Мураскер операциясы, премьер-министрлик кызмат, Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөр, чыгармачылык, диний радикализм... 1-августта Чолпон-Ата шаарында президент журналисттер менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди. Өлкө башчынын сөзүнүн урунттуу учурларына орун беребиз.
БАШ МЫЙЗАМГА ӨЗГӨРТҮҮ КИРГИЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ
- «Атамбаев бийликти колунан чыгарбаш үчүн баарын кылып жатат, бара-бара премьер-министр болгусу келет" дегендерди окуп калып жатам. Эгер мен чындап эле бийликти сактап калгым келсе, башка референдум өткөрмөкмүн. 300 миң кишинин колун топтосом жетиштүү болмок. Парламенти жок эле референдум өтмөк, бирок мен антпейм. Мага "Атамбаев экинчи мөөнөткө калсын" деген суранычтар азыр деле өтө көп түшүп жатат. Конституциядагы "миналар" алынууда, мисалы, 41-беренедеги 2-пункт алынат. Жогорку соттун чечимин БУУнун комитетинин чечими жокко чыгарган дүйнөдө Кыргызстандан башка бир өлкө жок.
Азыркы конституция бир айдын ичинде эле түзүлгөн, биз муну өзгөртүү үчүн 2 жылдан бери иштеп келе жатабыз. Мында президент да, премьер-министр да, спикер да бийликтин бардык чылбырын колго ала албайт.
ТҮРКИЯ МЕНЕН БОЛГОН АЛАКА ЖӨНҮНДӨ
- Биз көз карандысыз мамлекетпиз, андыктан эмне керек, эмне кереги жок экенин өзүбүз чечишибиз зарыл. Жардам бергиси келгендер эч кандай шарты жок эле кол сунат. Берген жардамы үчүн биз алардын айтканы менен болуп калат деп ойлобошу кажет. Андай жардамдын бизге кереги жок. Бизге жардам берген мамлекеттерге ыраазыбыз, бирок шарт койбосун. Андай жардамын кайра алып кетишсин.
Түркиянын Тышкы иштер министрлигинде анчалык эле акылдуулар бар экен, өлкөсүндө төңкөрүш болорун алдын ала билбейт беле? Албетте, биз мамлекеттин коопсуздугуна байланыштуу бардык маалыматтарды текшеребиз. Кыргызстанда билим берип жаткан мекемелер Билим берүү жана илим министрлигинин стандарты, Кыргызстандын мыйзамдары менен иштеп жатышат. Эгер кошумча бир нерсе кылыш керек болсо, биз аны кылабыз. Бирок бизди үйрөтүү же коркутуу керек эмес.
ЖАНЫШ БАКИЕВ ТУУРАЛУУ
- Бизде регионализм аябай канга сиңген. Мисалга, Украинанын Сум облусунун тургундары Чикатилону эч качан колдошмок эмес же анын баласы жердештерин атасынын урматына тамакка чакырса эч ким бармак эмес. Ал эми бизде, кыргызстандык Чикатилонун уулу Москвада элди ооз ачарга чакырса, биздикилер жайбаракат барып жатышат. Кээ бир артисттер ошол адамдын алдында бийлеп, ырдап жатышат. Кыргызстандык Чикатило Жаныш Бакиев Чикатилого караганда 2-3 эсе көп киши өлтүргөн.
АЖЫДААР ТУУРАЛУУ
- Мен башымдан көп нерсени өткөрдүм. Бирок бирөө президент болуп калса, ажыдаарга айланып кетпесин деп Конституцияга өзгөртүү киргизгени жатабыз. Күч органдарын реформалоо да бекеринен жасалып жаткан жок. Аларда деле ажыдаар чыгып кетет экен да. 5 жыл ажыдаарга айланбаган адам 1 жылда айланып кетмек беле? Мен керек болсо бүгүн президенттиктен кетүүгө макулмун, бирок бүтүрө турган иштер бар. 1 жыл ичинде бир топ иштерди бүтүрүп кетем деген ойдомун.
ДИН ЖАНА БИЙЛИК ТУУРАЛУУ
- Диний күчтөр саясатка аралашкан жерде бир да мамлекет соо калган жок. Диний ишмерлер саясатка кийлигишсе, аны ордуна коюш керек. Тилекке каршы, айрым саясатчылар өткөн шайлоолордо диний ишмерлерди чакырышты. Белгилүү диний аалым "Кыргызстан" партиясын колдоп чыкты. Билебиз да, ал партиянын колдоочусу өлкөбүздөгү арак чыгарган заводдун жетекчиси. Бул партия үчүн да, ажы үчүн да уят. Саясатка баргың келсе сакалыңды кырып, селдеңди чечип бара бер, бизди кээ бир араб өлкөлөрүндөй кылуу кереги жок. Биз мусулманбыз, бирок кандайдыр бир кийимди таңуулоонун, тигини көмөбүз, муну көмбөйбүз дегендин кереги жок. УКМК кээ бир ажыларга эскертүү берген, керек болсо андан да катуу чараларды көрөбүз.
МУРАСКЕР ТУУРАЛУУ
- Эгер биз демократиялык мамлекетти курабыз десек, келечектеги президентти эл таза шайлоо менен гана тандап алышы керек. Бардык татыктуу талапкерлер катышуусу кажет. Ошондуктан мураскер операциясы болбошу зарыл. Албетте, ишеним жаратпаган талапкерлер дагы болот. Мен эч кимди ачыктан ачык колдобойм жана жардам бербейм. Демократияны кура турган өлкөдө президент мураскер дайындабашы керек. Эгер акчага добушуңду берсең, ордуна ууру депутатты же ууру президентти аласың.
ПАСПОРТТОГУ "УЛУТ" ГРАФАСЫ ЖӨНҮНДӨ
- Өнүккөн бардык мамлекеттерде бул графа жок. Ушул өлкөнүн жараны деп гана жазылат. Бул бизге керек дегендердин ана башында Шамшыбек Медетбеков турат. Ал кезинде Кадыржан Батыровдун партиясынын тең төрагасы болчу. 2010-жылдагы окуяларга айрым өлкөлөрдүн атайын кызматтары да аралашканын билем. Азыр паспорттогу графаны бетке кармап, абалды туруксуздаштырууга аракеттер болууда. Мен паспортто кыргыз жараны деп жазылышын каалайм.
АТАМБАЕВ ПРЕЗИДЕНТ БОЛГУСУ КЕЛГЕН ЭМЕС
- 2010-жылы Конституцияны жазып жатышканда мен Өмүрбек Текебаевден бир пунктту алып салгыла деп сурангам. Ага: "Өмүке, алты жылдан эки жолу президент болуп шайланууга болот деген пунктту алып сал",- дедим. Ошол убакта шайлоого барууну пландаган эмесмин. Мени чынында Роза Отунбаева мажбурлаган. Ал убакта саясаттан чарчап, башка нерселер тууралуу ойлонуп жаткам. 60ка чыктым, мүнөзүмдү өзгөртүү кыйын. Аябай эмоционалдуумун, бардыгын болгондой айтым салам. Мени менен чогуу иштеген кишилерге, элге ыраазымын. Мени менен иштеш оор. Эми мага бир аз чыдап койгула.
ОППОЗИЦИЯ ТУУРАЛУУ
- Темир тор артында отургандар – алар олуттуу эмес оппозициялык күчтөр. Тынчтык жана туруктуулук үчүн мындай адамдар да сабак алышы керек. Туруктуулукту бузуп, өлкөгө балээ алып келгиси келгендер түрмөдө отурушу керек. Демократиялуу өлкө дегендерде, мисалга, АКШда кашаадан ашып өткөндөрдү атып салат. Бийликке баргысы келгендер шайлоо аркылуу барышы зарыл.
ЫРЧЫЛЫК ӨНӨРҮ ТУУРАЛУУ
- Өткөндө Ташкентке учарга 2 күн калганда мага "президенттин учагы менен учууга болбойт, жетпей калат" деп билдиришти. Мен учуп бара берели дедим. Ошондо учуп баратканда ойлондум, мен го 60ка жакындап калдым. Өтүп кетсем деле арманым жок. Көптөн бери жазып жүргөн ырларым бар, ошолорду калтырып кетүүнү ойлондум. Бир күнү убакыт таап, орусча 5 ырымды жаздыргам, ага болгону 47 эле мүнөт кетти. Ушул ырларды да сындап жатып калышты. Сындагандар жалаң кыргыздар. Эми кыргызча ырларым чыкса эмне болот, биротоло муунуп алышабы? Негизи менин кыргызча да, орусча да ырларым көп, балким, арасында элге жаккандары болор дедим.
АЗЫРКЫ ПАРЛАМЕНТ ТУУРАЛУУ
- Бул парламент биз ойлогондой болбой калды. Мисалы, «Республика-Ата Журт». Партиянын тизмесинде экинчи болуп орус, үчүнчүдө өзбек улутундагы талапкерлер бар болчу. Тизмедеги ар бир үчүнчү талапкер аял эле. Азыр жалаң эркек кыргыздар отурат. Аларга добуш берип колдогон элди алдоого болбойт.
Конституцияны өзгөртүү референдумунан кийин парламент тарабайт. Мен партия лидерлери менен сүйлөштүм. Шайлоо алдында түзүлгөн тизме менен гана парламентке келиши керек. Анан да шайлоо алдындагы босоголук баллды 9-10 пайызга көтөрүү зарыл. Азыркыдай 6 партия болсо жакшы эмес. 3 же 4 партия келиш керек. Ошондо өкмөт туруктуу болуп, көп убакытка иштейт.
ЧУУ ЖАРАТКАН КӨРНӨК-ЖАРНАКТАР ЖӨНҮНДӨ
- Мен улуттук кийим тууралуу баннерлерди илүүнү колдогом, бирок акылдуулар чыгып, "биз кыска юбкаларга баратабыз" деген плакаттарды да илип коюшуптур. Туурабы ошол? Бизде совет заманынан, 1950-жылдардан бери аялдар кыска юбка кийип келет. Бирок ошолордун бирине да шейит катары бир жерди жардыруу оюна келбесе керек. Кааласаңар башыңарга өтүк кийип алгыла, бирок эч кимди жардырбагыла. Анткени – бул дин эмес. Ар бир диндин өзөгү – бул жакшылык, адамдарга жакшылык кылуу. Бирөөнүн башын алуу же кандай кийинүүнү таңуулоо – бул дин эмес. Биз буга каршы күрөшүшүбүз керек. Андан көрө кыска юбка кийсин, бирок жардырбасын. Азыр дүйнө жүзүндө терроризм башкы балээ болууда. Эгер силерге кийим жакпаса, анда башкалардыкын таңуулабагыла. Бөлөк мамлекетке барып жашагыла, Сирияга, Бангладешке кетчү жол акысын төлөп беребиз.
Нурбек Абдыкадыров
politika@super.kg