Айымдарга комплимент айтуу – адатка айланган көрүнүш. Ал эми эркектергечи? Же эмне, эркектер өздөрүнө карата айтылган мактоону, назик сөздөрдү жакшы көрбөйбү? Эгер жакшы көрүшсө, анда кандай комплименттерди айтуу ылайык?
МАКТООГО МУКТАЖДАР
Комплимент айтуу – искусство. Болгону, кимге, кайсы жерде жана кандай кырдаалда, эң башкысы, эмне максатта айтууну билүү керек. Эркектер аялдардан физикалык жактан артыкчылык кылганы менен айымдарга караганда өздөрүнө ишенимсиз жана ызакор келишет. Алар дамамат колдоого, ишендирүүгө, мактоого муктаж. Кандай жаатта комплимент айтууну билүү үчүн алгач эркектин ишенимине кирип, ал тууралуу кененирээк билүү кажет.
ЭРКЕКТИН ИШЕНИМИНЕ КАНТИП КИРҮҮГӨ БОЛОТ?
Сүйүктүүңүз сиз үчүн кымбат, акылдуу, камкор, сексуалдуу, боорукер, жүрөктүү экендигин ал билиши кажет.
БАЛМУЗДАКТАН БАТ ЭРИШЕТ
Эркектер туура айтылган комплименттен бал муздактан да батыраак эришет. Күтүүсүз комплимент баарынан таасирдүү. Мисалы, кимдир бирөөгө “сенин галстугуң биздин шаарда бирөө эле”, дагы бирөөлөргө “сен чындап сексуалдуусуң” деп айтуу туура.
Акылсыз эркек гана жөнү жок жерден айтылган калп комплиментти байкабай калбаса, акылдуу эркектер мындайларды дароо байкайт. Анан кезеги келгенде сизге дал ошондой комплимент менен жооп кайтарат. Демек, калп комплименттен алыс болуу кажет.
Комплимент менен ашыкча мактоонун айырмасын билүү да мааниге ээ. Мисалы, “бул түс сага жакшы жарашат” десек, бул – комплимент, ал эми “сен баарынан сулуусуң” десек, бул – ашыкча мактоо. Демек, ашыкча мактоо эркекке жакпайт.
Эркекке эч качан “сен сулуусуң” деп комплимент айтууга болбойт. Анткени аларды кичинесинен “эркек сулуу эмес, тескерисинче, эр жүрөк, колунан баары келген адам болушу керек” деген сыяктуу сөздөрдү кулагына куюшкан. Андыктан эркектер андай комплиментти “воздух” катары кабыл алышат.
КОМПЛИМЕНТ КАНТКЕНДЕ ТААСИРДҮҮ БОЛОТ?
Айым, сиз жогорудагылардан бир топ нерселерди билдиңиз дейли. Эмесе, жыйынтык чыгаралы.
КОМПЛИМЕНТ БУЛ – КУРАЛ
Алигидот
Атасы, апасы, эки баласы менен тамактанып отурушат. Бир маалда апасы менен атасын төшөк кумары азгырып кетет.
Апасы акырын столдон туруп, «менин тамакка табитим тартпай калды» деп уктоочу бөлмөгө кирип кетет. Атасы шаша-буша тамагын жеп бүтүп, ал дагы анын артынан кирет. Балдары эч нерсеге түшүнбөй калышат. Бир маалда улуу баласы инисин атасы менен апасынын эмне кылып жатканын билип келүүгө жиберет. Чуркап келген иниси тамагын апылдатып жей баштайт. “Ой, сага эмне болду, апам менен атам эмне кылып жатышыптыр?” деген суроосуна иниси “атам тамакты жеп түгөтпөгөндү жылаңачтап, үстүнө чыгып алып сабап жатыптыр” деп жооп берген экен.
Эротикалык окуя
БИЗДИ ТАБЫШТЫРГАН СЕЙИЛОкууну бүтүп, жогорку окуу жайлардын бирине тапшырган кезим. Дем алыш күндөрү шаардын четинде турган таякемдикине барып кол кабыш кылып келчүмүн. Бул жолу да ал жакка жөнөп, жол тосуп тургам. Демейде “чоң кыз, түшүп ал, бекер жеткирем” деген таксилердин бири да жок. Зуулдап өткөн машиналарга кол көтөрүп бир топко турдум.
Бир маалда кымбат баалуу Жип үлгүсүндөгү машина токтоп калды. Ойлонбой эле машинага түшүп алдым. Өзүн Улан деп тааныштырган айдоочу кычырап кийинген жылдыздуу жигит экен. Экөөбүз тез эле тил табышып, аркы-беркини сүйлөшүп бара жаттык. Улан мени бир башкача көз караш менен карап коёт. Кээде көз караштарыбыз чагылыша кетет. Бир маалда “чоң кыз, мен сени уурдап баратам. Машина менен сейилдеп келүүгө каршы эмессизби?” деп тамаша-чынын аралаштыра сунуш киргизсе болобу! Ойлонбостон эле макулдугумду берип алып кызарып кеттим. Ал мени карап, “кызгалдактай кызарып кеттиң го, жүрөктү эзип” деп тамаша ыргытты. Бир маалда машинасын токтотуп, “шам-шум этип алалы” деп баштыктагы тамак ашын жайып, “суусундукка сыра гана бар” деди. Сырадан кичине ичсем эч нерсе болбостур деп ууртап-татып отуруп, бир аздан кийин кызуу болуп калбасмынбы! Ушундан пайдаландыбы, айтор, “ичкиликке жок турбайсыңбы” демиш болуп кучактап алды. Мен каршылык көрсөткөн жокмун. Анан “сыра ичпесем да, сыра ичкен оозуңдан өөп алайынчы” деп оозумдан соруп кирди. Денем балкып, магдырай түштүм. Бир аздан соң Улан топчуларымды чечип, эмчегимди, анан сандарымды өпкүлөй баштады. Мен болсо коргошундай эрип баратам...
Бир маалда гана «алигим» ачышып кеткенде эсиме келе түштүм. Чоң катачылык кетиргенимди билип турсам да, Уландын кучагынан чыга албадым. Ошентип, жарым жылаңач боюнча анын моюнуна оролуп бир топ жаттым. Ал мени улам өпкүлөп, “мындан кийин жолугушуп туралы” деп суранып, макулдугумду алууга жетишти.
Бир маалда эсимди жыйсам, караңгы кирип кетиптир. Уланды карасам, куш уйкуда экен. Аны ойготуп, жолубузду уладык. Ошондон кийин Улан экөөбүз көпкө чейин жолугушуп жүрдүк. Акыры мамилебиз сүйүүгө айланып, үйлөнүп тындык.
Алина
Кызык экен
СЕКСТЕН КАЗА ТААП
Коннектикут штатынын соту 25 жаштагы Саул дос Рейс аттуу жаранды 30 жылга эркинен ажыратты. Бул жигит Кристина аттуу жаш кыз менен интернет аркылуу таанышкан. Иштин баары экөөнүн бири-бирине эротикалык сүрөттөрдү жиберүүсүнөн башталган. Ортодогу сексуалдык каалоо күч алгандыктан экөө күн сайын жолугушуп, узак убакытка төшөк кумарына батууну адатка айлантышкан. Мына ушундай таттуу мүнөттөрдүн биринде Кристинанын жүрөгү ашыкча секстин айынан токтоп, каза болгон. Күнөөкөр жигит буга чейин да жаш селкини ашыкча төшөк кумарынан улам өлтүргөнү аныкталган.
ИТКЕ ТУРМУШКА ЧЫККАН КЫЗ
Индиянын 9 жаштагы Карнамуни Хасда аттуу тургуну кадимки эле жолбун итке турмушка чыккан. Тойго 100 конок чакырылган. Таң калычтуу үлпөт той мындайча түшүндүрүлгөн.
Сантал уруусунда «эгер кыз баланын тиши маңдайынан эмес, азуусунан баштап чыга баштаса, наристени өлүм коркунучу күтөт. Бирок жолбун итке нике кыюу анын өмүрүн сактап калат» деген ишеним бар. Ошондуктан Карнамунинин тиши чыгары менен ырымдап итке нике кыйдырышкан. Бирок кыздын тою 8 жыл кечигип берилген. Себеби убагында той бергенге ата-энесинин шарты туура келбеген. Кыз чоңойгондо кайрадан турмушка чыгабы же чыкпайбы, өзү чечет.
АЯЛДАРДЫН “ООРУСУ”
Аялдар сырткы көрүнүшү, келбети тууралуу бир аптада орточо эсеп менен 250 ирет ойлонот. Аялдар үчүн ооруга айланган темалар болуп ашыкча салмак, бырыштар жана жашаруунун ыкмаларын издөө саналат. Минтип ойлоно берүү көпчүлүк аялдарды психозго да айлантып жатат. Психологдор болсо “аял үчүн башкысы үй-бүлө очогунун бекемдиги, күйөөсүн сыйлоосу эмеспи. Андыктан аялдар сырткы келбети тууралуу баш катырбай, калыптагыдай өмүр сүрүүлөрү керек” деп акыл айтып келишет.
Астра Айдарова
erotika@super.kg