Таанышымдын "Азыр табып коңуз дегенди жеп айыгуу популярдуу экен. Бир кыз гепатит менен ооруган апасына деп 500 даана сатып алыптыр. Мен да астмадан арылыш үчүн жеп көрсөмбү деп жатам. Коңуз сатуучулар менен интернеттен байланышып да койдум" дегенин угуп оозум ачылып, дароо интернетке жабыштым. Жыйынтыгы ал эмне болгон коңуз, чындап айыктырабы деп изилдеп көрүүгө жеткирди.
МААЛЫМАТ
Табып коңуз деген элдик аталыш. Чыныгы аталышы чернотелка. Дүйнөдө 20 миңден ашык түрү бар. Денесинин узундугу 5-7 миллиметрге чейин жетет. Жаштарынын өңү кызгылт-кара (күрөң) келсе, жетилген чоңдорунун өңү кара. Кыргызстанда 100гө жакын түрү бар. Негизинен талаа жана жарым талааларда жашашат. Кээ бир түрү ун, дан жана кургатылган кактарда жашап, көбөйүшсө, айрым түрү уруктарды жеп жок кылышат. Адамдын организмине пайда келтирери илимий жактан далилденген эмес!
"ГЕПАТИТ СПИДДИ БАШ КЫЛЫП 70 ООРУНУ АЙЫКТЫРАТ"
Интернетте Кыргызстанда табып коңуз (жук знахарь) сатам деп, сүрөтүн кошо жайгаштыргандар толтура экен. Алардын көбүндө: "Табып коңуз рак, кант диабети, гастрит, астма, псориаз, бронхит, гепатит, СПИД жана башка 70тен ашык ооруну айыктырат. Болгону аны тирүүлөй жутуу керек. Ал ашказаныңызда өлүп бара жатып өзгөчө ферментти бөлүп чыгарат. Ал фермент иммунитетти көтөрөт" деп жазылыптыр.
Муну окуп, тамагыма бир нерсе кептелди да калды. Көз алдыма "Остаться в живых" телешоусундагы адамдардын курт-кумурска жегени тартылды. Ал го шоу, мында болсо ооруган адамдар жеп жатышпайбы?!
Жарнамада көрсөтүлгөн телефондорго канчадан сатасың, кайсы даректен алып кете алам деп чалуу менен буларды угуп, билдим:
– Мен өзүм врачмын. Өзүңүз билесиз да, врачтар мындай нерселерге ишенишпейт. Бирок жаздан тарта гастритим кармагандан бери табып коңузду тирүүлөй сууга кошуп ичип жатам. 15 күн ичип, анан эс алып кайра баштайм. Гастритим кармабай калды. Бирок оорудан биротоло кутулайын деп ичүүнү улантуудамын. Өзүм да көбөйтүп сатам. Алсаңыз 1 даанасын 2 сомдон берем. Дарегим Бишкектин Чыгыш-5 кичи району.
– Оорулардан, анын ичинде рактан, безеткиден айыгуу үчүн химиялык дарыларды ичпей, коңузду гана жеш керек. 500 даанадай алсаңыз, 1 сомдон берем. Өзүм гепатиттен айыгуу үчүн жеп жатам. Чоңдугу кара семичке бар го, ошондой. Ак-Босогодо турам.
– Бизде Таласта коңуздун 1 даанасы 10 сом. Кааласаңыз акчаңызды мага банктан салсаңыз, коңузду таксилерден берип жиберем.
– 1 даанасын 4 сомдон сатам. Дарегим Ак-Ордо конушу.
"БАГЫП-КӨБӨЙТҮП, ИЧИП ДА ЖАТАМ"
Ушундай маалыматтарды алган соң "миң уккандан бир көргөн артык" деп коңуз багып саткандардын биринин үйүнө, Бишкектин Келечек конушуна жол тарттым. Мени өзүн Өмүрбек Алиев деп тааныштырган үйдүн кожоюну тосуп алды. Мына акыры көптөн күткөн коңуздар салынган банка колума тийди. Ичинде узундугу 5 миллиметрдей болгон коңуздар личинкалары менен кошо жыбырайт. Өмүрбек мындай маалыматтарды берди:
– Өзүм бир топ жылдан бери кекиртектин барсылдагынан (киста) жапа чегем. Врачтар "операция жасаш керек" дешкен. Мен макул болбой, коңузду 4-5 айдан бери ичип жатам. Мурун барсылдактын көлөмү чоң болчу, азыр кичине эле калды. Кийин канчалык кичирейгенин билейин деп чоң кезинде сүрөтүн телефонума тартып, сактап койгон элем. Сүрөттөрдү өчүрүп салышыптыр. Болбосо көрсөтөт элем. Коңузду Караколго барганда көрүп, көбөйтүп ичип көрөйүн деп азыраак ала келгем. Багуу өтө оңой. Банканын түбүнө кебекти салып, үстүнө коё бересиң да, банканын оозун даки менен байлап коёсуң (аба кириши керек). Анан кара нан, жемиштердин кабыгын таштап турасың. Аларды жеп көбөйө беришет. 70 ооруга даба экен. Сатып алам десеңиз, 1 айга 465 коңуз керек. Ичүүнүн ыкмасы мындай. 1-күнү бирди, 2-күнү экини, ошентип 30 күнгө дейре күндө үстүнө бирден кошуп иче бересиз. 30 күн дегенде кайра бирден кемитип иче баштайсыз. Анан 1-2 апта эс алып, кайра ичесиз. Бул кичине эле жандык да, 70 даанасын бир ичсең деле болот. Кааласаңыз суу же компот менен ичиңиз. Алсаңыз даанасын 2 сомдон берем. Түшүнөм, кээ бирөөлөр мени "калп айтып жатат" деши мүмкүн. Бирок кирене киргенди врачтар айыктыра албайт, аны эмчи-домчулар гана айыктырат. Ишенбейм дегендерге жообум ушул.
"КОҢУЗ ЖЕП АЙЫГУУ ДЕГЕН ЖОМОК"
Эми кезек коңуздун дарылык касиети чындап бар же жок экенин билүү үчүн врачтарга кайрылууга келди. Гүлжигит Алиев, Бишкектеги Жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы врачы:
– Коңуз жесең айыгасың деген – бул жомок. Коңуздан айыкса дүйнөдө гепатит менен ооруган адамдар калбай калбайт беле?! Бул акча табуу үчүн ойлонуп чыгарылган нерсе. Өзүм да ичип айыгып жатам дегендер менимче, коңуздан бизнес жасагандар. Андыктан оорулуулар убакытты өткөрүп оорусун тереңдетип жибербей, врачтардын кеңеши боюнча гана дарылануулары кажет.
"ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ БАР ЭКЕНИ ИЗИЛДЕНГЕН ЭМЕС"
Абдубакир Ибраимов, КММАнын терапия кафедрасынын доценти:
– Менин билишимче, табып коңузду байыркы Кытайда кургатып, элдик медицинада колдонушкан. Бирок кадимки медицинада коңуз эч качан колдонулган эмес. Анын дарылык касиетинин бар экендиги окумуштуулар тарабынан изилденген да, далилденген да эмес. Коңузду колдонуп дарылануу модасы батышта 2001-жылдары башталса керек эле. Эми бизге жеткен экен да. "Ашказанда өлүп баратып фермент бөлүп чыгарат, ошонусу дары" дегендери болбогон сөз. Фермент бөлүп чыгарган күндө деле анысы ашказан маңызы тарабынан жок болот да. Андыктан кант диабети, рак, гастрит, астма, бронхит жана башка ооруларды айыктырат дегенге ишенбегиле!
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg