"Супер сулуу-2016» сынагынын 1-турунан өтпөй калган 16 селкиге дагы бир мүмкүнчүлүк берилип, SUPER.KG порталына добуш берүүгө коюлган. Арасынан көп упай чогулткан алдыңкы беш кыз – Айжамал Бакытбек кызы, Элиза Абдыбалиева, Алия Шайырбекова, Асел Абдыкайимова, Роза Алтаирова финалга жолдомо алышты. Бул селкилер эми финалчылардын катарында "Супер сулуу-2016" наамына ат салышат. Финалда жеңүүчү болгон бийкеч алыскы Индонезияда, океандар кучагында жаткан Бали аралына барып саякаттап келүүгө жолдомо алат.