Ош-Бишкек жолунун боюнда жайгашкан Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылы башталганда эле жол боюнда сатылып жаткан түрдүү ашкабактарга көңүл бурулат. Унаабызды токтотуп ашкабак сатуучулардан сураганыбызда, алар айылдын элинин көбү ашкабак эгип бизнес кыла тургандыктарын айтты. Анда калган сөздү айыл тургундарынан угалы.
"1 ГЕКТАР ЖЕРДЕН 100 МИҢ СОМДОЙ ПАЙДА ТАПСА БОЛОТ"
Маматазиз Топчубаев, 47 жашта:
– Кызыл-Адыр айылында 15-20 жылдан бери ашкабак эгип, бизнес жасагандар көп эле. Мен быйыл 1 гектар аянтка салмагы 4-10 килограммга чейин жете турган 5 түрүн эктим. Ашкабак 110-120 күн дегенде бышат. Учурда бышкандарын терип сатып жатам. Дүңүнөн даанасын 35-55 сомдон өткөзөм.
Киреше
1 гектардан болжол менен 4000 даана ашкабак алынат.
Ошондо 4000x45 сом=180 000 сом. 180 000 - 73 400 = 106 600 cом
Таза киреше – 106 600 сом
"АШКАБАКТАН АКЧА ДА, ООРУГА ШЫПАА ДА ТАБЫЛАТ"Санжыра Мамасадыкова, 71 жашта:
– Мен декоративдүү ашкабактардын 4-5 түрүн дүңүнөн алып, кайра сатам. Үйдө бекер отургуча акча табуунун айласы. 1 күндө 130-160 даана өтөт. Бир даанасын 10 сомдон алып, кайра үстүнө 5-7 сомго чейин кошуп сатам. Кан жол болгондуктан орусубу, тажигиби, айтор, кызыгып токтоп алып кеткендер көп. Көбүнчө "муну кантип жесе болот?" деп сурашат. Биз фаршталган ашкабак даярдасаңар жакшы деп рецебин айтып беребиз. Же "Супер-Инфо" гезитинин сайтына кирип карасаңар, бир топ рецепттер бар деп айтабыз. Анткени айыл эли, анын ичинде өзүм, келиним "Супер-Инфону" дайыма окуп, рецепттерин үйрөнөбүз.
"Кымча белден" (восьмёрка сорту) манты, самса бышырылат, "сүт ашкабакты" (бадам сорту) сүткө бышырып жейт. Айылыбыздын тургундарынын көбү ашкабак эккендиктен бизди "ашкабак айыл" деп коюшат.
Табыптардан, врачтардан "ашкабакты тамакка көп колдонсо ичегилер тазаланат, рактын алдын алат, боор, бөйрөк ооруларын айыктыруучу касиети бар. Уругу ичтеги мите курттарды өлтүрөт" дегенди уккандыктан биз да ашканада көп колдонобуз.
"БУЮРСА, МЭЭНЕТИМ КАЙТАТ ДЕП ТУРАМ"
Шакап Дооронов, 34 жашта:
– Быйыл мен да элге окшоп ашкабак эгип көрөйүн деп 1 гектарга айдадым. Анткени андан бизнес жасап пайда таап, үй салып, кыз берип, келин алып жатышат. Буюрса, түшүм жакшы эле. Канча пайда табарымды так билбейм. Бирок мээнетим жакшы эле кайтат го деп турам. Үйдөн ашкабактын ичине туурамжы салып бышырып жейбиз. Бирде ичине эт менен пияз салышса, бирде сарымсак менен картошка кошушат.
"КЫРГЫЗСТАН АШКАБАКТЫН УРУГУН ИСПАНИЯГА, ТҮРКИЯГА ЭКСПОРТТОЙТ" Аркадий Кан, "Тянь-Шань уругу" айыл чарба кооперативинин директору, агроном:
– Ашкабактын мекени–Мексика. Дүйнө жүзүндө 1000ге жакын сорту бар. Кыргызстанда ашкабак баш-аягы 900-1000 гектарга жакын эгилип, 9 сорту: жүз фунттук (стофунтовая), бадам (миндальная), сероволжская, херсонская, декоративдүү, мозолевская, бал (мёдовая), ТСХА (вировская), восьмёрка өстүрүлөт. Жер тандабайт, бирок тоо этектеринде жакшы өсөт. Тамыры 1 метрге чейин жетет. 1 гектардан сортуна жана карап-багуусуна жараша 20-45 тонна түшүм алса болот.
Курамында суу, май, органикалык кычкылдар, витаминдер, кант, каротин, жез, цинк, кобальт жана башкалар бар. Элдик медицинада ичеги курттарын жок кылууда, циститте, простатитте, бөйрөк, боор, жүрөк-кан тамыр ооруларында, ичти жумшартууда колдонулат. Ичеги, ашказаны ооругандар врачтын кеңеши менен жебесе, оорусун күчөтүшү мүмкүн. Кулинарияда түркүн даамдар жасалат, андан тышкары джем, пюре, икра даярдалат.
Майы фармацевтикада, парфюмерияда, элдик медицинада колдонулат. Кыргызстан кээ бир сортунун уругун Испанияга, Түркияга экспорттойт. Кээ түрү малга тоют катары пайдаланылат.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg