Жан шерик
“Күчтүү эркектин артында андан да күчтүү аялзаты турат” деген сөз бар эмеспи. Анда биздин чемпион, чыгаан уулубуз Канат Бегалиевдин артында кандай айым турганын сөз кылабыз. Жаш жубайлар Канат менен Айпери үлгүлүү үй-бүлөнүн сыры менен бөлүшүштү.
ЖУБАЙЛАР ТУУРАЛУУ
– Айпери, Канатты биринчи көргөндө кандай сезимде калдың эле?
– Канат экөөбүз менин Максат аттуу классташ балам аркылуу таанышып калганбыз. Ал экөө чогуу машыгууга барчу экен. Бир күнү эле кафеде чогуу отуруп калдык. Эмнегедир бир көргөндө эле жакты. Ишенесизби, экөөбүз такыр сүйлөшкөн жокпуз. Тиктешип эле калдык. Ошол көз ирмемде экөөбүздүн ортобузда бир жылуулук пайда болду окшойт. Кийин билсек, мен ага жакканымды, ал мага жакканын экөөбүз тең ошол эле күнү сезиптирбиз. Ошентип, экөөбүз кыз-жигит болуп төрт жыл сүйлөшүп жүрдүк.
– Көп убакыт сүйлөшүпсүңөр да...
– Ооба, себеби Канат Дүйнө чемпиондугуна даярданып жаткан. Бир ийгилик жаратмайынча үйлөнбөй коё турууну туура көрдү окшойт. Мен, албетте, аны колдодум.
– Сени өзгөчө таң калтырган сапаты барбы?
– Мени анын эрки күчтүүлүгү таң калтырат. Ушунчалык тырышчаак, алдына койгон максатын аткармайынча тынчыбайт. Айрым учурда катуу чарчап келсе, кийинки күнү машыкпай коёбу деп ойлойм. Бирок эртең менен мен турганча эле туруп, өзүнүн иштерин кылып жүргөн болот.
– “Чыныгы эркек билдирбей ыйлайт” дешет. А чыныгы спортчу кантип сезимин билдирет болду экен?
– Бир жолу мындай окуя болду. Канат мелдешке чет өлкөгө кеткени жаткан эле. Биз көп кабаттуу үйдө квартирада турчубуз. Аны узаткандан бир аз убакыт өткөндө эле мага телефон чалып: “Үйгө барып, биздин бөлмөгө кирсең”,- деди. Үйгө келсем бөлмөбүздү гүл менен кооздоп, чоң кучак гүл коюп, анан открыткага сүйүү сөзүн жазып койгон экен. Билбейм, эмнегедир ошол жоругу мени “до слёз трогать” эткен. Ошондо анын кыялкеч экенин биринчи жолу билгем.
– Үйдө көп болбой, мелдештерде жүргөндө кызганыч сезими болобу?
– Жаңы үйлөнгөндө кызганыч сезимдер болчу. Азыр Канатка аябай ишенем. Анткени чогуу жүргөн досторунун баары ыйман жолундагы адамдар. Өзү дагы бир маал намаз окуйт. Ошондуктан андай нерсе экөөбүздүн ортобузда болбосо керек. Анын үстүнө Канат үй-бүлөсүнө аябай берилген адам. Кыздары үчүн жанын бергенге да даяр. Кээде менден ашып баласаак болуп кетет. – Сени ар дайым жоолукчан көрөбүз. Бул Канаттын катуу кармаганыбы же...
– Канат эч качан мындай бол же мындай кийин деп айтпайт. Бул нерсе өзүмдүн ыйманымдан эле болсо керек. Менден улуу жеңелерим да дайыма жоолукчан жүрүшөт. Атам менен апам барда мен кафеге же ресторанга барсам да жоолугумду чечпейм. Ал эми Канат мени катуу да кармабайт. Эркин да коё бербейт. Керек жерден көз кыймылы менен эле түшүндүрүп коёт (күлүп).
– “Уул бала апасына окшош кыздарга үйлөнөт” дейт го. Кайненең экөөңдүн окшош жактарың барбы?
– Кайненем экөөбүз тең тынчыбыз жок, эмгекчил адамбыз. Апам “мага ушунуң окшош” деп калат. Анткени үйдө экөөбүз тең тынч отура албай эле кыбырап оокат кыла беребиз. Апам экөөбүздүн жакшы көргөн жумушубуз – гүл өстүрүү.
Кезектеги мелдешинен келген Канатты да сөзгө тарттык.
– Канат, сага Айперинин эмнеси өзгөчө жагат?
– Мага баары эле жагат. Бирок биринчи көзү менен тартып алган. Көзүнүн өңү башкача го. Жашылга да, күрөңгө да окшобойт. Ошол каректерге байланып калгам дебейинби.
– А сага жакпаган жагы барбы?
– Жакпаган жагы жок.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg