Акыркы жылдары түрк сериалдары популярдуу болууда. Сыналгыдан байма-бай кетип жаткан сериалдар кино сүйүүчүлөр арасында кызуу талкуу жаратып, өз күйөрмандарын кубандырууда. Анда эмесе, криминалдуу окуяларга бай, калыстыкты, сүйүүнү даңазалаган "Карадайы" тасмасы туурасында сөз кылабыз.
Аталышы – "Карадайы"
Тартылган өлкөсү – Түркия
Жанры – Криминал, драма
Чыккан жылы – 2012-жыл
Сценарийдин автору – Эйлем Жанполат
Режиссёру – Улуч Байрактар
Продюсери – Керем Чатай
Композитору – Тойгар Ышыкли
Башкы каармандар – Кенан Имирзалыоглу (Махир Кара), Бергүзар Корел (Фериде), Четин Текиндор (Назиф Кара), Мелике Ялова (Айтен)
КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Тасманын башы чыгыш жомогундай кызыктуу башталат. Стамбул аймагындагы Беязыт өрөөнүндө Назиф Каранын ынтымактуу үй-бүлөсү жашайт. Үйдүн ээси Назиф карапайым өтүкчү, бирок чынчыл, ак көңүл жана даанышман адам. Ал уулу Махирди да өзүндөй күчтүү, калыс жана шайыр кылып тарбиялайт. Ал жигит абдан бактылуу, себеби жакында сүйгөн кызына баш кошот. Бирок үлпөт күнү баары астын-үстүн болот. Кара Назифти уулунун үйлөнүү тоюнда адам өлтүрдү деген жалаа менен түрмөгө алып кетишет. Болгондо да "башкы прокурордун көзүн тазалады" деген айып тагылат. Бирок өтүкчүнү көптөн бери билип жүргөндөр ага жалаа жабылганын анык эле билип турушту. Аны өлүм жазасы күтүп турган. Махир үйлөнүүдөн баш тартып, атасын куткарып калышы керек. Жаш жигит өзүнө жасалма документ жасатып, атасынын ишин карап жаткан соттун, Фериденин жардамчысы болуп ишке орношот. Бул кызмат ага чыныгы кылмышкерди таап, атасын өлүмдөн аман алып калыш үчүн керек болчу. Фериде акылдуу, принципиалдуу, сулуу бийкеч жана жогорку даражадагы үй-бүлөдөн. Көп өтпөй эки жаштын ортосунда баш айланткан сүйүү сезими пайда болот. Бирок алар расмий түрдө никеге тура алышпайт. Себеби 1970-жылдары Түркияда бай менен кедей адамдын үй-бүлө курушу коомчулукта өөн учур катары каралган.
АКТЁРЛОР ТУУРАСЫНДА
Кенан Имирзалыоглу
Махир Каранын образын белгилүү түрк актёру Кенан Имирзалыоглу жараткан. Режиссёрдун башкы каармандын ролуна Кенанды тандоосу чоң ийгилик алып келген десек болот. Анткени ал эр жүрөк, калыс, душмандарынын жүрөк үшүн алган, кашык каны калганча акыйкаттык үчүн күрөшкөн баатыр жигит Махир Каранын образын жогорку деңгээлде ачып берген.
Бергүзар Корел
Атактуу түрк актрисасы жана модель Бергүзар Корел 1982-жылы кесипкөй актёрлордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Актрисалык карьерасын алгач популярдуу "Ирак – карышкырлар өрөөнү" түрк сериалына тартылуудан баштаган. Бергүзар Корел Түркияда өткөн кинофестивалдарда 8 жолу "Мыкты актриса" наамын алган. Айта кетсек, ал "Даңазалуу доор" сериалындагы баш каарман султан Сулеймандын образын жараткан Халит Эргенчтин жубайы.
ТАСМА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
Тазагүл Эмилбек кызы
star@super.kg