Көрбөсөм да кең ааламдын көркөмүн,
Башты салып тагдырыма чөкпөдүм.
Эң бир таза, аруу сезим жетелеп,
Бакыт издеп жашап келем мен бүгүн.
Таңдар атып, күн шооласын чачканын,
Жер бетине мээрим төгүп жатканын,
Сезип, туям жүрөгүмдөн өткөрүп,
Шылдырт этип булак көзүн ачканын...- деп Нуриза Сыдыкова оор тагдырын ыр саптарга түшүргөн. Бүгүнкү биздин көзү азиз каарманыбыз бул жашоодо максат коюп алдыга умтулуп, тоскоолдуктарды жеңүүгө аракет кылып келет.
"ЖЕТИМДИКТИН АЗАБЫН ТАРТТЫК"
- Мен 1976-жылы Чүй облусунун Кемин районунда туулуп-өскөм. Апам фельдшер, атам курулушта бригадир болуп иштеген. Үй-бүлөдө жети бир туугандын улуусумун. Мен 15 жашка чыкканда ата-энебиз ажырашып кетип, андан соң апам бизди жалгыз багып жүрдү. 19 жашымда апам каза болуп, ошондо эненин канчалык баалуу, ыйык экенин туйдук. "Бейиш төрү эненин таманынын алдында" деп бекеринен айтылбаптыр.
Атам тирүү, апам каза болгондон кийин бизге каралашып жүрдү. Бир туугандарым чачырап бирде таякелерибиздин, кээде таежелерибиздин колунда жүрүштү. Алар жакшы эле мамиле кылышчу, бирок жетимдик деген жетимдик да. Өз ата-энеңдин колунда эркелеп өскөнгө эмне жетсин?! Жетимдиктин азабын жакшы эле тарттык. Атамдын бир туугандарына караганда апамдын бир туугандарынын жардамы көп тийди.
"ЖОЛДОШУМ 17 ЖАШЫМДА АЛА КАЧЫП КЕТКЕН"
- Жолдошум мени он жети жашымда ала качып кеткен. "Таш түшкөн жеринде оор" деп отуруп калгам. Жолдошум менен он эки жыл чогуу жашадык. Ал ширетүүчү, мен дүкөндө сатуучу болуп иштечүбүз. Эки балалуу болдук, жакшы эле оокат кылып жашачубуз.
Бала кезимде көзүм көп ооручу, бирок көрчүмүн. 2005-жылдан баштап көзүм катуу ооруп баштады. Иним дайынсыз жоголуп кеткен эле, ошондо депрессияга кабылып, ашыкча санаа тартып койдум окшойт. Эсимде, маршруттук таксиде келе жаткам, бир кезде эле көзүм тумандап кетти. Унаадан түшүп эле күндү, жарыкты ушундай издей баштадым. Жаз айы болчу, жалбырактын жашылы бирде көрүнбөй, бирде көрүнүп, караңгы дүйнөгө түшүп калгандай эле болдум. Эки жыл жаман болуп, төшөктө жатып калгам. Чын эле көрбөй калдымбы, андан ары кантип жашайм деп күндө көз жаш төкчүмүн. Кызым анда эки жарым жашта болчу. Башында көзүм көрбөй калганда күйөөм жардам берип жүрдү, анан эле түшүнбөстүктөр көп болуп үйдө уруш чыга баштады. Ошентип ажырашып тындык.
Доктурларга көрүнгөндөн эч майнап чыккан жок. Бирок кийинчерээк башка врачтарга көрүнсөм, алар "сени туура эмес дарылашкан, берген дарылар ооруңду күчөтүп жиберген" дешти. Эч кимге деле арызданган жокмун, тагдырдын жазмышы го деп кала бердим.
"АДАМ БОЙДОН САКТАЛЫП КАЛСАК..."
- Балдарым үчүн чыйралып, алга умтулдум. Кудайым берген сыноону татыктуу көтөрөйүн дедим. Мамлекет мага 2000, балдарыма 1410 сом жөлөк пул төлөйт. Өз үйүм жок, батирде турабыз. Ал акчабыз батирге, тамак-ашка араң жетет. Кызым азыр 6-класста окуйт, уулум 6 жашта. Курбум, бир туугандарым кээде жардам берип турушат. Бирок алардын деле өз түйшүктөрү бар да.
"Кыздар, ай" адабий клубунун мүчөсүмүн. Көңүлүм эргигенде, же тескерисинче, көңүлүм кирдегенде түн ичинде болсо дагы мээме ырлар келе берет. Элүү, алтымыштай ырым бар. Ырларым эч жерде жазылган эмес, дептерге дагы, диктофонго дагы. Баары мээмде.
Үй жумуштарын бүт кыла алам. Эч кимге деле жалдырабайм, бир гана кичинекей уям болсо деп тилек кылам. Жашоонун маңызы – Кудайым кандай сыноо бербесин адам бойдон сакталып, үй-бүлө куруп, бакыттын даамын татууда эмеспи. Массаждын курсун окуп, иштеп оокат кылсам, эч кимге көз каранды болбой жашасак деп тиленип келем.
КААРМАНЫБЫЗДЫН ЫРЛАРЫНАН ҮЗҮНДҮЛӨР:
Каарманыбыз кээ бир көзү азиз болобу же дагы бир нерсеси кем болобу, аларга түшүнүү менен карабаган таш боор адамдар жөнүндө да ырларды чыгарган.
Жолго чыгып жаралуу жарты калем,
Жолду сурайт түртүп өткөн кишилерден.
"Кереги не жашаштын көз көрбөсө?!"
Дегендер бар күбүрөп-шыбыраган.
ххх
Асмандын көркүн ачкан армансыз аппак булут,
Адамдык көңүлдөрдөн ак булут аруу, тунук.
Айланып кетким келди бир үзүм ак булутка,
Аруулап жан дүйнөмдү кошулуп булуттарга.
Көзү азизди мындай кой, дени соо, алты саны аман адамдар да кээде өзүлөрүн таштап салышат эмеспи. Ал эми каарманыбыз алга кадам таштап, ал эле эмес, чыгармачылыгын да өркүндөтүп келет. Ушундай адамдардан сабак алып, чыйралсак болчудай.
Уулкан Бактыбекова
koom@super.kg