Майрамбек Осмонов талантка бай. Ырчы, обончу, пародист, куудул, тамада, уста. Бул киши интернетти иттер көп, WhatsApp`ты бок-сак, Фейсбукту пейили бузук, Инстаграмды үйүңүзгө барам деп тамашалуу кылып атап алган. Маектешүүгө келери менен аккордеонун колуна алып жаңы жазган ырын буркан-шаркан түшүп 3-4 ирет кайталап ырдап берди. – Майрамбек мырза, энергияңыз ашып-ташып турат экен. Энергияны кайдан аласыз?
– Апам чыйрак аял. Учурда 76 жашта болсо да булкулдап турат. Тамыры терең болбосо тал-теректи жулуп алайын дейт. Мен апамды тарткам. Эртең мененки саат 8ден түнкү саат 11ге чейин кара жумуш менен да, чыгармачылык менен да алектене берем. Чалкамдан түшүп жаздык майланыштырып сыналгы көрүп жатпайм. Качан болсо ишим бар. Канча жумуш кылсам да эртеси күнү энергиям толуп турат. Эс-тутумду жакшыртыш үчүн ыр жаттайм. 6-7 куплетти бат эле жаттап алам. Азыр Эсенгул Ибраевдин эне тил тууралуу ырын жаттап жатам. Тойдо жакалагандар көбөйүп кетип бокс менен машыга баштагам. Бирок негизги максатым – ден соолукту чыңдоо. Залга барардан мурун 5 чакырым чуркап, анан машыгууну улантам. Ошол себептен болсо керек, 8 жылдан бери тушоо тойдо алдыма киши сала элекмин. Мындан тышкары былтыр аппаратураларды сатып алып аранжировка жасаганды үйрөндүм. Азыр бул жаатта да ийгилик жаратып жатам.
– Эс аласызбы же тытынып эле жүрө бересизби?
– Эс алсам денеме батпай кыйналып кетем. Кара жумуш кылып же өнөр менен алпурушуп тердегенде жыргап калам.
– Устачылык өнөрдү кимден үйрөнгөнсүз?
– Атам 39 жыл темир устачылык менен алектенген. Ал киши бизге "балдарым, биз өнөр менен жан багабыз" деп көп өнөрдү үйрөткөн. Эркекке таандык бардык ишти жасайм. Туш кагаз (обои) чаптагандан тарта кафель койгонго чейин колумдан келет. Эгер ырчы болбосом кыш куюп, устачылык кылып деле жан баксам керек деп ойлоп калам. Ысырап кылбай, балдарымдын чачын дагы өзүм алам. Азыр бир баланын чачын тегиздетсең 120 сом. Эки баланыкы 240 сом болот. Бул акчага балдарыма керектүү буюм сатып берип коём.
– Сөзүңүзгө караганда ашканада дагы мыкты окшойсуз?
– Аялыма костюмумдун топчусун 2 жыл кадата албай койгом. Азыр деле ал костюм топчусу жок илинип турат. Ал аялым мени гезиттерге жамандап маек берип тың чыкпадыбы. Топчу кадагандан баштап боз үйгө чейин тиге берем. Машинамдын отургучтарына жабдууну да өзүм тиккем. (Бышык кездемеден чыкыйтып тигип алган жабдууну машинасынан көрсөтүп). Компот, жарманы жакшы жасайм. Бир мезгилде иш кылганга да, тамак жасаганга да жетишем. Жардамга келген тааныштарым "тамагыңыз бышып калдыбы, омей, качан кылып жетиштиңиз?" деп таң калышат. Колумдан от дагы жакшы тутанат. Кээ бир адамдардын колуна ширеңкени тутамдап карматсаң да оту күйбөйт.
– Өзү бардык ишти жасаган адам бирөөнүн кылганын жактырбайт го?
– Такыр жактырбайм.
– Жубайыңыз менен элдештиңизби?
– Жараша элекпиз. Үй турат. Бирок бүлө жөнүндө сөз кылгым келбейт. Ал нерсе жакшы жагына оогондо өзү эле билинет.
– Сиздин жогоруда айткан сөздөрүңүз жубайыңызга катуу тийип калбайбы?
– Капа боло берет. Анткени бул чындык. Мен чындыкты айтып жатам. Мага Жараткан аялдан айткан эмес. Бул нерсени моюнума алам. Аалымдардын бир топ бөлүгү "аялдын бул дүйнөдө көрсөткөн азабы тозоктун азабы менен барабар. Көп эркектер аялы жаман чыгып бул дүйнөдө эле тозоктон кутулат экен" деп айтып калышат. Андыктан аялы жакшылар сүйүнбөй эле коюшсун (күлүп).
