Бир жолу дасторконума ыраазы болуп, конокторду ойдогудай сыйлаганымды эч унутпайм. Кыш мезгили эле. Дасторконду карасам дээрлик бардык тамак-аш кышка деп даярдалган экен. Туздалган помидор, бадыраң, салат, компот, кыям... Келгиле анда, үйдөгүлөрдү жана конокторду ыраазы кылуу үчүн сиздер менен чогуу кыш камылгасын көрүп, жашылча туздайлы.
ТУЗДАЛГАН БАДЫРАҢ
(классикалык түрү, 3 литрлик банка үчүн)
Керектелүүчү азыктар:
Бадыраңды таза жууп, муздак сууга 5-6 саат чылап коюу керек. Калган жашылчаларды таза жууп, банкага сала берүүгө болот.ТУЗДАЛГАН КАБАКЧА
(1 литрлик банка үчүн) Кабакча (калыңдыгын 2-3 сантиметрден кылып узунунан да, туурасынан да кессе болот) – 0,5 килограмм
Керектелүүчү азыктар:
БАНКАДАГЫ БАКЧА
(1 литрлик банка үчүн)
Керектелүүчү азыктар:
БАДЫРАҢ КАРАГАТ МЕНЕН
(3 литрлик банка үчүн)
Керектелүүчү азыктар:
ТУЗДАЛГАН ЖАШЫЛЧАЛАРДЫН ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫТуздалган жашылчалардагы витаминдердин 70 пайызы сакталат.
Туздалган помидордун курамында жаңы үзүлгөнүнө караганда ликопин заты 3 эсе көп болот. Аталган зат картаюу менен күрөшүп, жаштыктын кармалышына жардамчы болот.
Туздалган жашылчалар гастрит жана ашказан жарасы менен жабыркагандарга болбойт. Ооруну күчөтүп жибериши ыктымал.
ТУЗДОО ЫКМАСЫ:
Берилген рецепттер бирдей жол менен туздалат.
Көлөмү кичине, жарылбаган жашылчаларды тандап, баарын таза жууп алыңыз.
Банканын оозу бүтүндөрүн алып, ысык сууга сода кошуп жууңуз.
Банканы, капкакты кайнап жаткан сууга 10-15 мүнөт кармап, буулайсыз.
Банканын түбүнө алгач көк чөптөрдү тизесиз.
Керектелүүчү азыктарды банканын моюнуна чейин тизүү зарыл..
Кайнап жаткан сууну банкага толтура куюп, капкагын жаап 15 мүнөт коёсуз. Капкактын 2 кабыргалуусун (сүрөттөгүдөй) тандаңыз.
Банкадагы сууну төгүп, кайрадан кайнаган суу куюп, аны да 15 мүнөттөн кийин төгөсүз.
3-жолу кайнаган суу куюп, туз, кумшекер, татымалдарды, уксус кошуп банканын оозун бекитесиз.
Жабылган соң банкаларды көмкөрүп, үстүн жылуулап жаап, 1-2 күн коюңуз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg