ЖАМИЛЯ МУРАТОВА 50 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИН БЕЛГИЛЕДИ

Ырчы, композитор Жамиля Муратова 1-август күнү 50 жылдык мааракесин белгилеп чоң той өткөрдү. Ырчыны куттуктап байланышканыбызда: "Көз ачып-жумгуча 50 жаштын ашын ичип калыптырмын. Бул дата менен кошо неберем Алимхан сүннөт той берип, дос-курбу, кесиптеш, сахналаштарымдын баарын чакырдым. Кыргыздын аттуу-баштуу адамдары келип куттуктап кетишти. Тойдун өзгөчөлүгү – сахналаш кесиптештеримди тойдо ырдаттырган жокмун. Жөн гана чын жүрөктөн тойго келгендей эс алып кетүүсүн кааладым. Концерттик программада көбүнчө окуучуларым ырдап, өз өнөрлөрүн тартуулашты",- деп билдирди.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Marjan90
2016-08-10 22:38:10
Туулган кунунуз кут болсун эде
0
arytur
2016-08-13 19:20:02
ушул эженин талантын сыйлаймда.бар болунуз.
0
№ 718, 05-август-11-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан