ИЗДЕЙМ СЕНИ

“ЖЕТИМИШ ДОСКАЕВДИ ИЗДЕЙМ”

– Саламатсыздарбы? Менин атым Ергали, Казакстандын жаранымын. Мен бала күндөн берки Жетимиш Доскаев аттуу досумду издеп жүрөм. 1987-жылдары Ат-Башы айылында чогуу жашачубуз жана гастролго чогуу чыкчубуз. Досум, эгер бул катты окусаң, мени менен байланыш.

Электрондук дарек: era0331@gmail.com

“КАЙДАСЫҢАР, КУРСТАШТАР?”

– Саламатсыздарбы? Менин атым Жоодарбек. Мен Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айылында 1983-жылы туулган Элиза жана Тотукан аттуу группалаштарымды издейм. Биз Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинде чогуу окуган элек. Мен издеген адамдарды тааныгандар болсо, мага кабарлап коюшуңуздарды суранам.

Жоодар Матраимов, тел: +79774146917, электрондук дарек: matraimovjoodar@gmail.com

“КУРДАШТАРЫМА ЖОЛУККУМ КЕЛЕТ”

– 1968-жылы Фрунзе шаарындагы Айыл чарба институтунун ветеринардык факультетин бүткөн Расул Асаналиев аттуу курсташымды издейм. Ал Түп районунан болчу. Ошол эле жылы Финансы жана кредит техникумун бүтүрүшкөн Айша Жакыпова жана Назира Жангазиева аттуу тааныштарымды да издеп келем. Тааныгандар же өздөрү бул маалыматты окуп калышса, мага телефон чалып коюуларын өтүнөм.

Каныбек Жообазаров, тел.: 0773230069

“КУРБУМДУ ТАППАЙ ЖҮРӨМ”

– 1987-жылы Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Каптал айылында төрөлгөн Алтынай аттуу курбумду издейм. 2012-жылы Расул аттуу жигитке турмушка чыккан жана Бишкек шаарындагы Тунгуч кичи районунда жашашчу. 2014-жылы мен Москвага кеткенден кийин байланышыбыз үзүлдү. Кайра келип анын телефон номерин таппай калдым. Курбум, эгер гезиттен муну окусаң мага байланыш.

Асел, тел.: 0706 122 189


Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
ilgis1991
2016-08-08 23:38:09
Тиги биринчи кайрылган жылан ойноткон Жетимиш Таскаевди издеп атат окшойт.Ал киши Бишкекте турат азыр.
+1
Jyrgal_msk
2016-08-10 01:19:01
ilgis1991,Жетимиш Доскаевди баары эле тааныса керек.Циркте иштечу беле...
+1
Izdeim_seni.
2016-08-10 15:20:42
Мен тааныбайм напрмер доскаевди
+1
era0331
2016-09-20 18:10:33
Баринизга чоң раxмат! Жетимиш Доскаев досумды таптым! Бишкек шаарында учураштык!
0
№ 718, 05-август-11-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан