"КАЙЫН ЖУРТУМДУН ЗАПКЫСЫНАН ТАЖАДЫМ!"

– Сен келгенден бери ишибиз жүрүшпөй койду! Атамды жерге бердик, насыядан башыбыз чыга элек! Көк мээ иним сага кайдан үйлөнүп калды эле?!
– Эже, үйдөгү жамандыктардын баарына менин тиешем жок болсо керек...
Кайнежемдин ачуу сөз­дөрүнөн ушинтип коргоном. Үйдө кайненем, кайнатам, күйөөдөн бир кызы менен ажырашып келген кайнежем, эки кайын сиңдим менен жашачубуз. Жакында эле кайнатам каза болуп, жерге бердик. 3 жылдан бери насыя төлөп кыйналган күйөөм Нурбек атасын бул дүйнөдөн татыктуу узатам, эл эмне дейт деп намыстанып бирөөдөн үстөккө акча алып, карызга белчесинен батты. Үйдө Нурбек жалгыз эркек, каржы жагын толугу менен жолдошум тейлейт. Эки кайын сиңдимди окутуп, оорукчан кайненемди жыл сайын санаторийге дарылатып турат.
Секелек кезимде чоң үй-бү­лөдө жашасам деп кыялданчумун, анткени кичине кезимде эле атам каза болуп, апам мени жалгыз тарбиялаган. Кайын журтум менен чогуу шаар четиндеги жаңы конуштардын биринде жашайбыз. Жаңы конуш деген аты болбосо, кадимки айылдан айырмасы жок. Мал кармайбыз, сүттү дүкөндөргө алып барып өткөрөм. Нурбек жакшы адам, элпек, адамгерчиликтүү, башкысы мени сүйөт. Бирок ушундай кайын журтка туш келем деп үч уктасам түшүмө кирбептир. Башында анча билинген эмес, кийинчерээк ар биринин өзүнчө кылыктары чыга баштады. Кайын сиңдилерим мага атаандашып, мендей кийингиси, меникиндей телефондуу болгусу келишет. Мен жаңы кийим алган сайын үйдө ызы-чуу. Бир жолу кайненем уулуна:
– Балам, кымбат телефон алып берип катынды анча эркелетпе, эртең башыңа чыгып кетсе, өзүңдүн башыңа түшкөн мүшкүл иш болот,- деп калды.
– Апа, коюңузчу...
– Койбой эле, мына, телефон алып бергениңден бери эки карындашың "жеңемдин колунан телефон түшпөй калды" деп жатышат. Баарына тегиз мамиле кыл, катынды бир тууганыңдан өйдө көрбө!- деп тилдегендин эртеси күнү эки кайын сиңдим дал меникиндей телефондуу болушту.
Кайнежем күйөөсүнөн ажырашып келгенден бери жашоом тозокко айланды. Ажырашам деп баламды көтөрүп төркүнүмө кетип да көрдүм, болгон жок. Кайнежем "бала белде, катын жолдо" деген кепти абдан жакшы көрөт. Ажырашканына эки ай боло элек жатып күйөөсү башкага үйлөнүп алыптыр. Жаман сөздү ким көп айтса, ошонун башына айланып келет окшойт.
Бизде жеке жашоо деген жок, кененирээк уктай албайбыз, эшикти каккылабай эле кимиси болсо да ачып кире берет. Кээде жолдошумдун боштугуна жиним келет. Баскан-турганым кайненем менен кайнежемдин көзөмөлүндө. Көзү көргөн нерсеге кийлигишет. "Эрте тур, чай кой, уйду саа..." Кышка камдаган кыямдарды санап койгонучу, мени төркүнүнө ташыйт деп ойлошот. Айтор, мындай жашоодон абдан тажап турган чагым. Эгер бөлүнөбүз десек, албетте, кайненем баласы экөөбүздү ажыраштырып тынат.
Мени таарынтканы, жолдошумдун мага бир да жолу болушпаганы. Кайненем, кайнежем тилдеп жатканда бир ооз ачып койбойт. Кээде мен кимге турмушка чыктым деп арданып кетем. Бөлмөгө киргенде ыйлап ичимдеги буктун баарын жолдошума айтып алганым менен, анын колунан эч нерсе келбейт. Турмушка чыкканыма эки жыл болду, бирок бактылуу келиндик доорумду сүрө алган жокмун. Кайын журт менен жашоо ушунчалык кыйын болорун билген эмесмин!

Назик

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
Zemagul
2016-08-08 23:34:43
точно эле менин 1-турмушумдай экен. бывшая кайнежем мага асылып атып озу ажырашып тынды. бывшая кайнене баласын мага кызганып атып, анысы азыр же уйлонгон жок, же иштен жок, айтор тушунуксуз. пейилди кенен коюп, ички дуйнобуз таза болсо, кудайым берет
+1
Kroxa
2016-08-09 00:37:00
Оххх..откондорду эстеп алдым 2 жыл эмне аз да.. мен 4,5 жылда болунуп кайнатам жок 3 кайынсиндим 2 кайним кайненем бар,,ооо корсотпогону жок болгон тарыхкка жазуу керек эле,,20жыл болду мен жендим,чыдадым азыр мен уже чооон кишимин унчукпаган женет,,азыр деле унчукпайм куйооготийип озулору жоошуп калган,,турмуш жоошуткан кайненем кыздарына айтат женендей бол деп,ичимден ии жениптирмин дегем..так что сабырдуубол тубу АЛТЫН болот!!!
+1
Stella_23
2016-08-09 04:02:04
Болнуп озунчо жашаганга эмне жетсин. Сабырдын да чеги болот, кулга кылган мамиледен да ашат го келинге. Сизге ийгилик, куйоонузго чечкиндуулук каалайм.
+3
mahabat.
2016-08-09 12:30:46
сиз бактылуу экенсиз жолдошунуз иштеп акча тапса.менин жолдошум 3жыл болду иштебейт.кайын журтум коруп билип туруп тонойт бизди.акча бер эт бер нан. бер деп.куйоом ташыйт энесине как будто акчаны озу таап аткандай.мен тапкан акчага кайын журтум чалчандап жашашат.айла жок куйоомду суйом чыдайм
+2
mega55
2016-08-09 16:43:58
mahabat.,Алладан кайтат,,,сиз да сабыр кылыныз...
+1
Ada3003
2016-08-09 13:50:27
Журогуно ала берип олуп калсан ким карайт баланды. Куйоон башка аял алат! Озунду ая биздей биздин балдарды эч ким жакшы корбойт бала деп жашайбыз бул омурдо. Кайненен айтса угуп коюп кайнежен айтса да угуп коюп ХХХ ХХХ журо бер! Хюррем болсон женесин !!! Куйооно да Хюрремдей бол!
+1
admin_superstan
2016-08-09 14:54:00
Ada3003, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
0
Ada3003
2016-08-09 13:52:54
Хитрая дегеним.... ыйлап сыктап сыгылып арыктап эмне кереги бар озуно карап жур!
0
miki-84
2016-08-09 15:00:00
Ошол эрден чыкан келинди мага жоноткун сазайн берейин
+3
mega55
2016-08-09 16:40:43
Сабыр...Кудайым суйгон пендесине татаал жолду берет дейт го...бизде деле ошол корунуш...Негизгиси жолдошунуз менен жакшы мамиледе болунуз...Ак ийилет-бирок сынбайт дешет го...башка куйоо же башка уй булоо жыргатмак беле...Озунузду алдап аракет кылып жашаныз уй-булоону сактап...Аллах баарын коруп турат....
0
Begimjan
2016-08-09 17:03:27
сизге эми 2 жыл болуптур чыданыз,магачы 6 жыл дагы деле ошол тирилик,ошол уруш дагын качанга чейн чыдайбыз.Аллахым бизге да бактылуу кундордон насип этсин.
+1
fly2010
2016-08-10 09:45:02
Кайнежен тилине жараша оюна жараша тагдырга туш болуптур. Кайын синдилерин да турмушка чыгат сага кандай мамиле кылса аларды да ошондой мамиле кутуп турат! Сен тороп бала чакалуу бол балдарын чоноюп калганда моорой сеники. Баарына чыдап жаркылдап кулуп журо бер ишинди так аткарып. Анан баары сага ыраазы болушат. Бактылуу болосун Кудакааласа Амин
+1
gulmira12345
2016-08-11 16:02:01
турмушун эшек арава туулдун калдын кара балээге
-1
qwert
2016-08-11 17:47:13
Сабр кылыңыз. Аларга Аллахым инсап берсин.
0
samidinova84
2016-08-12 12:29:15
Ой эки жыл азда,андай азаптын канчасын коруп,акыры жендик окшойт бала чака чонойгондо.Бирок баари бир келинбизда анча мынча жерде сиз жакшы деп сыйлап коюш шарт.
+2
guljaz
2016-08-14 17:28:39
Мындай проблема 2 жыл эмес 20 жылда деле бутпойт,"катын жолдо бала белде"деген соз биздин кайнененин да жакшы коргон созу эле,эн кичуу кайним 4 аял алып кетирип,бешинчисин издеп атышат,ал созду азыр такыр айтпай калды.
+1
adiko11
2016-08-14 22:56:56
Ээ турмуш ушунусу менен кызык менин да жолдошум жакшы эле бизде да болгон менде бир кайнеже эки абысын болгон ошолор мени жамандап эриме кайненеме уруштурат кетем деп кетем уч балалуу болгуча ушул кун акыры жукторуну апкет деди апкетим андан кийин жолдошум биздин ордубузду билип уйбулоо не экенин тушунуп барып экообуз москвага кеттик баары карщы болсо да азыр аллага мин мерте шугур уй салдык бар жогубуз жетиштуу чыдап журдум эле азыр баары оздору келип мамиле жасайт
Сабр берсин кудайым
+1
№ 718, 05-август-11-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан