Түштүк жергесине болгон сапарыбызда бизге бул ирет Борбор Азияга аты угулган Ноокаттын Абшыр-Ата шаркыратмасын көрүү буюрду. Биз барган учурда ат арытып келген зыяратчылардын саны 200дөй экен. Биз да шаркыратманын жана булактардын суусун татып, бул жердин жаралуу уламышы, касиети тууралуу шайыктар жана келген эл менен баарлаштык.
Жайгашкан орду – Ош облусундагы Ноокат районунун Кулатов айылы. Ош шаарынан 70 чакырым алыстыкта. Шаркыратма жайгашкан Абшыр-Ата өрөөнү деңиз деңгээлинен 1500-2000 метр бийиктикте орун алган.
Шаркыратманын диаметри – 1,5 метр
Бийиктиги – 15-17 метр
"ШАРКЫРАТМА – ПАЙГАМБАРДЫН КЕРЕМЕТИ"60 жаштагы Кулатов айылынын жашоочусу Абдижамил Таштемиров, шайык (мүрзө же ыйык жерлерди кайтаруучу):
– Бул шаркыратманын суусу кайдан жаралып, кайдан келгенин эч ким билбейт. Илгери окумуштуулар 40 чакырымга чейин изилдеп көрүшүп, таба алышпаптыр. Шаркыратма Идирис пайгамбардын касиетинен жаралган делет. Анткени ал ушул жерде жашап, ушул жерден элди ислам динине үгүттөгөн. "Мен пайгамбармын" дегенде эл ага ишенбей, "анда бир керемет көрсөт" дешет. Ошондо пайгамбар таягы менен тоонун боорун урса, ал жактан сүт агып чыгыптыр. "Абшыр" фарс тилинен которгондо "сүт суу" дегенди билгизет дешет. Кийин кыз-келиндер ошол сүткө кир жууп, эл күнөөгө бата турган иштерди жасай баштаганда сүт сууга айланып калыптыр. Андыктан шаркыратма – пайгамбардын керемети.
Негизи Абшыр-Атада ташка жазылган араб сөздөрү бар. Кечинде бул жерде жалгыз калгандардын кээ бирлерине узун ак көйнөкчөн чачын жайган аял көрүнөт экен. Бул жерге Кыргызстандын төрт тарабынан тышкары Өзбекстандан, Тажикстандан жана чет өлкөдөн туристтер келишет. Шыпаа-Булактын касиетин айтсам, аялымдын гастрит оорусу бар, ушул суудан ичкенде оорусу басылат.
"БАЛА ТИЛЕП КЕЛГЕНДЕР КӨП"Сапаралы Сулайманов, 70 жашта, Ай-Тамга айылынын жашоочусу, шайык:
– Союз кезинде шаркыратманын жанында жайгашкан үңкүрдү адамдар жашоочу кепеге айлантмак болушкан. Бирок курулушунда иштеп жаткан адамдардын биринин колу-буту иштебей калган, дагы бири жол кырсыгынан улам каза болгон соң ишти токтотуп салышкан.
Мурун шаркыратмага катар жайгашкан даамы ар бөлөк 7 булак бар эле. Кийин ал жерге темирден боз үй тигебиз деп бешөөсүнүн көзүн жаап салышты. Буюрса, алардын көзүн тазалап, ачабыз деп турабыз. Эми бул жакка тарыхый музей курулат. "Мурун ушул жерге келип сыйындым эле, балалуу болдум же оорумдан кутулдум" дегендерди көп эле угабыз.
"АЙРЫМДАР ЫРЫМДАП БУЛАККА КҮЗГҮ ТАШТАШАТ"Токтокан Арапова, 66 жашта, Ноокат шаарынын тургуну:
– Биз үй-бүлөбүз менен ушул жерге 1 жылда 1-2 жолу келип эс алып кетебиз. Сыйынып, тилек кылабыз. Шыпаа-Булакка кээ бирөөлөр кайра да келели деп ырым кылып күзгү, тыйын ташташат. Бул жакка келип кеткен соң ыйык жайдын касиетинен улам өзүңдү бир нече ай жакшы сезип жүрөсүң.
"АБАСЫ БРОНХИТ МЕНЕН АСТМАНЫ АЙЫКТЫРАТ"Мээриниса Шаамырзаева, 76 жашта, Кулатов айылынын жашоочусу:
– Мен бул жерде 17 жылдан бери майда-чүйдө, анын ичинде желим бөтөлкө да сатам. Ыйык жердин, күндө ичкен булак сууларынын касиетиби, айтор, көп оорубай, алдуу-күчтүү жүрөм. Бул жакка бир келген адам кайра да келгиси келе берет. Сыягы, бир касиет тартып турат го.
Шаркыратмадан тышкары мында 2 булак бар. Шыпаа-Булак мурун Котур-Булак деп аталчу. Анын суусу ала, котур, терисине жара чыккандарга дары. Андан тышкары ашказан-ичеги, баш, жүрөк оорусу барлар көбүрөөк ичсе жакшы. Шаркыратманын тегерегиндеги аба жөтөлдү, астманы айыктырат экен. Көз-Булактын суусуна көзү ооругандар көзүн жууса жакшы болуп калышат.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg