Салтка айланган «Карагат фест» мөмө-жемиш фестивалы бул сапар 6-августта карагай черлүү Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында болуп өттү. Өлкөбүздүн чар тарабынан чакырылган миңден ашык өндүрүүчүлөр келген конокторго өз продукцияларын жарнамалап, кызыккан тараптар менен сатуу келишимдерин түзүүгө жетишишти. 4 жылдан бери уюштурулуп келе жаткан фестивалдан жана «Карагат+» долбоорунан ким эмне тапты? Сөз башынан болсун.
КЕЛЕЧЕКТҮҮ ДОЛБООР
Жемиштерге арналган бул фестиваль көл кылаасын өнүктүрүүгө багытталган «Карагат+» долбоорунун бир бөлүгү. Башкы максат – Ысык-Көлдүн экологиялык таза жемиштерин даңктоо жана өндүрүүчүлөр менен кайра иштетүүчүлөрдүн ортосуна көпүрө болуу. 4 жылга эсептелген долбоорду «Кумтөр Голд Компани» каржылап, 2013-жылдан бери «АВЕП» коомдук фонду жүзөгө ашырып келген. Быйыл ал өз ишин жыйынтыктоодо. Бирок жакшы саамалыкты жергиликтүү бийлик улантуусу зарыл. Анткени белгиленген аралыкта программа айыл чарбасын алдыга жылдырууда эң чоң өбөлгө болгон.
Бул тууралуу район башчысы Жолдошбек Байсеитов иш-чара алдындагы маалымат жыйында баса белгиледи. Ал: «Долбоордун максаты жергиликтүү фермерлерди окутуп, 3-4 жыл ушундай фестивалды өткөрүүнү бир нукка салып берүү болчу. Ал ишке ашты. Эми "Кумтөрдөн" эле акча күтүп отура бербей, фестивалды жыл сайын ар бир район өз каражатына уюштуруп туруусу керек деп ойлойм. Булар бизге үйрөттү, эми улантуу зарыл. Анткени бул долбоордун алкагында жасалган иштердин келечеги кең»,- дейт.
Бүгүнкү күндө Ак-Суу боюнча 803 гектар жемиш аянты болсо, анын 69 гектарына карагат өстүрүлөт. Андыктан долбоордун жүрүшүндө түшүмдү арттыруу багытында өткөрүлүп жаткан жемиш өстүрүүнүн жаңы ыкмалары, тамчылатып сугаруу системи боюнча тренингдер фермерлерге абадай зарыл. Бүгүн да бул иштер улантылууда. Ошондой эле долбоордун алкагында райондогу социалдык объектилерге күнөсканалар курулган.
ОЙ ТОБО, ӨНДҮРҮҮЧҮНҮН ТАППАГАНЫ ЖОК...
Маалымат жыйындан кийин чак түшкө белгиленген фестиваль старт алып, айыл ичиндеги спорттук аянтча бир заматта майрамдык шаңга бөлөндү. Райондун 35 айылынан келген фермердик топтордун параддык жүрүшү менен ачылган салтанат андан ары кыргыз эстрадасынын ырчы-бийчилеринин аткаруусундагы концерттик программа жана түрдүү оюн-зооктор менен коштолду. Ал эми өндүрүүчүлөрдүн бири алма-өрүгүн, дагы бири карагат-малинасын, кээ бири көчөттөрүн, сүттөн жасалган азыктарын соодалап жатышты.
Алардын бири Жети-Өгүз районунан келген Кеңешбек Аккызов жарманкеге карагат багын алып келген. Кимдин болбосун назарын өзүнө тарткан бул карагатты кадимки карагаттар сыяктуу кыркып туруунун зарылчылыгы жок экенин айткан фермер: «Мунун артыкчылыгы – 12 жылга чейин түшүм берет жана мөмөсүнүн көлөмү биринчи жылы кандай болсо, кийин да ошонусунан жазбайт. Орусиялык багбандардын технологиясы менен пайда болгон бул карагат багынын бийиктиги 1,5 метрге жетет. 4 жылдан бери карагат өстүрүү менен алектенүүдөбүз. Учурда төрт миң түп карагат багынын көчөтүн өстүрүүдөбүз. Октябрь жана апрель айларында даанасын 100 сомдон сата баштайбыз»,- дейт.
Ал эми сокулуктук Мухаммедали Абдиладил уулу атасы ойлоп тапкан ышталган курут менен кытырак боорсокту жайылтуу үчүн мындай иш-чаралардан калбайт. Ал: «Балдарды табигый таза азык жесин деп кириешкинин, картошка калдырканынын (чипсы) ордуна кытырак боорсокту чыгаруудабыз. Бул ишти баштаганыбызга 3 жыл болду. Былтыр Түптө өткөн фестивалга катышып, келишимдерди түзүүгө жетишкем. Андыктан өндүрүүчүлөр үчүн мындай аянтчалардын мааниси абдан чоң»,- дейт. Куруттун дагы башка түрүн сунуштаган Айымжан Аманова болсо алыскы Жумгалдан келиптир. Кесиби боюнча мугалим эжебиз сүзмөгө ашкөк, пияз, сарымсак, ал гана эмес, ашкабакты да кошуп куруттун 19 түрүн чыгарат экен. Ал ишти былтыр гана баштаганына карабастан учурда АКШ, Германияга чейин сатыкка чыгарып жатканын билдирди.
КАРДАР ТААП, КИРЕШЕНИ КӨБӨЙТҮҮГӨ ДОЛБООР КӨМӨКЧҮ БОЛУУДА
"Карагат+" долбоору башат алып, фестиваль өткөрүлө баштаган алгачкы жылы фермерлер 60 тоннадан ашык мөмө-жемишин сатууга жетишсе, 3 жыл аралыгындагы жалпы көрсөткүч 745 тоннага жеткен. Алсак, Саруу айылынын тургуну Айнура Кадыр кызы дал ушул "Карагат фесттин" аркасы менен алма, алмурутка кардарларды тапкан. Ал: «Былтыркы фестивалда сатып алуучулар менен байланыш түзүүгө жетишип, аларга 200 тонна алмурут, 300 тонна алма өткөргөнбүз. Быйыл канча түшүм алсаңар, ошонун баарын алабыз дешүүдө»,- дейт. Ал эми бүгүнкү фестиваль учурунда 100 тоннадан ашык жемиш сатуу боюнча келишимдер түзүлөрүн «АВЕП» коомдук фондунун директору Нурлан Токонов маалымдады. Жарманкеге фермерлерден сырткары кол өнөрчүлөрдү, айыл чарба техникаларын, күнөсканаларды, тамчылатып сугаруу системдерин жана курулуш материалдарын сунуштаган ишканалардын көбүрөөк келе баштаганы долбоордун мааниси чоң экенин айгинелейт.
"БАЛДАРЫБЫЗ ДА ВИТАМИНДҮҮ АЗЫК МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУШТУ"
Аталган долбоордун алкагында фермерлерге үлгү катары көрсөтүү максатында көл кылаасындагы социалдык объектилердин, лицейлердин жана фермердик чарбалардын базасында 18 күнөскана курулган. Алардын бири Ак-Суу районундагы «Ак-Суу» балдар үйүндө жайгашкан. Балдарды эмгекке үйрөтүү менен катар аларды экологиялык таза, витаминдүү азык менен камсыздоону көздөп күнөскана куруп берүү өтүнүчү менен «Кумтөргө» кайрылган балдар үйүнүн жетекчиси Жеңишгүл Ниязова мындай дейт:
– Тилегибиз орундалып, 2014-жылы компаниянын каржылоосу менен «Карагат+» долбоорунун алкагында 1,1 сотых аянтка күнөскана курдуруп алганбыз. Өзүбүз өстүрүп жаткан помидор, бадыраң 90 балабыздын керектөөсүнө толугу менен жетүүдө. Негизи "Кумтөр" бизге көп жардам берип келе жатат. Мектепти аяктаган балдарыбыздын кесиптик орто билим алуусуна көмөктөшүүдө. Алардын жатаканасын, тамак-ашын, окуусун жана стипендиясын толугу менен компания өзү каржылайт. Ал эми адистикке ээ болуп чыккандары алтын кен ишканада эмгектенишүүдө. "Кумтөрдүн" аркасы менен эл катары буттарына туруп калышты.
Долбоор аркылуу былтыр дагы бир күнөскана Кажы-Сай айылындагы «Хадича» балдар үйүнө да белек кылынган. Учурда андан күн сайын 10-15 килограмм бадыраң түшүм алып жатканын айткан балдар үйүнүн жетекчиси Күлүшкан Ахматова: «Түшүм жакшы. Өзүбүз жегенден ашканын сатыкка чыгаруудабыз. Ушул жерден түшкөн киреше 24 тарбиялануучубуздун калем, дептерине, самын-сумунга жарап жатат. Жесең витамин, сатсаң акча экен»,- деп балдарга жардамын аябаган "Кумтөрдүн" жетекчилигине терең ыраазычылыгын билдирди.
Күнөсканалар менен катар облустагы долбоордун көмөгү менен 50 айылда демонстрациялык аянтчалар түзүлгөн. Анда фермерлерге тамчылатып сугаруу ыкмасы, мөмө-жемиштерин өстүрүү боюнча окутуулар өткөрүлүп келет. Алардын пайдасы абдан чоң экенин белгилеген Саруу айылынын тургуну Таалайбек Рыскулов: «Биздин билбеген нерселерибиз көп экен. Долбоорго катышып, айыл чарбасындагы жаңы технологияларды өздөштүрүп, мол түшүм берүүчү жаңы сортторго басым жасоо керектигин түшүндүк. Былтыр Алтайдан алынып келинген карагаттын жаңы түрлөрүн отургузуп, учурда аларды көбөйтүү аракетин көрүүдөбүз»,- дейт.
“КУМТӨР” ЭМИ ДА АЙЫЛ ЧАРБАСЫН УНУТТА КАЛТЫРБАЙТ
4 жылга созулган долбоорго «Кумтөрдүн» салымы 50 миллион сомдон ашуун каражатты түзгөн. Бул тууралуу фестивалдын жүрүшүндө маалымдаган компаниянын тобокелчиликти жөнгө салуу, ченемдик базаны сактоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча вице-президенти Родни Ступарик буларга токтолду:
– Айыл чарбасында жогорку технологиялык жаңы ыкмаларды өздөштүрүүгө багытталган «Карагат+» долбооруна 5 миңге жакын фермер тартылды. Алар тамчылатып сугаруу, өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча окуулардан өтүштү. Буга улай бул аймактагы орто кесиптик лицейлерде күнөсканалар курулуп, бул тармакка кызыккан жаштарды окутуу улантылууда. Долбоор башат алганда карагаттын түшүмдүү сортун жайылтуу максат кылынган. Иштин жүрүшүндө чет өлкөдөн алма, өрүк, алмурут сыяктуу мөмө-жемиштеринин да жаңы сорттору алып келинди. Белгиленген 4 жыл аралыгында бардыгы болуп жаңы сорттогу 33 миң түп жергиликтүү фермерлерге таратылды. Бир эле долбоор алкагында жасалган иштин көлөмү абдан чоң экенин жогорудагы сандар айтып турат.
Компания өкүлүнүн билдиришинче, долбоор толук жыйынтыктала элек болгондуктан жогорудагы сандар дагы өсмөкчү. Ал эми каржылоо соңуна чыкканы менен, айыл чарба багытындагы социалдык башка программаларды ишке ашыруу мындан ары да улантылат. Учурда экспортко чыгарылуучу өндүрүмдөрүн сертификациялоо фермерлердин негизги көйгөйү экенин белгилеген Родни мырза бул тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.
Фестивалга көл кылаасындагы кол өнөрчүлөрдүн буюм-тайымдарын алып чыккан «Бир айыл – бир продукт+1» коомдук бирикмесинин өкүлү Наргиза Эркинбаева экспорт багытында «Кумтөр» менен биргеликте долбоорлор жүзөгө ашарын билдирди. Атап айтканда, быйыл алтын кен ишкананын көмөктөшүүсүндө Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы коомчулукту активдештирүү боюнча долбоорлор ишке киргизилет. Анын алкагында аймактагы жамааттардын продукцияларынын сапатын жакшыртуусуна, алдыга жылуусуна жана өндүрүмдөрүн өлкө ичинен сырткары тышка экспорттоого шарт түзүү каралган. Учурда долбоордун чегинде Шор-Булак жана Ак-Сай айылдарында чакан цехтер ачылган.
Жогоруда айтылгандай, башында карагат менен малинага арналган долбоор минтип кулачы кең программага айланды. Эми биз ушул нукка салынган жакшы ишти каражатка шылтап калтырып салбай, улантып кетсек болгону...
Айтемир Аскеров