ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (8-августтан 14-августка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Кой жылдызындагылар бул аптада ден соолугуна өзгөчө кам көрүшү керек. Анткени жаракат алуу коркунучу бар. Жолдон өтүүдө абайлагыла. Балалууларда балдарына байланышкан маселелер жаралып, бир аз түйшөлтөт. Аларга убактыңызды көбүрөөк бөлгөнгө аракет кылыңыз. Оңой жол менен мүлккө ээ болууга же акча табууга азгырган адамдардан сак болуңуз. Алдамчылык менен аякташы мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Романтикага жык толгон апта. Досторуңуз менен ойдогудай көңүл ачууларга туш болосуз. Жаңы таанышуулар да орун алат. Таанышуулардын арасында жүрөгүңүзгө жаккан адамды да жолуктурасыз. Сизге байланыштуу көп окуялар болот. Мында эмоцияга алдырбай, баарын орду-орду менен чечүүгө аракет кылыңыз. Болбосо жагымсыз иштерге кабылышыңыз ыктымал. Өжөрлүгүңүз сизге жакшы жыйынтык алып келбейт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Эгиздердин көпчүлүгүнө күжүрмөн эмгектенүүгө туура келет. Эгер эс алуу өргүүсүнө чыкпасаңыз, август айынын 2-жумасы сизге толтура жумуш тартуулайт. Майда иштер психикалык жактан чарчоого алып келет. Жыйынтыгы жаман болбойт, жетекчиликтен мактоого татыйсыз. Эгер ден соолугуңузда кандайдыр бир оорунун белгилери болсо, дарыгерге кайрылуудан качпаңыз. Дем алыш күндөрү досторуңуз босогоңузду атташат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бул аптада бөйөндөр эл көзүндө көбүрөөк болушат. Аты чыгып калгандар гезит-журналдарга чыгышса, жөнөкөйлөрдүн тааныштары арасында аты көп айтылат. Курстарга барып билимиңизди арттырууга ыңгайлуу учур. Алыстан жакшы кабар угуп, анын арты менен маанайыңыз беш болот. Кол өнөрчүлүгүңүздүн арты менен акча жасоого болорун билип, иштөөгө шыгыңыз артат. Баш көтөрбөй иштегениңиз кошумча акча булагын табууга алып келет.

АРСТАН (23.07-23.08)
Психологиялык жактан чарчаганыңыз ден соолугуңуздун бузулушуна алып келет. Андыктан эмгек өргүүсү туурасында ойлонуңуз. Мээ менен иштөөнү токтотуп, кара күч жумшап иштөөнү баштаңыз. Ошондо эс аласыз. Бирок жүрөккө, бел омурткаларына күч келтирүүдөн абайлаңыз. Алыс жолго чыгууга камданасыз, бирок ал иштериңиз артка жылдырылат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Өзүңүзгө кам көрүүгө
мезгил жеткенин сезесиз. Аптанын башында сулуулук салонуна барасыз. Келбетиңизди өзгөрткүңүз келет, адистин жардамы менен максатыңызга жетесиз. Жыйынтыгы сизге гана эмес, тааныштарыңыздын баарына жагат. Ден соолугуңуздагы маселелер бир аз маанайыңызды бузат. Бирок өзүңүздү колго алуу менен, жашоого жакшы маанайда кароого аракет кыласыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын башында сизди кимдир бирөө ызалантышы же таарынтышы мүмкүн. Ага өчөшүп билек түрө иштей баштайсыз. Бирок сиздин бир аз таскагыңыздын азайышына ден соолугуңуз себеп болот. Бөйрөк оорусуна же жугуштуу ооруга кабылганыңыз билинет. Сүйүү жаатында жолдуу болосуз. Сүйүктүүңүз менен болуп жаткан түшүнбөстүктөр жөнгө салынып, ортодо жакшы мамиле түзүлөт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Өтө көп энергияны, эмгекти талап кылган апта. Анткен менен жасаган ишиңиз жакшы жыйынтык алып келет. Зыян алып келчү жаман адаттарыңыздан кутулууну ойлоп, бир нече ыкманы колдонууга киришесиз. Мисалы, тамеки тартууну. Туугандар арасында жакшы көргөн адамыңызга байланыштуу чакан той болот. Ага көптөн бери эңсеп жүргөн белегин алып берип сүйүнтөсүз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Чыгармачылыкты өнүктүрүүгө ылайыктуу апта. Акчасы аз жумушта иштегендер үчүн жакшы жумуштар сунушталат. Өзүнүн жумушун сүйгөндөр жумуш ордуларын өзгөртүшпөйт, бирок алар бул жоруктарына кийин деле өкүнүшпөйт. Ал эми жумуш издегендер үчүн 12-14-август ийгиликтүү болбосун жылдыздар эскертишет. Жеңил жол менен акча табууну көздөгөн адамдардын торуна кабылып калышыңыз ыктымал, андыктан акчаңызга сак болуңуз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Карьера жасоого жакшы учур. Жумуш ордуңузду алмаштырууга да белсенсеңиз болот. Аптанын ортосуна чейин финансы жагыңыз өзүңүздүн иштегениңизге жараша болот. Бул убакытта жетекчиңиз менен бетме-бет келүүдөн качып туруңуз. Аптанын экинчи жарымы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жакшы убакыт. Апта аягына чыгып бара жатканда капилеттен жагымсыз окуяга кабылышыңыз мүмкүн.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Ишиңиздеги ийгиликтериңизге башыңыз айланат. Мындан да көп нерсеге жөндөмдүү экениңизди далилдегиңиз келип көп эмгек жумшайсыз. Эмгектин артында капчык толо акча турганын да сезе аласыз. Андыктан баштаган ишиңизден артка кайтпаңыз. Бирок шашылыш иш кылып жиберүүдөн абайлаңыз, анын аягы сот иштерине чейин алып барышы мүмкүн. Иш тескерисинен кетип бара жатса бирөөгө ишенип тапшырбаңыз, ал баарын ойрон кылышы мүмкүн.

БАЛЫК(20.02-20.03)
Бардыгы сизден көз каранды. Финансы жагынан бир аз кыйчалыштар күтүлөт. Сизге өзүңүздүкүнөн мурун башка бирөөнүн акчасын санаганга туура келет. Өнөктөштөр арасында акча жаатында маселелер жаралып, маанайыңыз түшөт. Эгер эсепчи болсоңуз, банкта, дүкөндө иштесеңиз жолдуу болосуз. Акча жаатында иштегендер үчүн ийгиликтүү апта болгону менен, акчадан алыстар бир аз кыйналышат. Бирок бул убактылуу гана.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 718, 05-август-11-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан