Акыркы кезде ырчылардын ыр куржунунан бери дегенде 3-4 ремейк табууга болот. Даяр турган эски чыгармага "ашыккан" аткаруучулардын арасында ырдын түп нускасын бузуп алып сынга кабылгандар да бар. Бирок унутта калган кайрыктарды заманбап вариантта ырдап чыгып хитке айланткан аткаруучулардан куру эмеспиз.
Нурмат Садыров: "ТОРГОЮМ" КИРЕШЕЛҮҮ, АК ЖОЛТОЙ ЫР БОЛДУ""Торгоюм" деген ырды буга чейин көп эле ырчылар аткарып келишкен. Бирок Нурмат Садыров жаңы өмүр бергенден кийин эл арасында аябай популярдуу болуп кетти. Жадакалса бул ырды тойлордо улуу муундагы ырчылар ырдап жатып Нурматты көрсө өзүн ыңгайсыз сезген учурлар болот экен.
- Мен сүйгөн менен пайда жок" ырым Нурмат Садыров деген ысымды элге таанытса, элдин сүймөнчүгүнө айлансам деген кыялымды "Торгоюм" ишке ашырды. Былтыр шайлоодон тапкан каражатымдын баарын ушул ырга короттум. Мынчалык популярдуу болуп кетет деп күткөн эмесмин. Бирок бул ыр которгон акчамды эки эселеп актап берди. Буга чейин апам "балам, эски ырлардан ырдасаңчы" деп көп айтчу. Азыр "Торгоюмду" ырдаган менин балам" деп сыймыктанып калат.
Мен бала кезде жеке концертимди берип, апамды концертте элдин алдына алып чыгып гүл берсем деп кыялданчумун. Бул кыялыма да "Торгоюм" ыры аркылуу жеттим. Учурда Нурмат атым өчүп, "Торгоюм" болуп калдым. Тойлордо бул ырды ырдасам эл жыргап бийлешет, аларга кошулуп бийлеп жатып тердеп да кетем. Бир жолу мен ырдап жатканда тартылган видеону көрбөй эле Инстаграмга киргизип койгом, эртеси чалып "видеону алып койчу" деп суранышты, көрсө, бир эже бийлеп жатып жыгылып кеткен экен.
Дагы бир тойдо тамада кары апа басып кыйналбасын деп микрофонду ал отурган столго алып барып, сүйлөтүп бата алып жаткан. Анан эле мен "Торгоюмду" ырдап жатсам баса албайт деген апа бийлеп келип, жүз аарчысы менен теримди аарчып, бетимден өөп, батасын берип жатпайбы. "Торгоюм" тойдогу эже-жеңелерди жыгылганча бийлеткен, апаларыбыздын жаштыгын эстеткен, мага киреше алып келген ак жолтой ыр болду.
Аскат Мусабеков: "ЖАМИЛЯНЫ" ЫРДОО СТУДЕНТ КЕЗДЕГИ КЫЯЛЫМ"Аскат Мусабеков Бек Борбиевдин "Жамиля" аттуу ырын жаңылап ырдап чыккан варианты бул жылы хит ырлардын катарында болду. Үй-бүлөлүү аялга ашык болгон махабат ырын жүрөккө жеткире оболотуп, жаңы өмүр берген Аскат мырза чыгарманын тарыхына өзү токтолсун:
- Бул ырды студент кезимен эле жакшы көрчүмүн. Кандай кылып ырдасам болот деп ойлоно берет элем. Былтыр Бек байке менен жолугуп калып "ушул ырыңызды ырдагым келип жүрөт" деп уруксатын алгам. "Жамиля" деп кыйкырган жерин аранжировкачы Жылдызбек Кадыркулов менен кеңешип коштук. Менимче, бул жакшы табылга болду окшойт. Аны ырдын "фишкасы", өзгөчөлүгү десем болот. Анын үстүнө өзүм да таасирленип, эргүү келип ырдадым.
Ошентип студент кезде ойлоп жүргөн максатым ишке ашты. Чыгарма ушундай популярдуулукка жетпесе да, элге жагат деп ойлогом. Автордон өзгөчөлөнтүп ырдабасам да, жан дүйнөм каалаган нерсени жасадым. Ырга, буюрса, жакын арада жакшы клип тартылганы турат. Бул ырды "мурунку ырларды жаңылап аткарса, сөзсүз популярдуу болуп кетет" деген ойдо аткарган эмесмин. Жаштар арасында элдин табитине татыгыдай кайрык жараткан обончулар жок болгонуна байланыштуу эски ырларды жаңыртып аткарууга туура келип жатат.
Ильяз Андаш: "СЕЙДАКМАТТЫН ЫРЫ" ТАМАША СӨЗДӨН УЛАМ ЖАЗЫЛГАН"Ильяз Андаш менен Куралбек Чокоевдин "Сейдакматтын ыры" ар бир тойдо жаңырып конокторду бийлетип жаткан кези. "Ак кеме" тасмасы үчүн жазылган тамашалуу бул ырга сахналаш достор жаңы "көйнөк кийгизип" популярдуу кылышты. Ильяз Андаштын айтымында, аталган чыгарманы жаңылап иштеп чыгып элге жайылтууга
3 миң доллар сарпталган:
- Курал экөөбүз тойлордо дайыма жолугуп калчубуз. Күндөрдүн биринде тамашалап "чогуу ыр жазып койбойлубу?" деген сөз чыгып калган. Былтыр жайында Караколдо жүрсөм Курал чалып "Ак кеме" тасмасындагы Сейдакмат аткарган ырды уксаң, жакшы угулат экен" деп калды. Кинону көрүп баштасам Мукан байке (ред. Рыскулбеков) чөпкө жатып алып "адыр-адыр тоолордон" деп шаңдуу ырдайт экен. Мурда Мукан байкенин ырын ырдап эле жүргөм да, анын үстүнө караколдук эмеспи. Дароо кызына бардым, себеби ырлары азыр анын карамагында. Ал бизге "элге жайылткыла" деп ырды бекер берди. Ыр радиолордо жаңырып, бир айда эле хитке айланды.
Бул ырды "таптап" туруп чыгардык. Эгер жеңил-желпи ырдап койгонубузда элге алынмак эмес. Ыр өзү күлүк болчу, ошого жараша акчаны көп сарптадык. Кээ бирлер отуруп алып "уурдалган ыр, казактардын ыры" деп айтып чыгышты. Биз "Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган "Ак кеме" тасмасындагы ыр" деп далилдеп жатып кыргыз ыры кылганбыз.
"Күлүк аттын ээси көп болот" дегендей, талашкандар көп болду. Азыр көптөгөн ырларды басып өттү, тойлор бул ырсыз өтпөйт. Ырдын айрым сөздөрүн өзгөртүүгө туура келди. Киного арналып жазылгандыктан "арак ичели, Аман байкебиздин арагын таң атканча ичели, деги койчу, дагы-дагы ичели" деп ырдалат. Союз учурунда "арак" деген сөздү жеңил эле кабыл алышчу. Азыр динге берилгендер көбөйүп, көбү арак ичпей калышты. Ошондуктан бул ырды "адал" кылууну максат кылып "арак" дегенди "айран, кефир, кымыз, чийки суу" деген сөздөргө алмаштырганбыз.
Динара Абдыкадырова,
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg