Бул кыз сахнага чыкканда ажары ачылып, көпчүлүктү суктандырып төгүлө ырдайт. Айрыкча бутун чечип бийлегенде сахна көрккө бөлөнөт эмеспи. Эмесе, ыр үчүн жаралган Айжамалдын кантип атактуулукка жеткенин чогуу тыңдайлы.
"КИЧИНЕМДЕ КӨК БЕТТЕНИП ТҮНҮ МЕНЕН ЖЕҢЕМЕ КЛАРА АЛИБЕКОВАНЫКЫНДАЙ ФОРМА ТИКТИРГЕМ"
– Мен 6 жашымдан 2-класска чейин таенемдин колунда жүрүп калдым. Алардын үйү тоонун түбүндө болчу. Тоого чыгып атамдын атын айтып кыйкырып ырдай берчү экенмин. Ыраматылык таенем "баккан мен болсом, анан каяктагы атасынын атын айтып ырдайт бул кыз" деп көпкө чейин айтып жүрдү. Үйүбүздүн алдында пайдубал бар болчу, ошол жакка айылдын кыздарын чогултуп келип, баарына гүл терип берип отургузуп, анан ырдап берчүмүн. Бирок ырчы болом деген тилегим жок эле. Мектепте бир майрамда ырдаганымда талантымды мугалим эжей байкап калып, атамды чакырып "бул кызыңардан мыкты ырчы чыгат, талантын өстүрүш керек. Шаарга алып баргыла" деп айткан экен. Бир ирет сыналгыдан "Кыз-Бурак" тобуна кыздар кабыл алынат" деген жарыяны окуп калып, атам мени Ошко алып бармай болду. Ошол кезде Клара Алибекова "Кыргызымдын жигиттери" деген ырды ырдап чыгып популярдуу болуп турган. "Миллионерша" деген жалтырак кездеме мода болуп, Клара ошондой кездемеден юбка, кофта кийип ырдачу. Ырчы кыз ошондой жалтырак кийим кийиши керек деп ойлоп алып, ата-энеме ошондой кездеме саттырып келгем. Кичинемде эле көк бет болчумун. Аны бир жеңебизге таң аткыча уктатпай тиктиргем. Ал байкуштун машинасынын ийнеси сынып, колдору тешилип эптеп бүтүрүп берген. Эртең менен аны кийип алып бара жатсам, атамдын инилери "ырдаганы бара жатасыңбы, кел, жумуртка ичип ал" десе, жумуртка жебеген жаным көздү жумуп эки жумуртканы жутуп алып жолду улагам.
"ГАСТРОЛДУН АЙЫНАН МЕКТЕПТЕ "3", "4" ДЕГЕН БААЛАРГА ОКУДУМ"
– Кастингге ырдаганы барсак көк Жигули айдаган аял келип токтоду. Аял киши машина айдаганын биринчи жолу көргөндүктөн таң калдым. Мен сүрдөп, тердеп-кургап ырдап жатсам "ии, жакшы, күлүп ырдаш керек" деди. Баары ырдап бүткөндөн кийин менден "каяктан келдиң?" деп сурап, "эртең кийим-кечең менен менин үйүмө келесиң" деп койду. Үйгө жеткенче атама "мен келбейм, мен ырдабайм" деп ыйлап баргам.
Ошентип 5-классты аяктаганда атам мени Гүлшайыр эжеге таштап кетти. Үйдө улуусу болгондуктан апама бөбөктөрүмдү багышып жардам берчүмүн. Мен кетип апам байкуш кыйналып калды деген ойлор жеп койчу. Башында үйдү сагынып, бекинип алып ыйлай берчүмүн. "Кана кара кыз?" деп Гүлшайыр эже кыйкырганда чуркап барып калам. Жаңы келген кыздар көнсүн деп Оштун четиндеги айылдарга гастролго чыгып жүрдүк. Анан Баткен тарапка гастролдоп 1 айга кеттик. Мындайды көрбөгөн жаным дагы ыйладым. Гүлшайыр эже "ырчы деген ыйлабаш керек, жылдыз болгуң келеби, үйдү унут. Үйүңө 5 айда бир жолу барсаң болот" дегенде менин "крышам" кетип калбадыбы, 5 ай үйгө барбайт экенмин деп.
Аңгыча сентябрь болуп, Гүлшайыр эже үйүнүн алдындагы №2-мектепке киргизип койду. Гастролго кеткенде мектепке барбай калчумун. "Биздин кызыбыз" деп мектептин директору баш болуп мени колдоп турушчу. Мектепте "3", "4" деген бааларга окудум. Гастролдон таң атканда келип, бети-башымды жууп эле мектепке барчумун. Анан эң арткы партага отуруп алып уктай берер элем.
"ЖАН-ЖАН" ДЕГЕН ЫРЫМ ХИТ БОЛГОНДО "КЫЗЫҢДЫ ЫРДАТПА" ДЕП АТАМДЫ БУЗГАНДАР БОЛДУ"
– "Кыз-Буракка" келгенде Гүлшайыр эже бизди даярдансын деп ыр берип, бөлмөгө бекитип салчу, "качан ырың даяр болсо чыгасың" деп. Жакшы ырдай албасаң "ичиң менен ырда" деп ичке сокчу. Ошентип биздеги Кудай берген талантты Гүлшайыр эже тарбиялап, бизди элге таанытты. Айылдагылар атама "кызың "Кыз-Буракта" ырдайт, кана, биз сыналгыдан көрбөй жатабыз го?" дей берип тажатышкан. Мен өзүм да айылга баргандан заарканып калгам. "Качан сени теледен көрөбүз?" деп сурай беришчү. Чындыгында концертте чоң сахналарга чыгып жүргөнүм менен, телевидениеге 5 жылдан кийин, 1997-жылы "Ысык-Көлдө Кадыр түн" деген фестивалда чыккам.
Анан эле 1998-1999-жылдары "Жан-жан" деген ырым хит болуп, атым элге таанылды. Ошондо көрө албагандар чыгып, "кызыңды эмнеге ырдатып жатасың?" деп атамды бузгандар болду. Атам "ырдабайсың!" деп чыкты. "Ата, бир убакта мен ырдабайм деп безилдеп ыйлап жатсам алып келип таштап кеткен ким? Ошол убакта ырдатпай коюш керек болчу, эми мен ырдайм" деп көк беттенип туруп алгам.
"МЕНИ ТЕБЕЛЕНДИДЕ КАЛУУДАН ЫРЛАРЫМ САКТАП КАЛДЫ"
– Апамдын "менин жетпей калган максатыма сен жетесиң, кызым" дегени эсимде. Көрсө, таятам апамды "кыз киши ырдабайт, окубайт" деген түшүнүк менен окууга жибербей койгон экен. Айылга артисттер келип, апамдын ырдаганын жактырып алып кетели дешсе, таятам "кыз бала эч качан ырдаган эмес, ырдабайт дагы" деп каршы болуптур.
Кызым Жыпара ырга, пианиного кызыгат, балама футбол болсо эле болду. "Бешиктеги баланын бек болорун ким билет" дейт го, чыгармачылыкка шыгы болбосо ырда деп кыйнабайм. Мен аларды 5-6 тил билип дүйнө кыдырган билимдүү балдар болсо экен деп тилейм.
Чыгармачыл адамдар назик, ишенчээк, жакшыны да, жаманды да жүрөгүнө бат кабыл алган адамдар болот экенбиз. Мисалы, мен өзүм тууралуу ушак угуп, көңүлүм ооруп төшөктө жатып калган күндөрүм болгон. Акыркы болгон окуяда 3 ай башымды көтөрө албай жаттым. Менин ордумда чыгармачылыктан сырткары жүргөн адам болгондо тебелендиде калып калмак беле... Анткени мени бул тебелендиден ырларым куткарып кетти. Кыйынчылыкта колума кол, бутума бут болуп берген Гүлнара эжемди (ред. Калдарова) досум, бир тууганым деп айта алам. Ошондой эле экинчи апам катары мени тарбиялап ушул даражага жеткирген Гүлшайыр эже мени жашоодогу кыйынчылыктан сууруп чыкканына ыраазымын. Бул жалган жашоодо баары келип-кетет эмеспи, мага акыреттик 2 дос жетет. Өзүм шарактап көп дос күткөн кыз эмесмин. Мектепте окуп жүргөндө эле жалгыз жүрчүмүн.
Фатима Аккулова, апасы: "БАШКА БАЛДАРЫМДАН АЙЖАМАЛДЫН МҮНӨЗҮ ООР"– Айжамал 5 бир туугандын улуусу. Башка балдарымдан мүнөзү бир аз оор, он сүйлөсөң, бир сүйлөйт. Мисалы, кичүүлөрүн сүйлөбө десең да жарышып сүйлөйт. Ини-сиңдилери анын сөзүн эки кылышпайт. Өзүнөн кийинки сиңдисине үй жумуштарын кылдырып коюп, курдаш кыздары менен концерт коюп кетип калчу (күлүп). Аларга "сен ырда, сен бийле" десе, курбулары угуп калышчу. Анан эс кирип калгандан кийин "мен дагы ырдайм" деп калды, сыналгыдан кыздарды көрүп.
Башында ырчы болуусуна каршы болгонбуз. Талант деген тынч жатпаган нерсе тура, акыры макул болдук. Ошол кесиптин аркасынан жүрүп үй-бүлө күттү, балалуу болду дегендей.
Азыркы учурда чыгармачылыгын туу тутуп, катуу иштеп жаткан кези. Ал эми неберелерим менин колумда. Улуусу 9 жашта, кичүүсү 6 жаштан өтүп калды. Кызы апасын тартат окшойт, ырга-бийге шыктуу, апасынын ырларын кайталап ырдайт.
Гүлшайыр Садыбакасова, "Кыз-Бурак" тобунун жетекчиси: "АДАМДАР АЛДАП КЕТЕРИН АЙТПАПТЫРСЫЗ" ДЕП ЫЙЛАГАН"– Айжамал "Кыз-Бурак" тобуна 5-классында келген. Атасы Төрөбек кызын менин үйүмө жетелеп келген эле. Ырдатып көрсөм, чындап эле идиреги бар кыз экен. "Ушул кызым ырчы болсо эле болду. Сайкал кызыңыздай кылып тарбиялап, улуу кызыңыздай кылып кабыл алыңыз" деп таштап кеткен. Ошол убактан турмушка узагыча Айжамал менин колумда өстү. Мен ичкенди ичти, мен жегенди жеди. Сайкалга кийим алып берсем, Айжамалга да кийим алып берчүмүн, айтор, аны өз кызымдай көрүп бактым.
Ал кичинесинде уктаганды жакшы көрчү эле. Анын ар бир чыккан чейрегинде мен катышып, сабактардагы жетишкендиктерин тыкыр көзөмөлгө алып турчумун. Кайсы сабактан кыйналып жатса ошону окутуп, өзүмдүн колум тийбесе Кенжеге (ред. Дүйшеева) айтып, "мобуну үйрөт, өзү өсүп келе жаткан ырчы болсо, башка окуу жайга кирбей калат" дечү элем.
Бирок көп нерселерди үйрөткөнүм менен, ага бул дүйнөдө өтө ишенчээк болбош керек деген нерсени үйрөтпөптүрмүн. Өткөндө "сиз мага бардык нерсени үйрөтүпсүз, бирок жаман адамдар, жалганчылар көп болорун айтпаптырсыз" деп ыйлап жатпайбы. Анын жолдошу менен ажырашып кеткенин өтө кеч билдим, аны дагы өзүнөн укпадым, гезиттен чалып угузушканда мага ок тийгендей эле болду. Эгерде мурда билгенимде анда үй-бүлөсүн сактап калууга мүмкүн болот беле деп калам.
Гүлнара Калдарова, ырчы: "АЙЖАМАЛ АЗЫРААК СҮЙЛӨП, КӨБҮРӨӨК ЫРДАЙТ"– Мен аны сиңдим десем да болот, досум десем да болот. 1994-жылы топко келдим окшойт, менин артымдан эле Айжамал келген. Анда мен 17-18 жашта болсом, ал 11деги кичинекей кыз болчу. Анын инсан катары калыптанышына Гүлшайыр эженин салымы чоң. Ошол эле ашканада аябай мыкты ашпозчу деп айта алам. Өзгөчө камыр тамактарды катыра жасайт. Баарынан мантыны бат эле жасап коёт, ошого көп таң калам. Өзү эне болуп калса да мага дале баладай сезилет. Мүнөзү аябай жөнөкөй, баладай ишенчээк. Анан дагы аябай токтоо, аз сүйлөйт. Бир эргүүсү келсе токтобой бабырашып калат. Негизи Айжамал азыраак сүйлөп, көбүрөөк ырдайт (күлүп). Адамдарды да ылгабайт, баарын бирдей көрөт. Учурда жашоодо жаман-жакшыны көрүп калды, мындан ары адамдарды иргеп калат деп ойлойм. Жакында эле гастролго чыгып келдик Айжамал болуп, эл сагынып калган окшойт, аябай жакшы кабыл алды.
"Кичинемде жаагым басылбаган ыйлаак кыз болгом экенмин".
Замира Рахманбердиева,
Жазгүл Кенжеева
Адилет Бектуров
star@super.kg