Жаш, сулуу, атактуу, акчалуу... Аз келгенсип, элинин сүймөнчүгү... Мунун баары корей жылдызы Сюзиден улам айтылып отурат. Гу Чжун Пёну идеал туткан кыздардын бекеринен кызганычтан кырылып калуусуна аз калган эмес. Себеби ал – Ли Мин Хонун да сүйүктүүсү.
ЫРЧЫЛЫКТАН АКТРИСАЛЫККА ООГОН СЮЗИ
Аты-жөнү – Пэ Су Жи
Сахнадагы ысымы – Сюзи
Ишмердүүлүгү – Ырчы, бийчи, актриса, модель
Туулган күнү, жылы – 10-октябрь, 1994-жыл
Туулган жери – Кванжу, Түштүк Корея
Тартылган сериалдары – "Бийик кыялдан", "Чоң", "Гу үй-бүлөсүнүн китеби", "Акылга баш ийбеген ашыктык"
Тартылган тасмалары – "Архитектураны таануу", "Гүлдүн ыры"
Кыймылсыз мүлкү – 3 миллион доллар турган 5 кабаттуу имараты бар
ЭС ТАРТКАНДАН ЫРЧЫ БОЛУУНУ КЫЯЛДАНЧУ"Мен келечекте ырчы болгум келет" деген Пэ Су Жи мектептен чыгары менен үйгө эмес, караоке-барга шашчу. Бирок кызынын ырчы болуусун атасы каалачу эмес. Атасы өзү таэквондо боюнча машыктыруучу. 2014-жылы ал өспүрүмдөр арасындагы таэквондо боюнча Дүйнөлүк чемпиондукта улуттук курама команданын жетекчиси болгон.
Сюзи кыялына жетерден мурун интернет дүкөндөрдө модель болуп иштеген. 2009-жылы Түштүк Кореядагы таланттарды элге алып чыгуучу шоу берүүлөрдүн бирине Пэ Су Жи да катышып, анда "JYP Entertainment" компаниясынын көңүлүн буруп калат. Көп өтпөй аталган компания менен иштешүүгө келишим түзгөн каарманыбыз 2010-жылы 10-октябрда туулган күнүндө "miss A" кыздар тобунун мүчөсү катары биринчи жолу сахнага чыккан. Топтун ырлары дароо эле хитке айланып, шоу-бизнестен орун табууга жетишет. Сюзи ырчылыктан тышкары бир катар шоу берүүлөргө алпаруучулук кылып, 2011-жылы атактуулукту алып келген "Бийик кыялдан" деген сериалда биринчи ролун аткарат. Бир жылдан кийин тасмадагы дебютун жасап, "Архитектураны таануу" деген фильмде роль жаратат. Аталган мелодрама жанрында тартылган тасманы 2 айдын ичинде 5 миллиондой адам көрүп, Түштүк Кореяда жаңы кассалык рекорд катталган. Дал ушул фильмден кийин Сюзи "Улуттун биринчи сүйүүсү" деп тааныла баштаган. Бул улуу-кичүүсүнө карабай Кореянын баары аны жакшы көрөт дегенди билдирет.
АКТРИСА КАТАРЫ ЭЛДИН БААСЫНА ТАТЫГЫСЫ КЕЛЕТ"Мен өзүм курактууларга караганда эртерээк эмнени каалаарымды түшүндүм окшойт" деген Сюзи мурдагыдай ырчы болууну эмес, актриса катары элдин баасына арзууну каалайт. Ар бир ролунан кийин ырчынын артынан ушактардын тыйылбаганы да бекеринен болбосо керек. "Бийик кыялдан" сериалынан кийин Ким Су Хён менен кыз-жигит мамиледе деген сөздөр чыккан, бирок аны эки жак тең жакын достордон экендиги менен четке кагышкан. "Гу үй-бүлөсүнүн китеби" сериалынан кийин да Сюзи менен кошо баш каармандын ролун жараткан актёр Сон Чжун ушак-айыңдардан көпкө чейин арыла албай жүрүшкөн. Анда да эки тарап досторбуз деп кутулушкан.
2015-жылы гезит-журналдар, интернет порталдар, ТВ жана радио берүүлөр кайрадан Сюзинин жаңы романы тууралуу жар салышат. Жөн да адам эмес, Гу Чжун Пёнун ролу менен атактуу болгон Ли Мин Хо менен. Бул сапар эки жак тең чындап эле кыз-жигит экендигин тастыкташкан. Ушул убакка чейин экөө бир жолу эле журналисттерге кармалып калышкан, анда экөө бардан чыгып келе жатышкан болчу.
Жаңы таанышкан мезгилде Ли Мин Хо менен Сюзи Кореяда болушса, күндө көрүшүүгө аракет кылышчу. Алардын бир жолку чет өлкөдөгү жолугушуусу талкуу жараткан. Ли Мин Хо Парижге, Сюзи Лондонго фотосессияга бир мезгилде учуп кетишет, бирок жигит кызы үчүн Лондонго келип, үч күндүк убактысын чогуу мейманканада өткөрүшкөн. "Ал ак көңүл, камкор жана түшүнүктүү. Ушул сапаттары үчүн сүйүп калсам керек",- дейт Сюзи Ли Мин Хо тууралуу.
ОЙЛОНБОЙ МАКУЛ БОЛГОН РОЛЬ
Сюзи буга чейин "Капкандагы сыр" деген сериалдагы башкы ролдон, ага чейин "Жытты көрө билген кыз" деген сериалдагы башкы ролдон баш тарткан. Аталган эки сериал тең рейтинг жараткан дорамалардан болгон.
Учурда Түштүк Кореядагы телеканалдардын биринен Сюзи башкы ролду ойногон "Акылга баш ийбеген ашыктык" деген сериал көрсөтүлүүдө. Анда өспүрүм куракта бири-бирин жактырып калып, көп өтпөй эки башка жолго түшкөндөрдүн сүйүүсү баяндалат. "Бул каарман экөөбүз аябай окшошпуз. Ошол үчүн ойлонбой тартылууга макул болгом. Аталган сериал бир эле махабат тууралуу эмес, анда үй-бүлө баалуулугу да чагылдырылат",- дейт Сюзи.
Үй-бүлө демекчи, Пэ Су Жи бир кезде кыялын ишке ашырууга каршы болгон ата-энесине үй жана автоунаа сатып берген. Ошондой эле буга чейин ата-энеси иштетип келген кафени оңдоткон. Аталышы "Сю" деп өзгөртүлүп, бул жай атактуунун күйөрмандары үчүн музейге айланган. Анда балалык кезиндеги сүрөттөрүнөн баштап кол тамгасы коюлган плакаттарга чейин өздүк буюмдарды табууга болот.
Эльвира Караева
star@super.kg