“Бет терисине эч кандай акча коротпой эле кам көрүүгө болот дегендер туура ойдо” дейт косметолог Алтынай Токтобаева. Ал кымбат баалуу косметикалык каражаттарды муз жана буу алмаштыра аларын айтат.
МУЗ ТЕРИНИ СЕРГИТЕТ
Батышта бетти муз менен сүртүү көпчүлүк айымдардын күнүмдүк процедурасы болуп саналат. Анткени муз менен сүрткөндө бошоп, шалбырай баштаган бет териси тартылып, сергип, бырыш кечирээк түшөт. Бул процедураны эртең менен тониктин ордуна колдонуу керек. Ал үчүн эки кубик музду алып массаж жасоо, сызыктары боюнча бетти сүртүү зарыл. Музду бир жерге кечке басып турууга болбойт, токтотпостон сүртүү туура. Сүртүүнү 2-3 жолу кайталап, тери кургагандан соң бет май сүйкөө керек.
Көздүн тегереги үчүн муз. 2 аш кашык кургатылган кырк муунду (хвощ) жай отто 2 стакан сууга кайнатып, тундурмасын тоңдуруу керек.
Майлуу жана аралаш терилер үчүн. 1 аш кашык кайыңдын бүчүрүн 1 стакан сууга 5-10 мүнөт кайнатып, тоңдуруу зарыл.
Кургак терилер үчүн. 5-6 даана ит мурундун ашына 1 стакан кайнак суу куюп жай отто 10 мүнөт кайнатып, муздатып тоңдуруу керек.
Жаңыдан бырыш түшө баштаган териге. Сүткө теңме-тең суу кошуп тоңдуруп сүртүү керек.
БЕТТИ БУУЛООБуулоо учурунда бет терисинин клеткалары ачылып, нымдашып калат. Бул учурда теридеги тактарды, кирлерди, өлгөн клеткаларды тазалоо ыңгайлуу. Буу менен тазалоонун эки жолу бар, ванна жасоо жана компресс коюу. Эгер ванна жасайм десеңиз, анда сууну кайнатарыңыз менен бетиңизди дароо тоспоңуз. Суунун температурасы 50 градус болушу шарт. Сеанс 10-15 мүнөткө чейин гана созулууга тийиш. Буулоо учурунда бет менен суу куюлган идиштин ортосунан буу чыкпасын үчүн сүлгү менен башты жаап алган оң. Буулагандан кийин дароо тоник менен сүртүп, азыктандыруучу же тазалоочу (чоподон) маска коюу керек. Тоникти үй шартында да жасоого болот. Ал үчүн 1 стакан таза сууга 1 аш кашык лимон ширесин кошуп даярдоо жетиштүү.
Эгер ысык компресс коюуну кааласаңыз, анда пахтадан согулган кездеме тандаңыз. Аны бет күйбөгөндөй тундурмага малып, муздаганча бетке жабуу керек. Процедураны 3-4 жолу кайталоо зарыл.
Нормалдуу теринин ээси 10 күндө бир жолу кайнак сууга чалкан, лаванда кошуп бууласа болот.
Майлуу жана аралаш терилүүлөргө жумасына 1 жолу лимон, жалбыз, чабрец буу ваннасын жасоо сунушталат.
Кургак терилүүлөр 15-20 күн аралыгында бир жолу кайнак сууга лаванда, ромашка же календула кошуп буулашса болот.
Эгер дары чөптөр жаныңызда жок болсо көк чайды демдеп, аны менен сүртүүгө да болот. Жыйынтыгы сизди кайдигер калтырбайт.
Эскертүү! Бет терисине “ысык” жана “муздак” кам көрүү кан тамыр оорулары, тери оорулары менен жабыркагандарга сунушталбайт.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg