Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ДЖИ

№719 12-август-18-август, 2016-ж


(Башталышы өткөн сандарда)

– Ошону менен балдар үйүндө мен күчтүүлөрдүн катарында жүрүп бой жеттим,- деп сөзүн улантты... – Андан кийинки жашоомдо деле ошондой болду. Аскерден кайтып келген соң мени сыйлап турган балдарды топтодум да, ар кимди тоноп, уурдап жан багып баштадым. Бул мен билген жакшы жашоо жолу болчу. Жакшы кийим көрсөм бирөөнүн жонунан коркутуп-үркүтүп чечип алуу, бербесе күчкө салып, кыйнап тартып алуу мага түккө арзыбаган иш болчу. Курсагым ток, кийимим бүтүн, баары мени сыйлашат. 90-жылдар мендей акмактар үчүн гүлдөгөн маал болду. Ошол тапта Алматынын чок ортосунан батир алып, байларча жашап баштадым. Алдымда ал кезде чанда келген немистердин унаасы. Өзүм жапжашмын. Эч кимди көзгө илбеген, анча-мынчаны туура эмес көз карашы үчүн өлөрчө сабап салчу, баары сыйлаган мыкаачымын. Ошентип жүргөн тапта, бир ирет мен көчөдөн Маржанды көрүп калдым. Апакай көйнөк кийип алып сабагынан кайтып келе жаткан экен. Мен мурда мындай сулуулукту көргөн эмесмин. Апкаарып эле туруп калдым. Анан күнүгө ошол Маржан өтчү көчөгө эки маал келчү болдум. Эртең менен сабагына баратканда бир, кечинде сабагынан чыкканда дагы бир көрөм. Ошого эле ичимден канаат кылып, кубанып калам.
Бир ирет Маржан келер маалды күтүп отуруп унаамда уктап кеткен экенмин. Терезем тыкылдаганынан ойгонуп кетсем, бажырая күлүп Маржан турат.
– Эмне, бүгүн уктап калдыңызбы?- дейт. Түшүнбөй эле калдым.
– Мен сизди байкап жүрөм, сиз дайыма мени көздөрүңүз менен сабагыма, сабагымдан үйүмө чейин узатчу эмес белеңиз,- деди кыткылыктап. Ыңгайсыз болуп кеттим. Уялганымдан кызарып алгам.
– Узатасызбы?- деди анан күлүп жаткан калыбында. Мен өмүрүмдө биринчи жолу ошондо кыз жандап, аны үйүнө чейин узатып көрдүм. Баягы эч кимди аябаган мыкаачыдан заматта алсыз, уялчаак бир жигитке айландым.
Мен жашоодо ак-кара түстөрдөн башка да түстөр бар экенин сезе баштадым. Маржанды жан дүйнөм менен берилип сүйүп, тагдырыма ыраазы боло түштүм. Бирок мен ким элем? Мен ата-энесиз өскөн, ар кимди тоноп, ар кимге салык салып жашаган мыкаачы болчумун. Ал эми Маржандын ата-энеси жогорку кызматтагы адамдар эле. Алар мага кызын бермек эмес. Мен Маржан үчүн өзгөрүлөйүн деп чечтим. Ошентсе да анын ата-энеси биздин бактыбызга каршы болду. Акыры Маржан экөөбүз келиштик да, Москвага бирге качып кеттик. “Ата-энем акыры кечиришет. Мен сенсиз жашай албайм...” деди Маржан.

ххх

Өмүрүмдө биринчи ирет мени башка бирөө, болгондо да мага периштедей сезилген Маржан жакшы көрдү. Мен чексиз бактылуу элем. Маржаным менин эл катары жашап башташыма шарт түздү. Өзүм ак эмгек кылып, үй-бүлөмдү багып баштадым. Оор жүк ташуучу унаа айдачумун. Кыргызстан, Казакстан, Орусияны түрө кыдырып жүрөм. Үйдөн алыска кеткен маалда Маржанымды сагынып, ага жетсем деп элеп-желеп болуп кетер элем. Кудайдын буйругу экен, Маржан экөөбүз балалуу боло албай койдук. Мага бирок баланын деле кереги жок болчу. Ай чырайлуу, адамдык мыкты сапаттары бар келинчегим болсо эле дүйнө тегиз сезилер эле. Бирок Маржан балалуу болбой жатканыбызга бушайман боло берди. Күнөөнүн баары менде экен. Кандай болсо да мен тукумсуз өтмөкмүн. Маржан мени таштап кеткен жок. Мага да айып такпады... Болгону күндөн-күнгө соолуй берди.
Узак жолго чыкканда мен Маржанды бактылуу кылуу үчүн бала багып алуу керек го деп ойлой берер элем. Бирок заматта эле Маржандын болгон сүйүүсү балага өтүп кетсечи, мага көңүл бурбай калсачы деп кызганып чыкчумун.
Бир жолу кыштын күнү Кыргызстанга жүк таштап, унаам менен кайра Москваны көздөй жөнөгөм. Казакстанга кетчү жолдо жалгыз бараткам. Түн. Бир убакта жол жээкте оодарылып жаткан жеңил унааны көрүп калдым. Мен адатта жолдон далай жол кырсыктарын көрчүмүн, бирок токточу эмесмин. Андайда Маржаныма барчу жол узарып кетпесин дейт элем. Бирок бул жолу токтоюн деп чечтим. Кыязы айдоочу тайгак жолго рулун алдатып жиберген окшойт. Унаа төбөсү менен түшүп жатат. Ичинен чыркырап ыйлаган үн угулат. Шашып-бушуп эле унаага жетсем канга боёлуп бир жигит, жаш келин, анан эки кичинекей наристе жатыптыр. Наристелердин бири жансыз, бири чыркырап ыйлап жатат. Ата-энеси эбак дүйнө менен кош айтышыптыр. Эшиктин суугу чучукка жетет. Мен ошондо бир гана нерсени ойлодум. Өлүп жаткандарга боорум ооруган жок, болгону ушул тирүү калган наристени мага Кудай өзү берди деп ишендим да, аны алып унаама чуркадым. Заматта көз алдыма бактылуулуктан көзү жайнай түшкөн Маржанымды элестеттим. Экинчи наристе жансыз жаткан болчу. Аны өлдү деп эле ойлодум. Шашып калдым. Унаанын ичинен чачылып жаткан сумканы карап упчулуу бөтөлкөнү таптым. Анан ошондо сумкада эки наристенин жана анын ата-энесинин документтерин көрүп калдым. Ойлонгонго убакыт жок болчу. Документтерди өрттөп жибердим. Унаама болгон күчүмдү салып, катуу ылдамдыкта жөнөп кеттим. Азыр бул окуя ушунчалык таң калычтуу угулат, бирок дээрлик Кыргызстандан Орусияга чейин ашып барса 5-6 айлык кызды ороп-чулгап отуруп жетип алдым. Ар кайсы жерден токтоп, ага тамак берип, алдын тазалап келе бердим. Ооба, буга ишениш кыйын...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Башка сандарда:
Комментарийлер(29)
15.08.2016. 08:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
11-06-2016
Соӊку аракети:
06-10-2016 22:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
-6
Мен биринчи!
15.08.2016. 08:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
01-11-2018 13:44
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мен экинчи
15.08.2016. 09:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
11-06-2016
Соӊку аракети:
06-10-2016 22:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+5
Супер,мынча аааз??
15.08.2016. 09:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
15-07-2011
Соӊку аракети:
14-11-2018 23:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Екатеринбург
+1
Мыкты чыгарма
15.08.2016. 09:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
05-06-2018 11:42
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кандай сонун чыгарма бирок ото эле ааааааз супер сиздерден сураныч кобурооктон жазыныздарчы
15.08.2016. 09:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
18-05-2016
Соӊку аракети:
15-11-2018 00:36
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маладестер дагы эки жума узарткылачы Кыргызстанга жетем ошондо))))))))8
15.08.2016. 09:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
14-04-2016
Соӊку аракети:
11-10-2018 22:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Түп айылы
+2
Ар кимди тоноп жүрүп каргышка калса, Кудайым деле бала бербейт да, "бири кем дүйнө" деген ушул да...Ошондой "авторитет" болуп жүрүп, анан оор жүк ташуучу унаа айдап калат? Унаасында упчулуу бөтөлкө жүрөт?
15.08.2016. 10:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
09-06-2016
Соӊку аракети:
29-08-2018 04:35
Жынысы:
Белгисиз
+4
MIRBOLOT,упчулуу ботолкону кырсыкка кабылган машинадан алганы жазылып турат го.Чачылып жаткан сумкада ботолко анан документтери бар экен деп
15.08.2016. 10:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
21-12-2015
Соӊку аракети:
11-10-2018 11:25
Жынысы:
Белгисиз
0
MIRBOLOT,Унаасында упчулуу ботолко берки авария болгондордуку болсо керек.
15.08.2016. 13:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
583
Катталган:
04-09-2014
Соӊку аракети:
14-11-2018 20:40
Жынысы:
Белгисиз
0
MIRBOLOT,Маржанга жолугун онолдум деп атбайбы,женил машинаны таштайт да ак меенет м.н нан таап жейм десе.
15.08.2016. 09:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
04-08-2016
Соӊку аракети:
31-03-2017 17:02
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен акыркы
15.08.2016. 10:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
06-08-2015
Соӊку аракети:
01-11-2018 14:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бактылуулар дуйносу.
+1
MIRBOLOT botolkonu avariya bolgon mawineden tapty go. adokumentterin orttop saldy. Oilogonumdai ele ekoo egiz eken da.
15.08.2016. 10:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
118
Катталган:
12-02-2016
Соӊку аракети:
15-11-2018 10:55
Жынысы:
Белгисиз
0
коп коптон жазып бутуруп салгылачы супер!!!
15.08.2016. 11:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
07-03-2016
Соӊку аракети:
15-11-2018 10:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кадамжай
0
Журокту эзип буттуго тезраак бутсо экен куто берип тажай турган болдукко
15.08.2016. 12:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
660
Катталган:
20-04-2014
Соӊку аракети:
10-04-2017 12:23
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жакта сериал,ал жакта олимпиадачылар журокту сыгып бутту.
15.08.2016. 19:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
25-11-2013
Соӊку аракети:
23-01-2018 20:17
Жынысы:
Белгисиз
+1
aikol87,хехехе боорду эзип коесуңар да>)))))))))
16.08.2016. 19:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
660
Катталган:
20-04-2014
Соӊку аракети:
10-04-2017 12:23
Жынысы:
Белгисиз
0
nagishka,чында)))
15.08.2016. 19:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
14-08-2016
Соӊку аракети:
04-05-2017 09:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кошулдум кудайга шугур
16.08.2016. 01:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
144
Катталган:
05-08-2014
Соӊку аракети:
23-05-2017 16:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Талас
0
Кызык жерине келгенде((((. Арууке неге ыйлаган жок болду экен
16.08.2016. 02:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
26-06-2016
Соӊку аракети:
26-03-2017 02:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
кийинкисин кутобуз... чыдамсыздык менен....
16.08.2016. 02:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
08-09-2015
Соӊку аракети:
03-02-2018 12:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кадамжай, Ош
0
Супер кайсы жылдызга кайсы жылдыз туура келет ошол жонундо жазгылачы же бул ширк болобу кандай ойлойсунар турмуш курууга келгенде жылдызы жылдызына туура келишкерек дешетго
17.08.2016. 11:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
01-06-2015
Соӊку аракети:
15-11-2018 11:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурат олду деп ойлогон кыз Арууке окшойт ошондо
17.08.2016. 11:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
01-06-2015
Соӊку аракети:
15-11-2018 11:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Бутойун деп калды окшойт
17.08.2016. 11:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
01-06-2015
Соӊку аракети:
15-11-2018 11:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Кино тартса класс болмок
17.08.2016. 15:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
26-06-2016
Соӊку аракети:
26-03-2017 02:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Aisuluu160790,
ооба аябай сонун сериял болмок...)
18.08.2016. 00:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
29-07-2016
Соӊку аракети:
14-12-2016 18:25
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буткучо карып кете турган болдук. Эми бутот экен десе жаны окулар башталат да.
18.08.2016. 16:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
29-07-2016
Соӊку аракети:
14-12-2016 18:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Oshken26,жаны окуялар.
21.08.2016. 14:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
18-02-2015
Соӊку аракети:
15-06-2018 11:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Э
0
Кино кылып тартып чыгарса болчуудай екен абдан сонун жазылыптыр
09.11.2016. 17:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
12-04-2013
Соӊку аракети:
25-03-2018 17:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун соз жок озум да аябай башкача болдум оку.super.kg сиздерден дагы жакшы чыгармаларды кутом бир кундо окуп жетиштим бул чыгарманы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: