Альбомдору сатык боюнча 5 жыл бою рекорд жаратып келген "ЕХО" тобунун күйөрмандары күн санап өсүүдө. Быйыл бул курам концертин алты күн катары менен берип, анын ар бирине 100 миңдей көрүүчү келген. Дүйнөнү дүңгүрөткөн бул топ өспүрүмдөр арасында "эпидемияга" айланды. Алардын ийгилигинин сыры эмнеде? Бирге көз жүгүртөлү...
"ЭКЗОПЛАНЕТАДАН" ЧЫККАН ЖЫЛДЫЗДАР
"EXO" – Түштүк Корея жана кытай ырчылары биргелешип түзгөн топ. Топтун аталышы "экзопланета" деген сөздөн алынган, бизче которгондо "күн системиндеги жарык жылдыздар планетасы" дегенди түшүндүрөт. Алардын популярдуулугун ушундан билиңиз, бул курам Түштүк Кореяда 12 жыл бою жаралбаган рекордду ойготуп, "XOXO" ("Kiss&Hug") аталышындагы алгачкы альбому чыккандан 3 ай өтпөй 1 миллионго жакын нускада элге тараган. Курамдагы балдардын ырдаган стили, кийген кийимдери, атүгүл дене мүчөлөрү бир калыпка салгандай окшош. Алардын табигый сулуулугу деле көңүл кубантарлык. Топтун жигиттери чоң сахнага чыгууда гана кымбат кийимдерди кийип, беттерине макияж жасатышпаса, жашоодо боёксуз эле жүрүшөт. Учурда топтун күйөрмандары алардын "Lotto" аталышындагы альбомунун дагы бир жолу жарыкка чыгуусун чыдамсыздык менен күтүп жатышат.
БИР ЫРДЫ ЭКИ ТИЛДЕ ЖАҢЫРТЫШКАН "EXO-K" ЖАНА "EXO-М"
"EXO" тобу эки кичи тайпага: "EXO-K" (K-pop) жана "EXO-M" (Mandarin-pop) бөлүнүшөт жана кытай, корей тилдеринде ырдашат. Демек, эки элдин сүймөнчүгү десек болот. Топ жаңы түзүлгөндө курамында 12 жигит болчу. Кийин кытай улутундагы үч ырчы: Крис, Лухан, Тао 2014-2015-жылдары бөлүнүп кетишкен.
КОРЕЙЧЕ ЫРДАГАН "EXO-K" ТАЙПАСЫ
КИМ ЖУНМЁН (СУХО)
Туулган жылы – 1991-жыл, 22-май
Бою – 176 сантиметр
Топтогу кызматы – "EXO-K" кичи тайпасынын лидери
Сухо айымдардын жүрөгүн тез багындырат. Ал эми бош убактысында диванда чалкалап жатып сыналгы көргөндү жакшы көрөт.
БЁН БЭКХЁН
Туулган жылы – 1992-жыл, 6-май
Бою – 174 сантиметр
Топтогу кызматы – Башкы вокалист
Топтогу эң көп белек алган Бэкхён: «Эгер мен «Чыныгы эркектер» шоусуна катышсам, байгелүү орунга ээ болмокмун",- деп келет.
ПАК ЧАНЁЛЬ
Туулган жылы – 1992-жыл, 27-ноябрь
Бою – 185 сантиметр
Топтогу кызматы – Башкы рэпер
"EXO’го" мектеп курагында эле мүчө болгон. Чанёль битбокстун чебери.
ДО КЁҢ СУ (ДО)Туулган жылы – 1993-жыл, 12-январь
Бою – 180 сантиметр
Топтогу кызматы – Башкы вокалист
2012-жылда "EXO’го" расмий түрдө 8-мүчө катары кирген D.O. (сахнадагы лакап аты) ар дайым линза кийип жүрөт.
КИМ ЧОҢИН (КАЙ)
Туулган жылы – 1994-жыл, 14-январь
Бою – 182 сантиметр
Топтогу кызматы – Вокалист, бийчи, рэпер
Бош убактысында китеп окуп, музыка уккан Кай балет менен машыгууга да жетишкен.
О СЕ ХУН (СЕХУН)Туулган жылы – 1994-жыл, 12-апрель
Бою – 181 сантиметр
Топтогу кызматы – Рэпер, вокалист, бийчи, макнэ
Топтун эң кичүүсү Сехун 12 жашынан баштап эле белгилүү корей компанияларына сырттан менеджерлик кыла баштаган.
КЫТАЙЧА ЫРДАГАН "ЕХО-М" ТАЙПАСЫ
КИМ МИНСОК (ШИУМИН)
Туулган жылы – 1990-жыл, 26-март
Бою – 176 сантиметр
Топтогу кызматы – Башкы бийчи, вокалист Шиумин таттуу токоч жегенди жакшы көргөндүктөн аны топтогулар "булочка" деп эркелетишет.
ЧЖАН ИСИН (ЛЭЙ)Туулган жылы – 1991-жыл, 7-октябрь
Бою – 179 сантиметр
Топтогу кызматы – Вокалист жана башкы бийчи
2016-жылдагы Лондондо өткөн "China Britain Film Festival" сынагында «ЕХ-Files-2" фильминде жараткан ролу үчүн "Экинчи пландагы мыкты актёр" наамын жеңип алган.
КИМ ЧОНДЭ (ЧЕН)Туулган жылы – 1992-жыл, 21-сентябрь
Бою – 178 сантиметр
Топтогу кызматы – "ЕХО-М" кичи тайпасынын башкы вокалисти
Стилисттер "Ченге кыздардын кийимин кийгизип койсо деле жараша берет" деп күлүп калышат. Себеби ал топто эң арык жигит.
ТОПТУН АР БИР ЖАРАТКАН ЧЫГАРМАСЫ ХИТКЕ АЙЛАНАТ
Жазгүл Кенжеева
star@super.kg