– Жубайыңыздын чыгармачылыгыңызга кошкон үлүшү барбы?
– 2013-жылы 8 гезитке маек берип, мени жаманатты кылган. Болгон салымы ошол болду. Ал сөздөр менен мени эл жаман көрүп, ою өзгөрүлгөн жок. Мен дайыма бетке айтам. Тойдо дагы кыйтыңдагандарды дароо уят кылып, ордуна коём. Мас болуп тийишкендер, текеберленгендер катыгын алат. Мага тийишкен адам өкүнүп калат. Жемимди жедирбейм.
– Анда муштум менен маселе чечет турбайсызбы?
– Маселени көбүнчө тил менен чечем. Эгер мени менен бирөө мушташчу болсо, ал бир урганча мен 5-6 ирет урганга жетишем. Андайдан Кудай сактасын.
– Күнөөңүздү, кемчилигиңизди моюнга алганды билесизби?
– Алам, албайт деп ойлодуң беле? (күлүп). Кээде бирөөлөр менен тартыша кеткенде туура нерсени уксам үйгө барганда "Майрамбек, жанагы туура айтты" деп кемчилигимди моюнума алган учурлар болот.
– Бардык нерсенин ийне-жибине чейин маани берет экенсиз. Майдачыл адам эмессизби?
– Мен көзүм жетип турган ишти аял киши кыла албай турса, сөзсүз кийлигишем. Майланышкан идишти муздак суу менен жууп жатса, ысык суу менен жууп салам. Кимдир бирөө айры менен таштанды салып жатса (кум, ташты), калак менен салат деп жардамдаша коём. Майдачылдыгым бар. Бирок мен аны майдачылдык эмес, пайдачылдык деп эсептейм.
– Таза, тыкан жүрөсүз. Кийимиңизди дагы өзүңүз жууйсузбу?
– Тырмагыңарды көрсөтсөңөр (тырмагыбызды эринбей карап "өсүп кетиптир" деп өзүнүн этине жете алынган тырмагын көрсөттү). Менин жеке жашоомдон кабар алгыңар келсе, ушундан билип алгыла. Учурда көйнөгүмдү өзүм жууп, кийимимди өзүм үтүктөп жатам.
– Эми түшүнүктүү болду. Кыргызда "кырк жаштан кийин кыз алат" деген сөз бар. Төшөк жаңыртуу оюңузда жокпу?
– Жаш аял алып жыргап кеткендерди деле көрө элекмин. Адам 30 жашка чейин эле адамча жашайт экен. 30дан 45 жашка чейин эшек жашоо экен. Үй саласың, байлык топтойсуң. 45 жаштан 55 жашка чейин ит жашоо. Тапканыңды коруйсуң. 55 жаштан 60 жашка чейин маймыл жашоо. Ары-бери секиресиң. Бир бөлмөңдөн экинчи бөлмөңө батпай каласың. Аялың үй жыйнап жатса, "бутка илешпей турчу ары!" деп кага берет. Ошон үчүн эркектер намазды жаттап алыш керек. Ошол куракта аялың ажаан болсо, мечитке же дааватка кетип каласың. Ал эми 70 жаш эркек үчүн түрмө.
– Сиздеги энергия балдарыңызда барбы?
– Улуу балам Адемил кичинесинен эле футболго кызыгат. Кыймылы тез, "Криштиану Роналдудай болом" деп жакшы ниет кылып жүрөт. Азыр "Алга" футбол клубунда ойнойт. Кызым Раяна менин эле көчүрмөм. Иш кылса дагы жулунуп кыймылдап, таза бүтүрөт. Үйдө мындай тартипке өтүп алганбыз, бир куплет ыр жаттаганга 25 сом берем. Азыр Эсенгул Ибраевдин мен жаттап жаткан ырын жаттап жатат. "Ата, окуу башталганча жаттап бүтөм" деп мени кубандырып коёт. Үчүнчү баламды "Дильдуль" деп эркелетем. Чын атын айтсам, башкалар коюп алышат. Улуу балдарымдын аттарын көптөрү коюп алышкан. Уулдарымдын атын өзүм, кызымдын атын Абдышүкүр Нарматов койгон.
Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg