин акыркы интеллектуалдык деградациясын даана көрсөткөн башка түзөтүүлөр таң калтырды. Акылсыздарга мыйзам жазылган эмес деп айтылат. Бул көйгөйдүн жарымы гана. Кыргызстандын көйгөйү акылсыздардын мыйзам жазып жаткандыгында.
Түзөтүүлөрдөгү менин көзүмө урунган кээ бир маанилүү учурлар:
Адам укугу жана эркиндиги
Учурдагы Конституция мамлекеттин ишмердүүлүгүнүн маанисин жана түзүмүн аныктоочу адамдын укугун жана эркиндигин эң баалуу деп тааныйт. Бул жобо бардык укуктук коомдун конституциялык түзүлүшүнүн негизи. Адам укугу жана эркиндиги фундаменталдуу болуп, жогорку артыкчылыкка ээ болушу зарыл. Мамлекет өзү адамдын укугун жана эркиндигин камсыздоо үчүн өмүр сүрүшү керек.
Болжолдуу өзгөртүүлөр бир канча "жогорку баалуулуктардын" тизмесин киргизип, адам укугу жана эркиндигинен башка жакшы, бирок юридикалык жактан мааниси жок "мекенге болгон сүйүү", "улууларды сыйлоо", "аталык", "энелик", "абийир жана намыс" деген түшүнүктөрдү киргизет. Биринчиден, өлкөнүн жарандары бул баалуулуктарды коргоо жана жайылтуусу милдеттүү деп айтылат. Экинчиден, бул баалуулуктарды камсыздоодо жарандардын укук жана эркиндиктери чектелүүсү мүмкүн деп жазылган. Башкача айтканда, Кыргызстандын жарандары өз мекенин сүйүүсү, улууларды сыйлоо, мыкты ата жана эне болуу, абийир жана намыстуу болуусу милдеттүү. Эгерде муну аткарбаса, анда түрмөдө болуп калуусу мүмкүн. Болбогон сөз деп ойлойсузбу? Ооба, бул болбогон сөз, бирок, тилекке каршы, практика жүзүндө оңой эле колдонулат. Түзөтүүнүн башкы мааниси – "жогорку баалуулуктарды бузду" деген шылтоо менен бийликке жакпаган жарандардан оңой эле кутулууга мүмкүнчүлүк алуу.
Жарандык
Учурдагы Конституция боюнча жарандар жарандыгынан ажырашы мүмкүн эмес. Өзгөртүүлөр мындай мүмкүнчүлүктү берет. Байкап көрсөк, акыркы убакта кээ бир батыштагы өлкөлөрдө террористтерди жарандыгынан ажыратуу тажрыйбасы колдонула баштады. Бирок бул кош жарандуу болгон террористтерге гана колдонулат.
Мындай чара колдонууну өлкөбүзгө тапшыра алабызбы? Менин оюмча, жок. Эгерде буга жол берсек, анда Марина Кимдин кезектеги постунан кийин анын жарандыгын алып, Түндүк Кореяга учуруп жиберчүдөй абалга келебиз (албетте, мекенди сүйүү милдетин аткарбагандыгы үчүн).
Эл аралык укук
Учурдагы Конституцияда адам укугу боюнча эл аралык уюмдардын чечимине ылайык, мамлекет өз жарандарынын бузулган укук жана эркиндигин калыбына келтирүүсү милдеттүү. Бул прогрессивдүү норма, бирок Азимжан Аскаровдун иши көргөзгөндөй бул сакталбай келет. Сунушталган түзөтүүлөр бул норманы жокко чыгарат.
Сот бийлиги
Сот бийлигине карата бир канча түзөтүүлөр каралып жатат. Алар сот бийлигин аткаруу органдарынан болгон көз карандылыгын дагы күчөтүп, алсыз жана өз алдынча боло албастыгына басым жасайт.
Биринчиден, түзөтүүлөргө таянсак, Жогорку Кеңеш менен президент макул болбосо, кайсы бир мыйзамдын Конституцияга каршы экенин Конституциялык палата чече албай калат. Бул – нонсенс. Кылмышкер өзүнүн кылмышын сотко кантип соттоосу керектигин таңуулаганын кайдан көрдүңөр эле?
Бул өзгөртүү менен президент жана Жогорку Кеңеш Конституцияны тоскоолдуксуз эле буза алышат. Бирок мындай көрүнүш практикада болуп эле жатат. Бул түзөтүүлөр муну расмий түрдө Конституциялык палатанын алсыздыгын тариздейт.
Анда Конституциялык палатанын эмне кереги бар деген суроо жаралат. Өзүнчө көз карандысыз соттук бийликтин эмне кереги бар? Андан көрө анын баарын жаап, Аткаруу бийлигиндеги кичинекей чиновниктерди сот кылып албайлыбы? ИИМде "соттор департаментин" ачалы.
Негиздемеде билдиргендей, соттук бийлик Жогорку Кеңеш жана президентке карата экинчи болот. Мамлекет бийлигинин үч маанилеш жана көз карандысыз бутакка бөлгөн принципти ойлоп тапкан Жон Локк менен Монтескьё бул негиздеменин автору менен макул болушмак эмес деп ойлойм. Бирок алар Локк менен Монтескьёну окушту болду бекен?
Экинчиден, өзгөртүүлөр бардык соттордун кат алышуу сыры, сүйлөшүү купуялыгынан жана башка укуктарынан ажыратуусун талап кылат. Башкача айтсак, ачык эле сотторду УКМКнын карамагына өткөрүү сунушталып жатат. Өздөрүнүн жөнөкөй укуктарына ээ болбогон соттор кантип анан жарандардын укук жана эркиндигин коргой алат?
Бул түзөтүүлөрдө сабаттуу юристтер мындан башка көптөгөн маанисиз жана укукка каршы "ляптарды" таап чыгарына көзүм жетет. Жогоруда айтылган бул түзөтүүлөр адамдын эркиндиги менен укугун кемсинтүүгө, соттук бийликти жок кылууга, мамлекеттик бийликти аткаруу органдарына өткөрүүгө багытталганын түшүнсө болот.
Азыркы Конституция идеалдуу эмес, бирок ага мындай түзөтүүлөрдү киргизүү керек эмес. Бул түзөтүүнү киргизүү Конституцияга карата жасалган кылмыш.
Мен бардык жарандарды сунушталып жаткан оңдоолор боюнча референдумда каршы добуш берүүгө чакырам.
(Фейсбук баракчасына жарыяланган постунан алынды)
Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" фракциясынын лидери:
"Өзүбүздү сыйлабасак да, элди сыйлашыбыз керек"– Идеалдуу документ болбойт. Дүйнөдө, аймакта, өлкөдө кырдаал өзгөрүп турат. Ошого жараша биздин эле эмес, Американын Конституциясына деле 9-10 жылда бирден өзгөрүүлөр, толуктоолор кирип турат экен. Мен теориялык жактан андай мүмкүнчүлүктү жокко чыгарбайм. Элдин Конституцияга өзгөртүү киргизгенге толук укугу бар. Бирок азыр Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору жөнүндө сөз жүрүп жатат. Ал мыйзам долбоорунун иштелип чыгышына мен эле эмес, депутаттардын көпчүлүгү катышкан жок. Кээ бир партиялардын депутаттары "лидерлер айтканынан кол коюп бердик" деп жатышат. Мен депутат кесиптештериме кайрылат элем, өзүбүздү сыйлабасак да, элди сыйлашыбыз керек. Бизге ишенип, тагдырыбызды чечип беришет дегенден кийин Конституцияга өзгөртүүнү көрбөстөн туруп кол коюп берген жоопкерчиликсиздик.
Бир аз тажрыйбасы бар депутат катары айтып коёюн, Акаевдин дагы, Бакиевдин дагы учурунда бир түндө жазылган долбоорду көрбөй туруп эч бир депутат кол коюп берчү эмес. Биз өзүбүз сындап жүргөн тоталитардык дейбизби, авторитардык дейбизби, ошондой замандагы депутаттардай көз каранды болбошубуз керек. Депутаттарга кайрылат элем, кол коёрдон мурун эмне өзгөрүү кирип жатат, кандай тарыхый зарылдык бар, ошол жактарын дагы кароо зарыл.
(Би-би-си радиосуна берген маегиндеги сөзүнөн алынды)
Чолпон Жакупова, Жогорку Кеңештин депутаты:
"2020-жылга чейин депутаттардын Конституцияга кол тийгизүүгө укугу жок"– Биринчиден, Жогорку Кеңештин депутаттары өзгөртүү киргизүүнү таптакыр демилгелей алышпайт. Иштеп жаткан Конституция боюнча бул демилге эки субъектке бекитилген – элдин өзүнө (300 миң кол топтоо) же эл өкүлдөрүнө. Экинчи жол менен кетүүнү туура көрүштү, бирок Убактылуу өкмөттүн 2010-жылы референдумда кабыл алынган "өткөөл мезгилдеги Кыргыз Республикасынын Президенти жөнүндө" декретинин 4-беренеси Конституциянын 6 бөлүгүнө (биринчи, экинчи жана тогузунчудан башкасы) 2020-жылдын 1-сентябрына чейин өзгөртүү киргизүүгө тыюу саларын унутуп коюшту. Бул убакытка чейин депутаттар Конституцияга кол тийгизе алышпайт. Декрет иштеп жатат, аны эч ким жокко чыгарган эмес.
Жогорку Кеңештин регламентинде жана учурдагы Конституцияда Негизги мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору корутунду берүү үчүн Жогорку Соттун Конституциялык палатасына жиберилиши керектиги айтылат. Палата терс корутунду чыгарса, долбоорду караганга болбойт. Кимдир бирөө бул корутундуну көрдүбү? Кайда ал?
КСДПнын лидери Иса Өмүркулов түзөтүү киргизүү боюнча референдум сентябрь-октябрь айларында өтөрүн ишенимдүү түрдө айтып жатат. Бирок Жогорку Кеңештин регламентинде Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору аралыгы 2 айдан болгон парламенттин 3 окуусунан кийин депутаттар тарабынан кабыл алынары так жазылган. Документти талкуулоого жарым жыл талап кылынат. Негизи, референдум жазга дайындалышы керек болчу. Алар бул нормалардын баарын кантип аттап өтүшкөнү жатканы мага түшүнүксүз.
("Фергана" агенттигине курган маегинен алынды)
Мавлян Аскарбеков, жарандык активист:
"Бизде бийлик тарабынан конституциялык төңкөрүш аракети болуп жатат"– Бул демилге "бийлик тарабынан жасалып жаткан мамлекеттик төңкөрүш" деп айтылды. Түркияда аскердик төңкөрүш аракети болсо, бүгүн бизде бийлик тарабынан конституциялык төңкөрүш аракети болуп жатат.
Эл аралык уюмдарга, дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылуу жазууну чечтик. Кайрылууда аларга биздин мамлекетте болуп жаткан укуктук мыйзам бузуулар жана бийликти узурпациялоо аракетин так көргөзүп, бөлүнө турган каражаттарды токтотуу талабын коёлу деп чечтик. Ошондой эле жакында форум жана кезексиз курултай өткөрүүнү пландап жатабыз.
Учурда Конституцияны өзгөртүүгө каршы кол топтолуп жатканы менен, кайра эле кайсы Конституцияга таянып кол топтойбуз? Биздин мыйзамдуу чакырыкты, тилекке каршы, бийлик укпай жатат.
80ден ашуун депутат Конституцияны өзгөртүү демилгесине кол коюшу керек эле, бирок алар келечектеги чоң жоопкерчиликтен качып жүрүшөт. Акаев качып жүрсө, Бакиев сыртынан 30 жылга кесилсе, конституциялык төңкөрүш жасагандар 3 жылдан кийинби, 5 жылдан кийинби кылмыш жообуна тартылышат.
(SUPER.KG порталына берген комментарийинен алынды)
Равшан Жээнбеков, экс-депутат:
"Өзгөртүү киргизүү менен жакшы жыйынтык болоруна ишенбейм"– Кыргызстандын мурунку ажосу Аскар Акаев беш жолу Конституцияны өзгөртүүгө аракет кылып, үч жолу өзгөрткөн. Ал эми Курманбек Бакиев эки жолу Баш мыйзамды өзгөрттү. Учурдагы президент Алмазбек Атамбаев үч жолу аракет кылып, эми өзгөртүүгө аракет кылып жатат. Конституциянын өзгөрүшү менен өлкөдө кандай жыйынтыктар болду? Жакырчылык жоюлуп, коррупция жоголуп, экономикабыз өркүндөп кеттиби? Өзгөртүү киргизүү менен жакшы жыйынтык болот деп ким ишене алат? Мен буга таптакыр ишенбейм. Бийлик төңкөрүш жасаганы жатат деген айып менен дайыма оппозицияны күнөөлөйт. Бирок бүгүнкү күндө ошол бийлик өзү кошоматчы фракциялардын, депутаттардын жардамы менен мыйзамдарды пайдаланып конституциялык төңкөрүш жасаганы жатат.
(“Конституция. Кайда баратабыз?” тегерек столунда айтылган сөзүнөн алынды)
Адахан Мадумаров, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери:
“Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору жең ичинен жазылды”– Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынгандан бери көп жолу өзгөртүү киргизилген. Акыркысы кабыл алынганда Баш мыйзамды 2020-жылдын сентябрь айына чейин өзгөртүүгө мораторий киргизилген. Баш мыйзамга түзөтүү долбоору жең ичинен жазылып, Конституциялык кеңешмеден өткөн жок. Андыктан бул туура эмес деп белгилейм. Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы болгон атайын жумушчу топ түзүлдү. Ал “Бийликти узурпациялоого жол бербөө” деген ураан менен аймактарга чыгып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
(“Конституция. Кайда баратабыз?” тегерек столунда айтылган сөзүнөн алынды)
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg