2016-2017-окуу жылында 1 миллиондон ашуун окуучу 2218 мектептерде билим алышмакчы. Бул тууралуу билим берүү министри Эльвира Сариева өкмөттүн жыйынында билдирди.
Отчётту уккан өкмөт башчы министр табигый кырсыктардан жабыр тарткан билим берүү мекемелери тууралуу эч сөз козгобогонун белгиледи.
"Канча мектеп жабыр тартты, алардын окуучулары кайда окушат? Ошолор тууралуу эч нерсе укпадым. Окуу китептери жетип жатабы? Жыл сайын ушул маселени көтөрөбүз. Өткөн жылы 130 миллион сом окуу китептерин толуктоо үчүн берилген. Бирок 79,6 пайыз окуучу гана камсыз болуптур. Интернет бардык мектептерде бар деп жатасыз, менде бул боюнча маалымат башкача",- деди өкмөт башчы. Премьер-министр өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо, суицид боюнча фактылар, өспүрүмдөр арасындагы уруштар өлүм менен коштолуп жатканы, рэкетчилик тууралуу министр ооз ачпаганын баса белгиледи.
Премьер-министр жаңы окуу жылында окуу китептерин ижарага берүү механизми боюнча сунуштарды 15-октябрга чейин даярдоону тапшырды. Эске салсак, китептер мектептерде 2005-жылдан тарта бекер колдонууга берилип келген.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg