Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Чынар Капарова: "ИЛИМ КҮЛКҮ КЕЛЕРЛИК ШЫЛТОО МЕНЕН МЕНИ ЖУМУШТАН АЛДЫ"

№721 26-август-01-сентябрь, 2016-ж


КТРКнын алып баруучусу, журналист Чынар Капарова эфирден көрүнбөй калган эле. Биз кайрылганыбызда анын себептерин төмөнкүдөй түшүндүрдү.

– Чынар айым, жумуштан кетүүңүзгө эмне себеп болду?
– Мен өз каалоом менен жумуштан кеткен жокмун. Иштен кетишиме Илим Карыпбеков менен болгон жыл башынан берки тирешүүм себеп. 12-августта акыры көксөгөн максатына жетип, мени жумуштан алуу буйругун чыгарды. Себеби күлкү келерлик. "Сен Сүйүнбай Эралиевди Эл баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры дедиң, туура эмес наам ыйгардың" дейт. Бул шылтоону уккандардын төбө чачы тик турууда. Эралиевдин Эл баатыры экени калппы? Ал Кыргыз Республикасынын Баатыры, кайталай бербейли деп Эл баатыры дегем. Ал эми согушка катышып, баатырлык көрсөткөндөргө «Советтер Союзунун Баатыры» деген наам берилген. Эралиевде андай наам жок, бирок кан кечип аман келип, элине опол тоодой кызмат кылган кадырман карыяны Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры деп даңаза кылганым туура эмеспи? Мен улуу акынды басынтып же кемсинтсем бир жөн.

– "Жыл башынан бери тирешип келем" дейсиз, ага эмне себеп болду, эфирден кандай негизде алып салды?
– Илим мырза башка каналдардан дикторлорду алып келүү аракетин баштаганы мен куугунтукка кабылдым. Болбогон шылтоо менен артымдан түштү да калды. Ачык эле айтпайбы, эфир менин менчигим беле?.. Дагы бир шылтоосу – мен Оштогу кабарчы Актилек Гүлжигит кызына телефон чалып, башкы директордун орун басарынын өтүнүчүн жеткирип койгом. Болбогон телефон чалуу. Же кабарчыга үстөмдүк кылсамчы, же буйрук берсемчи. Актилек да ошону айтып жатат. Актилекти ушул себеп үчүн эфирден алып, келишимди токтотуп, үч баласы менен жалгыз энени ишсиз калтырды. Мен ага «Оштогу кыргыз театры жөнүндө материалды өтө курчутпай бере аласыңбы?» деген өтүнүч айткан элем. Анткени ал сюжетте кыргыз театры жамандалып, өзбек театры макталып калган. Улут аралык маселе болуп кетпесин деген кооптонуу болгон да. Сюжетти көргөн Байкоочу кеңеш да бул маселени жерге калтырбай, "керек болсо Капаровага алкыш айтыш керек, эфирге чыгар" деген чечим чыгарса, арданган Илим мырза артымдан түшүп, аңдытып болбогон шылтоолорду таап жатты.

– Буга чейин да дикторлор эфирден алынды беле?
– Ооба, ишке жаңы келгенде "мен сиздер менен гана иштейм, башка кадрлар керек эмес" дегени эсибизде. Сөзүнө турбасын КТРК жамааты көрдү. Адегенде эле мени менен Лунара Мамытова экөөбүздү эфирге бекитти да, дасыккан жана мыкты кадрлар: Нуржан Ташболотова, Гүлжан Кулмамбетова, Замира Нусубалиева, Гүлшан Кулматова, Мээрим Сырдыбаева, Лена Черномазованы эфирден алып салды. Алар жарабайт жана чыкпайт деп... Көп өтпөй Лунара депутаттыкка кетип, Канат Абазбеков менен жалгыз иштешип жүрдүк. Күнү-түнү таң атпай, түштө, кечинде, алтынчы, дем алыш күндөрү тынымсыз шайлоо вазыйпасын аткарууга чыдап, арызданбай иштедим. Акырында такыр чыкпайт деген Гүлжанды эфирге чыгарды. Кулмамбетова да дасыккан, алдыңкы дикторлордун бири. "Гүлжандын эфирге чыгып калганына сен күнөөлүүсүң!" деп мага атырылды. Жамаатка келип алып, "Аскар Салымбеков Гүлжанды чыгар деп суранды, укпай койгом, бирок Капарова чыдабай калып чыгардым" деп мага шылтоо кылат. Эгер ошончолук сөзүнө турган адам экен, башка деле дикторлор бар эле го… Мына Илим мырзанын жүзү.

star@super.kg


Диктор Чынар Капарова Илим Карыпбеков кысым көрсөткөнүн айтууда

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Айбек Алимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(65)
29.08.2016. 14:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
286
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
24-09-2018 07:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракөл
+16
туурасын биз билбейбиз да....
29.08.2016. 14:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
06-02-2015
Соӊку аракети:
24-09-2018 11:38
Жынысы:
Белгисиз
-3
мдаааа, бизде ушу кадрларды туура баалабай, анан интригалар адаиды чарчатып салат да негизи бул айым чын айтып атабы дейин десен, Илим мырзанын да коп жакшы жактарын окудум эле, как никак чет олкодон окуган, билимдуу адам. соз жок кыскасы...
29.08.2016. 16:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
18-08-2016
Соӊку аракети:
25-02-2017 16:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-5
Чынара эже, эл сиздин эмгегинизди баалайт. Сиздей диктор биздин сыймыгыбыз!
29.08.2016. 16:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
31-08-2015
Соӊку аракети:
24-09-2018 23:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоода суттон ак суудан таза болдубу.
29.08.2016. 17:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
14-07-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 13:37
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жашы келгенде ызы чуусузле кетиш керек жаштарга бошотуп.
29.08.2016. 19:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
24-02-2016
Соӊку аракети:
05-06-2017 18:01
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыскасы, илимдин койгон личный талабын аткарбай койгонго)) билесинерби баягы интернеттеги торттун суротун.
29.08.2016. 19:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
24-09-2018 15:54
Жынысы:
Белгисиз
-6
Чынара Капарова менин жакшы көргөн, тың, диксиясы дагы сонун! Менин жакшы көргөн алып баруучум! Азаматсыз болгонду болгондой айтып чыкканыңыз туура! Илим Карыпбеков жетекчи болсо эле четинен терип жумуштан айдай береби? Акыйкатсыздык! Көзүн май басып калганго! Елена Черномазова сонун эле кыргызча алып барып жатпады беле! Аны дагы алып жаны тынганын! Башка улуттардын кыргызча сүйлөп алып баруучу болуп жатканын кош колдош керек болчу! Кыргыз тилинин өнүгүшүнө башка улуттагы кыргыз тилиндеги алып б
Sajakat14 түзөттү 2016-08-29 20:04:34
29.08.2016. 20:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
24-09-2018 15:54
Жынысы:
Белгисиз
+6
Светлана Акматалиева сонун алып ьбаруучу болчу каап!Нуржамал Ташболотова дагы сонун кесипкөй эле!Нуржамал Бурханова дагы тыкылдаган жакшы алып баруучу эле!
29.08.2016. 23:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
25-06-2014
Соӊку аракети:
27-05-2018 02:22
Жынысы:
Белгисиз
-4
goralbastyk kop da
30.08.2016. 00:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
10-01-2015
Соӊку аракети:
04-01-2017 05:30
Жынысы:
Белгисиз
+2
Илим Карыпбеков озу кетиш керек. Ктрдеги жанылап жаткандары максим бакиев менен олеся малеванаянын айтканы менен болуп атат озуно менчик кылгысы келип. Жана журналистикага тиешеси жок ойношу Мин кыял фм радиосунун продюсери Суйкум Бапалдын айтканы менен болуп атат. Ал кыздын подружкалары келип атат. ал кыз Манас аэропортунда иштеген кыз эмне учун журналистикага телеге радиого келди?Бул Илим белгилуу журналисттерди иштен алды Акыл Кенешбек уулу кетти диджей Нурдин Мотуев диктор жана Чынар эже
30.08.2016. 00:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
10-01-2015
Соӊку аракети:
04-01-2017 05:30
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мин кыял фмдин мурунку продюсери Назира Асанкожоева. Кетишсин неопытный отдел кадрда иштеген атын айтпай эле коеюн Суйкум жана Илим булар озунчо банда туугандарын досторун алып келип атышат опытный дасыккан корунуктуу журналисттерди кетиришип. Ойлоп атышабы туболуко калабыз деп жакын калды кетишет булар дагы.Махинация да бар 2 3 жерден айлык алышып айта берсе соз коп дагы казбай эле коеюн булардын жоруктарын. Ошол жакта иштеп баралбаган канчалаган эжелер бар Ысык колго баралбай а тигилер 2ден ба
30.08.2016. 02:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
Катталган:
27-05-2016
Соӊку аракети:
09-09-2016 20:19
Жынысы:
Белгисиз
-3
meli12,оа мен да фейзбуктан окудум...ушшунчалык шумдук создор айтылыптыр жанагы суйуктуусу Суйкум Бапал жонундо....
30.08.2016. 10:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
13-05-2014
Соӊку аракети:
11-09-2018 10:52
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чынар эми кеткенинден кийин ММКларга чуркап жетекчилигинди жамандагандан коро сыйын менен болбойсунбу. Сени баары оз ишин мыкты билген кызматкер деп билишет. Ушунча жылдан бери топтогон сыйынды кетирдин. Жумуштан алса жанынды албагандыр. Сенден да жаш, сулуу айымдар жанылыктарды алып барса болбойбу? Же омур бою жанылыктарды алпарам деп ойлодунбу? Доорун бутконун билгенден кийин сыйын менен ордунду берип жаштарга ийгилик каалап кой и все!
30.08.2016. 14:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
352
Катталган:
01-03-2014
Соӊку аракети:
21-02-2018 11:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кара кулжа
+2
КТР коп нерселерди элге жашырып коргозбойт. Каналды жаап койсода каршы эмесмин.
30.08.2016. 15:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
01-07-2016
Соӊку аракети:
05-12-2017 18:42
Жынысы:
Белгисиз
+3
Еми талашпай еле мунасага келип иштей беришпейби
30.08.2016. 18:02 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
30-08-2016
Соӊку аракети:
17-09-2016 20:21
Жынысы:
Белгисиз
+4
Комент окуп жатып пикир билгизбей кое албадык, КТР ден канча кызматкер кетти, бары оз каалоосу менен. Албетте жетекчилик мумкунчулук берет, же озун кет, же мен кетирем деп. Арасынан капаровадай болуп ачык жазгандар чыгат. Азамат! Ачык жазыптыр. Жетекчи ачык айтып, башка жумушка деле которсо болмок. Чынардан улуу дикторлор деле иштеп журушот. Ачык айтып, жетекчинин абийирин ачканы мактоого татыктуу! Макул деп кете берсе аран турган жетекчини майрамдатмак! Азамат Чынар, алга!
30.08.2016. 22:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
11-10-2015
Соӊку аракети:
17-03-2017 18:12
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ак ийилет бирок сынбайт, коросунор буйруса бул эже кайрадвн эфирге чыгат, ьул эфир адамы, убакыт ак караны деле таразалайт, Илимдин да заманы бутот ал эми чындык, профессионализм, тактика, жоопкерчилик жолдо калбайт, Кыргызстандагы эн мобилдуу айымдардын катарын толуктаары талашсыз,биз сиз менен.
30.08.2016. 23:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
27-05-2016
Соӊку аракети:
08-09-2016 01:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан,обл. Жалал-абад, рай. АКСЫ
+2
Капаровага жазылган жакшы комментарийлерге минус аябай көп басылыптырго. Жактырбайбы же көбү?
Негизи мага кесибин сүйгөн ,өз ишине тың адистей көрүнчү...
30.08.2016. 23:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
12-03-2013
Соӊку аракети:
30-07-2018 15:19
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен дикторлордун эмнеси менен кызматта баалашат экенин билбей ,бирок теледен алып барып жатканы жакшы алып барчу деп баалайм.Илимге сизден жумуш ордун жакшы майлоо болбой калган же белегиниз кичинекейболуп калса керек.Кыргыздар мындай темп менен буйурса артты коздой жол тартабыз
го.
31.08.2016. 01:02 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
30-08-2016
Соӊку аракети:
17-09-2016 20:21
Жынысы:
Белгисиз
+1
Капаровага ич куйдулор коп, арасындагы эле достору коралбайт. Ошол достору оздору деле бойдок, оздорунун да арты таза эмес. Кобу экинчи, учунчу, тортунчу аялдар. Мингени джип, жашаганы особняк, балдары кытай туркияда окушат, кийгени шуба, тагынганы алтын. Анан капарова кимге жагат? Ич куйдулор арасында, жамандагандар да жанында! КТР чириген, кеткени жакшы болду.
02.09.2016. 12:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
736
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
24-09-2018 22:33
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kanaktr,ошол шуба алтын особнякты адал эмгеги менен тапса экен.ич куйгудой.
31.08.2016. 02:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
21-04-2017 02:39
Жынысы:
Белгисиз
+1
aibo 85, Биздин чондорго айт ушундай создорду, жаштарга орун берсин деп. Ичинер куйуп атат бул эжеге, анда эмесе туз жалагыла. Мыкты алпаруучу , ишин жакшы билген. Мындай кадрларга болгон условия тузуп бериш керек. Лицо страны, она номер 1.
31.08.2016. 07:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
14-12-2012
Соӊку аракети:
23-09-2018 22:07
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кыз ото эле озун кыйын сезип калган ктр.да астынан чыккан адамдарга конул бурбай жон эле мурдун которгон неме болчу мен коргом да
31.08.2016. 12:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
28-01-2016
Соӊку аракети:
24-09-2018 19:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен баалайм бул дикторду диксиясы аябай жакшы!
31.08.2016. 15:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
28-01-2016
Соӊку аракети:
22-09-2018 17:21
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен Илим Карыпбековичтен сабак алып калдым эле, бизге Гражданское право деген сабакты алып барчу, эн мыкты юрист, баарыбыз анын сабагын кызыгуу менен окудук эле. Эмне учун мындай ишке барды экен? Капарованын да куноосу бар болуш керек.
31.08.2016. 18:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
15-10-2017 16:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мен деги ктрка корбойм ышкыртып эле бир жактуу калпты корсото берет чыркыраган чындык эчкачан корсотулбойт
01.09.2016. 07:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
29-07-2016
Соӊку аракети:
14-12-2016 18:25
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurillm, туура айтасыз.
Медиа-портал
31.08.2016. 19:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
11-12-2013
Соӊку аракети:
05-06-2017 01:37
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мага ушул аял башынан жакчу эмес. Видиосунан кийин андан бетер
Муну менен иштеген жөнөкөй кызматкерлерге кыйын эле болсо керек, мындай характер менен, жетекчилерге чейин андай кыл мындай кыл деп жатса...Өзүн укмуш сезет экен...
Өзүн өзу мактагандан оолак бол дечи беле...
zolotay түзөттү 2016-08-31 19:42:51
31.08.2016. 19:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
17-11-2011
Соӊку аракети:
22-09-2018 08:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-2
Чынар эже жакшы алып барат Гулшанга караганда бул жерде байдын баласы суйлосун болуп калыптыр.
01.09.2016. 07:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
29-07-2016
Соӊку аракети:
14-12-2016 18:25
Жынысы:
Белгисиз
+2
КТРК эки жуздуу. Чындыкты так алып чыкпайт. Кайсы бийлик келсе ошолор мыкты да,кеткен бийлик жаман. А убагында ошолорду деле жакшы деп мактап жургон. Дикторлорго ашыкча созум жок . Мыктысы иштесин.
01.09.2016. 17:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
07-10-2015
Соӊку аракети:
04-12-2017 23:23
Жынысы:
Белгисиз
-1
Интрига башталгада эле акырын жылыш керек эле да, жетекчилик менен конфликте барбай. Айта турганды озуно лично айтып туруп...., болбосо озун билесин жетекчинин орду саясый орун, сенин местан бироого керек болуп калса керек да
02.09.2016. 07:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
24-01-2013
Соӊку аракети:
24-09-2018 23:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Токио,Париж,Медина,Дубай
+2
Бардык нерсенин эки тарабы бар,Бир жактуу эч убакта карабагыла Жана бирөөлөрдүн жеке турмушуна кирише бербейли ар кимибиз өзүбүздү карабайлыбы толтура кемчилигибиз бар.Чынар эже де да бар,көзүнөнө эле көрүнүп турат,плюс тили кошулуп эки нерсеси күнөлүү деп ойлойм,жана жетекчи менен тил табыша албагандыгы үчүнчү күнөөсү
03.09.2016. 00:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
16-07-2008
Соӊку аракети:
25-05-2018 20:03
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмне демекчибиз акырына чейин курошуунузду кутобуз,Ктрк-нын ичиндеги интригаларды биз жонокой эл баарын билбейбиз.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: