ДАЙЫР ИСМАДИЯРОВ: «СҮЙҮКТҮҮМӨ СӨЙКӨ САЛДЫК, КҮЗҮНДӨ ТОЮБУЗ БОЛОТ»

– Салам, Дайыр, күзүндө үйлөнөрүңдү уктук, жүрөгүңдү багынткан селки ким болду экен?
– Кандайсыздар? Сүйлөшкөн кызымдын аты Жанара, 22 жашта, Жалал-Абаддан болот. Бир көрүп жактыруудан улам ортобузда сезимдер пайда болду. Алгач жолукканыбызда ал мени тоготпогонсуп караган эле. Артынан чуркап жүрүп акыры жеттим. Жанаранын кылыктары, жасаган нерселеринин баары жагат. Табышмактуулугу, сырдуулугу менен мени багындырды. Оюмдагыдай кызды таптым, бойдокчулук менен коштошууга убакыт келди.

– Жакында эле ата-энең сүйүктүүңө сөйкө салып келишиптир...
– Ооба, 25-июль күнү ата-энем, туугандарым Жалал-Абадга барып Жанарага сөйкө салып келишти. Буюрса, заманбап тоюбуз сентябрь айынын аягында Ош шаарында өтөт. Ош шаарын тандаганыбыздын себеби, менин туугандарым да, анын туугандары да ошол жакка жакын экен. Ошондой эле Бишкекте Ошту көрө элек досторум көп, аларга көрсөтөйүн деп жатам.

– Көп жыл бойдок жүрүп, аны менен коштошууда бир аз ичиң ачышып жаткан жокпу?
– Жок, ал тууралуу такыр ойлогон жокмун. Мурун үйлөнбөй жүргөнүмдүн себеби, ажырашкандан абдан коркчумун. Анткени үйлөнүп, көп өтпөй эле ажырашкан түгөйлөрдү көргөм. Ошондуктан адамды бүт жагынан изилдөө үчүн мага убакыт керек болду. Өз бактымды таптым, аны менен бактылуу болорума көзүм жетти, мындан ары узартуунун кереги жок болуш керек.


star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (68)
Erika16
2016-08-10 18:30:05
бактылуу болгула!!!бири биринерди тушунуп омур бою бир болгула!!!
+2
Izdeim_seni.
2016-08-10 22:23:48
Такыр эле жакбайт ушу дайыр. Скользкий адамдай сезилет
0
Soni130587
2016-08-11 02:24:00
Бактылуу болушсун.
+1
Oshanka88
2016-08-11 13:33:12
Бактылуу болушсун
0
Kingsman
2016-08-12 03:59:58
Бири-биринерди тытып жегиле, ошол эле калды...
0
Guli000
2016-08-12 19:44:06
Бактыгул Бадыева кайда журду экен ошодон интервю алышынарды кутомун !
-1
Guli000
2016-08-12 19:46:05
Айтмакчы бул кызга тан калып жатамын Дайырдын эмнесине кызыгып тийип жатканын Дайыр жонундо анча жакшы кеп укпай келемин ошон учун тан калып жатамын.
-4
aikol87
2016-08-12 22:01:42
Дайырды сыйлайм.бактылуу болгула.
-1
kkeldibek24
2016-08-13 02:00:45
Азамат! Озунду пиарлабасан авторитетин кыйла тушуп кетти.
+1
Aby
2016-08-13 15:22:25
ушу жигит негизи ырчы катары эч качан купулума толгон ыр ырдабады, а так бактылуу бол иним.
+1
glaz_almaz
2016-08-13 19:25:09
Бактылуу болгула! Таптым, жашашыма козум жетти дебей, Аллах Буйруса (Ин Шаа Аллах) деген созду айтканды унутпагыла. Бардык нерсе Аллах каалагандай болот.
+1
nur007mir009kg
2016-08-14 01:48:21
Бактылуу болгула. Кармашкан колунар эч качан узулбосун.
0
beleka
2016-08-14 14:49:53
Бактылуу болгула кармашкан колунар узулбосун.
0
ruffo90
2016-08-14 16:57:23
Суйгонум деп коёт, а соцтармактарда озунун баракчаларында бул кыз м.н тушкон бир да суроту жок.
+1
Guli000
2016-08-14 17:02:59
ruffo90,Тоок суйуу болсо керекта бул ))
-1
nurillm
2016-08-14 20:50:17
Бутылку бол
0
№ 718, 05-август-11-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан