КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНЫН ГИМНИН 9 ЫРЧЫ АТКАРДЫ

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын гимнин Ырыскелди Осмонкулов, Кайрат Примбердиев, Темир Назаров, Жийдеш Идирисова, Гүлнара Тойгонбаева, Нурайым Азыкбаева, Адил Чекилов, Гүлзада Рыскулова, Эрлан Кенжегулов аткарышты. Ырыскелди Осмонкулов бул тууралуу: "Негизи көп эле мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга конок катары чакырылып жүрөм. Бул жолку Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында гимнди аткаруучулардын бири болдум. Гимн – бул татаал музыкалык жанрга кирет, аны ырдаш үчүн ыргагын, изин табыш керек. Көчмөндөр оюндарынын гимни бир аз заманбапташтырылган музыка менен жазылыптыр. Бир укканда гимнге эмес, популярдуу ырга да окшошуп кетет. Гимнден сырткары бул оюндарда комузчу Асанбек Кыдырназаров"Кыргыз көчү" деген күүсүнө текст жазып, "Жети ата" деген ырды ырдап чыгайын деп жатам. Учурда ыр жазылып жатат, ырларды тескөө комиссиясына жагып, концерттик программага бекитилсе эле угуп каласыздар",- дейт.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
jalalabad93
2016-08-08 12:51:05
Жети ата жакшы ыр окшойт аталышына караганда
+1
Shat.88
2016-08-08 23:27:57
Аа азаматтар,
+1
fly2010
2016-08-10 10:52:16
Кыргыздын сыймыктары онорунор оркундосун!
+1
Soni130587
2016-08-11 02:55:03
Алга Кыргызстан.
+1
coco_chichi.01
2016-08-12 09:25:30
Жакшы
+1
Kroxa
2016-09-07 09:05:13
Азаматсынар алга!!!
0
№ 718, 05-август-11-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан