"КӨЙГӨЙЛҮҮ" КРЕДИТТИ ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Кредит алуу – бул эң эле маанилүү чечим. Акыркы кезде кредит алган жарандардын саны да өтө көп болууда. Экономикада ар дайым кредит алуу, кредит берүү болуп келген жана дагы деле боло бермекчи. Анткени мунун өзү базар шартынын ажырагыс бир бөлүгү. Албетте, алган кредиттер убагында кайтарылып берилип же кредит боюнча көйгөйлөр жаралбаса, ал максаттуу жана пайдалуу жумшалган деп эсептелет. Ал эми кредит көйгөйлүү болуп калса кандай болот? Андан арылуу үчүн эмне кылуу керек деген маселенин айланасында Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана финансылык сабаттуулук боюнча бөлүмдүн башкы адиси Садабаева Таалайкан Мукашовна менен маектештик.

– Саламатсызбы, Таалайкан Мукашовна? Алгач кредиттин түрлөрү жана кредит алуунун көйгөйлөрү кайдан чыгат деген суроого жооп берсеңиз...

– Саламатчылык! Кредиттин негизги колдонулуп жаткан түрлөрүн белгилесек, бул – кыймылсыз мүлк, турак жай сатып алуу же куруу үчүн узак мөөнөттүү кредиттер; жеке адамдардын ар кандай муктаждыктарын канааттандыруу максатында берилүүчү кредиттер (мисалы, ар түрдүү буюмдарды-кызматтарды сатып алууга, саякат кылууга же дарыланууга, окууга жумшалуучу кредиттер жана башка); бизнести өнүктүрүүгө же өз ишин ачууга каралган жеке ишкерлерге берилүүчү кредиттер болушу мүмкүн. Алардын ар биринин түрү, мөөнөтү, пайыздык чени жана башка параметрлери боюнча айырмачылыктары бар.
Көп учурда кардарлар сунушталып жаткан кредиттин шарттарын толук түшүнбөй эле макулдашууга кол коюп берип коюшат. Ал эми кыйынчылыктар келип чыкканда, финансы-кредиттик мекемелердин иш-аракеттерине нааразычылыктарын билдиришип, кредитти төлөө шарттарынын оордугуна даттанышып, күрөөгө коюлган үйүн сактап калууга аракет көрө башташат.

– Мындай көйгөйгө кабылбаш үчүн кандай чаралар колдонулат?
– Кредит алуу жөнүндө чечим кабыл алуудан мурда ар бир карыз алуучу өз алдынча кредиттик келишимдин шарттарын дыкат окуп чыгып, кредитти төлөө шарттарын ийне-жибине чейин эсептеп чыгышы керек. Анткени кредит бул – товар, анын өзүнүн наркы бар. Кредит алуудан мурда зайымчы өзүнүн кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берип, өзүнүн укуктарын жана милдеттерин толук билип, төлөй албай калган күндө кандай жоопкерчилик тартарын тактап билиши керек.

– Карыз алуучу адам карыздан кантип кутулуу керектигин ойлоп, эсептеп коёру бышык. Бирок турмушта ар кандай кырдаалдар жаралат эмеспи. Ушуга байланыштуу карыз алуучунун алтындай болгон эрежелери барбы?
– Ар бир кредит алам деген жаран билип жүрө турган негизги бир нече маанилүү жагдайлар, башкача айтканда, эрежелер бар. Алар: Биринчиден, кредит алууда банк менен кардар кредиттин максатын тактайт, бул максаттар кредиттик келишимде так көрсөтүлөт. Алган кредитти дал ушул максатка гана жумшаңыз. Ал эми банк ар дайым аны текшерип жана максаттуу пайдаланууну талап кылууга укуктуу.
Экинчиден, бир кредитти алып, аны төлөп бүтө электе дагы кредит алуу туура эмес. Сиз кредиттин үстүнө кредит алуу тууралуу чечим кабыл алган болсоңуз, жыйынтыгында эки эсе көп акча карыз болуп калышыңыз мүмкүн экенин билиңиз.
Жогоруда айтылгандай, үчүнчү негизги эреже бул – кылдаттык менен өзүңүздүн мүмкүнчүлүгүңүздү алдын ала эсептеп чыгыңыз. Өз каржылык абалыңызды талдап, эгерде төлөй турган кредиттин акчасы тапкан кирешеңиздин 30 пайызын түзө турган бизнес-планыңыз болсо, анда кредит алуу тууралуу чечим кабыл алсаңыз болот. Эгер эсептөөлөрүңүздүн негизинде мындай ишенимдүүлүк болбосо, анда кредит алуудан мурда дагы бир жолу жакшылап ойлонуңуз.

– Биринчи жолу насыя алууга бел байлаган кардарга кандай кеңеш берет элеңиз?
– Кредит алуудан мурда бир нече финансы-кредит мекемелеринин шарттарын изилдеп чыгып, салыштырып алган оң. Эгерде кредиттик келишим сиз түшүнө албаган шарттарды камтыса, банктын жооптуу кызматкерлеринен түшүндүрүп берүүнү өтүнүңүз. Алар түшүндүрүп бергендиги үчүн ортомчу катары сизден кошумча акча алууга укуктары жок. Тиешелүү укуктук ченемдер бекитилгендиктен, кайсы банктык же микрофинансылык мекеме болбосун, кызмат көрсөтүү учурунда маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздашы зарыл. Бул алардын бирден-бир жоопкерчилиги болуп эсептелинет. Маалыматтардын ачык-айкындуулугу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун негизги шарттарынын бири болгондуктан, ал коммерциялык же банктык сырдын предметинен болушу мүмкүн эмес. Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча комиссиялык төлөм, тарифтер жана пайыздык чендер керектөөчүлөр үчүн ачык жана жеткиликтүү болуусу тийиш.

– Кредитти алгандан кийинки талаптар кандай болот?
– Кредиттик келишимге эки тарап кол коюп, зайымчыга кредит берилгенден кийин банк берилген кредитке жана кардарга туруктуу мониторинг жүргүзүүсү зарыл. Эгерде кредит боюнча төлөнгөн төлөм суммасы жетиштүү болбой калса, эң оболу карыздын негизги суммасы, андан соң кредитордун чыгымдары төлөнөт, ал эми акырында калган бөлүгү пайыздарды жана айыптык төлөмдөрдү төлөөгө багытталат.
Кредиттик келишим боюнча зайымчы келишимдин шарттарын аткара албай калган учурларда кредитти төлөөдө кандайдыр бир кыйынчылыктар жаралса, бул кредит "көйгөйлүү" деп таанылат. Мындай учурларда банк кардар менен биргеликте кредиттин кайтарылып алынышына багытталган бир катар иш-чараларды камтыган аракеттердин планын иштеп чыгышы зарыл.
Ал планда карыз алуучунун финансылык каатчылыктан чыгуусуна жана банктын алдындагы милдеттемелерин аткаруусуна өбөлгө түзгөн уюштуруучулук, финансылык жана башка жардамдар боюнча иш-чаралары, көйгөйдү чечүүнүн жолдору, мүмкүн болгон учурда карыздардын түзүмүн өзгөртүү программасы (кредитти кайтаруу жана пайыздарды төлөө боюнча төлөмдөрдүн графигин иштеп чыгуу, кредиттөөнүн формасын өзгөртүү жана башка) болушу керек.

– Сиз айткан "көйгөйлүү" кредитти банк кантип өндүрө алат?
– Ар бир банк өзүнүн акча каражатын кайтарууга кызыкдар, ошондуктан өз учурунда карыз алуучу кредиттик келишимди бузгандыгы, кредитти төлөө мөөнөтүнүн өтүп кеткендигин жана андан улам келип чыгышы мүмкүн болгон көйгөйлөр жөнүндө билдирүү жиберип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кепилдик берүүчүлөргө кайрылат жана мыйзамда көрсөтүлгөн башка чаралар көрүлөт.
Мисалы, Кыргыз Республикасынын Күрөө жөнүндө мыйзамына ылайык, күрөө бул – милдеттенмени камсыз кылуу ыкмасы. Күрөөдөн улам кредитор күрөө менен камсыз кылынган милдеттеме боюнча, карызкор милдеттемесин аткарбаган учурда же талаптагыдай бүтүрбөсө, күрөөгө коюлган мүлкүнүн наркынан күрөө берүүчүнүн талаптарын канааттандырууга укугу бар. Эгерде банктын жогоруда аталган аракеттери ийгиликтүү натыйжаларга алып келбесе, банк карыздарды мажбурлап төлөттүрүп алуу максатында сотко кайрылууга укуктуу болот.

– Биз банктын иш-аракеттерин карап чыктык. Ал эми кредит алып, бирок карыз алуучу тарабынан келишимдин шарттары аткарылбаганда же кандайдыр бир жагдайлардан улам банктын алдындагы карызынан кутула албай жаткан жаран эмне кылышы керек?
– Эң негизгиси, ортомчу издебей, түздөн-түз кредит алган банкыңыз менен сүйлөшүүгө барып, биргеликте насыяны кайтарууга багытталган аракеттерди көрүп, көйгөйдү чечүү жолдорун иштеп чыгуу зарыл (кредитти кайтаруу мөөнөтүн узартуу, пайыздарды төлөө боюнча төлөмдөрдүн жаңы эки жакка ыңгайлуу графигин иштеп чыгуу, кредиттөөнүн формасын өзгөртүү жана башка).
Банк менен жеке сүйлөшүүгө барып, өз учурунда кайрылсаңыз, ошондой эле шарттарыңызды түшүндүрүп, финансы жагдайыңызды анализдеп чыгып, канча убакытта карызыңызды төлөй турганыңызды билдирсеңиз, банк айып пулдарды кечиши мүмкүн. Бирок белгиленген учурда алган милдеттемелерди дагы аткара албай калсаңыз, келишимдин шарттары боюнча кредитти пайдаланганыңыз, пайыздарды жана келишимди бузгандыгыңыз үчүн айып пул төлөп берүүгө милдеттүүсүз.
Белгилей кетсек, айып пайыздар жана туумдардын максималдуу суммасы жалпы кредиттин суммасынын 20 пайызынан ашпоосу тийиш.

– Кредиттик тарых деген түшүнүккө токтоло кетели, кредиттик тарыхтын зарылдыгы эмнеде?
– Банк менен кардар сүйлөшүүлөргө барган соң эки жакка тең ыңгайлуу келишимдер иштелип чыгып, бирок бекитилген шарттар бузулса, кредит алуучунун кредиттик тарыхына бул маалымат киргизилет. Жаман кредиттик тарыхы бар зайымчыларга башка банктар да келечекте кредит берүүдөн баш тартышы мүмкүн. Жогоруда айтылгандардын негизинде дагы бир жолу белгилеп кетсек, банктар да сиздердин кредитиңиздин убагында төлөнүшүнө кызыкдар. Ошол себептен кыйынчылыктар келип чыккан учурда банктан качпай, жашырынбай, жеке, телефон же электрондук байланыш аркылуу банкыңыз менен байланышта болуңуз.
Банктын саясатына жараша абалыңызга түшүнүп, кандайдыр бир чечимди банк сунуш кылса, сиз да тиешелүү чечим кабыл алууга даяр болушуңуз керек. Эгерде убагында чечилбей, ишиңиз сотко өтүп кеткен учурларда банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү абзел. Алган милдеттенмелериңизди төлөй албайм дебей, кат жүзүндө кайрылып, жүйөлүү жагдайларыңызды түшүндүргөн документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, сизге ыңгайлуу, колуңуздан келген карызды төлөө графигин сунуштаңыз.
Мисалы, эгерде карызды төлөй албай, күрөөгө коюлган үйүңүз банктын балансына өтүп кетип сатылса, күрөөлүк мүлк наркы менен кредиттик карыз суммасы ортосундагы алгылыктуу айырма келип чыкса, бул айырма сизге кайтарылып берилүүгө тийиш. Ошол эле учурда банк менен макулдашуу аркылуу карызды биротоло төлөп берип, же болбосо ал үйдө ижарада жашап туруу менен, белгиленген мөөнөттө карызды бөлүп төлөп берип, үйдү кайра сатып алууну суранууга укугуңуз бар.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банктар ишмердигин мыйзам чегинде өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат. Кредит келишимине байланыштуу суроолор эки жактын ортосунда макулдашуусу менен чечилет жана кредиттик келишимге өзгөртүү да эки жактын макулдашуусунун негизинде киргизилет. Улуттук банктын көзөмөлдөөчү орган катары банк менен кардардын ортосундагы, эгерде кардардын укуктары түздөн-түз бузулбаса, мыйзамдын чегинде түзүлгөн жарандык келишимдик мамилелерине кийлигишүүгө укугу жок.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан