САЯСАТ ЖАНА КООМ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

ҮСӨНОВ МАСКӨГӨ БАРДЫ, БИРОК АНЫ МИНИСТР
ШМАТКО ГАНА КАБЫЛ АЛДЫ

“Орусия менен соода-экономикалык байланышты өнүктүрүүгө Кыргызстан өзгөчө маани берет”,- деп билдирди өкмөт башчы Данияр Үсөнов.

Данияр мырза соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Москвада кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясына кыргыз тараптан төрагалык кылды. Ал эми орус тараптан аталган жыйынга Орусиянын Энергетика министри Сергей Шматко катышты. Өз кезегинде сөз сүйлөгөн Орусиянын Энергетика министри Сергей Шматко­ Орусия Кыргызстандын энергетика тармагына кызыкдар экенин белгиледи. Кезектеги Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны 6 айдан кийин Кыргызстанда өтөт.


ЭМИ ТЫНЧ, КУРАЛСЫЗ МИТИНГ ӨТКӨРӨ АЛАБЫЗ

2-мартта Конституциялык Сот укук коргоочу Төлөйкан ИсмаилованынТынч, куралсыз чогулуу, митинг, демонстрацияларды өткөрүү жөнүндөгүмыйзамдын 1-беренесиндеги жыйындарды өткөрүү жөнүндө даттануусун карады.

"Бишкек мэриясынын токтому Баш мыйзамга каршы келет" деп берилген арызын Консот канааттандырды. Ошондой эле мэриянын 2009-жылдын 24-июлундагы №401-токтому менен “Толс­той­, Термечиков жана Репин көчөлөрү менен чектешкен сейил багы жарандар тарабынан иш-чаралар өткөрүлүүчү жер” деген токтомун жокко чыгарды. Эми тынч жыйындарды уюштуруучу тарап бийлик органдарына алдын ала билдирип, тыюу салынган жерлерден башка аймакта өткөрсө болот.


“ЭрК” ПАРТИЯСЫНЫН АЙМАКТЫК ЖЕТЕКЧИСИ
ЖУМУШТАН АЛЫНДЫ

Партиянын саясий кеңеши Ош облустук кеңештин төрагасы Ю.Истановду партиянын Уставын одоно бузгандыгы үчүн кызматтан алды.

“ЭрК” партиясынын төрагасы Шаирбек Жусуевдин айтуусунда Истанов партиянын саясий кеңеши менен кеңешпей туруп “ЭрК” партиясынын атынан бир нече жолу расмий билдирүүлөрдү жасап келген. Ошондуктан саясий кеңеш облустук кеңештин төрагасын партиянын макулдугусуз чечим кабыл алгандыгы үчүн саясий кеңештин чечими менен кызматтан алды.
"Биздин партиянын саясий багыты башынан эле конструктивдүү оппозиция экенин ачык айтып келген. Бирок айрым маалымат каражаттары такталбаган маалыматтын негизинде партиянын саясий багытын бурмалоого аракет жасашты. Ю.Истановду кызматтан кетирүүнүн негизги себеби анын саясий көз карашы эмес, партиянын ички тартибин бузгандыгы болуп эсептелет",- дейт төрага.


ЭКС-МИНИСТРДИН СОТУ 9-МАРТКА ЖЫЛДЫРЫЛДЫ

Биринчи май райондук сотуна сурак берип жаткан экс-министр А.Жекшенкуловдун соту 9-мартка жылдырылды.

26-февраль күнү каралган сот иши 1-мартка белгиленген. “Жекшенкуловдун тапанчасы менен түрк ишкерин аткан” деген айып менен сурак берип жаткан И.Абдыкадыровдун адвокаты келбей калгандыгына байланыштуу 1-марттан 3-мартка жылдырылган. Эми болсо 9-мартка жылдырылды (муну эң узак болгон сот процесси деп “Гиннес китебине” киргизсек болчудай). Адвокаттардын, айрым саясат таануучулардын пикирине таянсак, 9-март күнү сот өкүмүн чыгарышы мүмкүн.


СОТ ШОРУЕВДИ ӨМҮР БОЮ ЭРКИНЕН АЖЫРАТТЫ

3-мартта Сузак райондук сотунда Хамза Шоруевдин 8 жаштагы 3-класста окуган кызды зордуктоо фактысы боюнча сот иши каралды.

Судья Тажибаев төрагалык кылган сот иши жабык түрдө өткөрүлдү. Бирок жабырлануучулар соттун ачык өтүшүн талап кылды эле, ал өтүнүч канааттандырылган жок. Жыйынтыгында сот Шоруевдин өмүр бою абакка кесилгенин жарыя кылды. Кошумчалай кетсек, Шоруев мындан мурда да Сузак райондук соту тарабынан 6 жылга эркинен ажыратылган. Облустук сот аны 2 жылга кыскартып, ал болгону 1 жыл 1 ай гана түрмөдө отуруп чыккан.


ИСАКОВДУН АДВОКАТЫ ЭМИ КОНСОТКО КАЙРЫЛАТ

19-февралдагы Аскер сотунун протоколу менен таанышып бүткөн адвокат Азимбек Бекназаров эми Конституциялык Сотко кайрылуу аракетинде.

Бишкекте булар болуп жатса, Исаковдун мекени Алай районунун 5 айылында Исмаил Исаковду коргоо боюнча штаб түзүлүп иштеп жатканы маалым болду. Алайдагы Исаковдун талапкерлери 6-8-март күндөрү чоң митинг, нааразылык акцияларын өткөрүүнүн камын көрүшүүдө. Такталбаган маалыматка караганда, акция алкагында жол тосулуп, Ош жана Бишкек шаарларына жөө жүрүштөр уюштурулушу мүмкүн.


БАКИР УУЛУНУН 100 КҮНҮ

Кыргызстандын Малайзиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Турсунбай Бакир уулу­ кызматынын алгачкы 100 күндүк жыйынтыгы боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, Малайзиянын расмий бийлиги мурдагы президент жана өкмөттүн туруксуз мамилелеринен улам кыргыз бийлигине ишенбей калган. Алсак, 1996-1997-жылдары кыргыз өкмөтү Таш-Көмүрдөгү “Кристалл” заводун кайра иштетүүнү убадалап Малайзия өкмөтүнөн 1 миллион доллар каражат алып, бирок заводду иштеткен эмес. “Сафуан Групп” компаниясы да “Пишпек” мейманканасын оңдоп кайра иштетүүгө, биргелешип авиакомпания ачууга 1,5 миллион доллар жумшаган. Бул ишканаларды да экс-президенттин күйөө баласы тартып алган. Мындай окуялар айта берсең толтура. Ошондуктан элчи жана элчилик учурда Малайзиянын ишенимине кайра кирип жатат.
"Алгачкы иш катары “Халал” индустрияны алып келүү аракетиндебиз. Кыргызстанда 5 жылдын ичинде 20 чакан ГЭСти курууга 300 миллион доллар инвес­тиция тартуу боюнча келишимге кол коюлду. Буюрса, эки тараптан тең жогорку деңгээлде расмий иш сапарлар уюштурулат",- дейт элчи мырза.


МАРТ АЙЫНА КАРАТА ГАЗДЫН ЖАҢЫ БААСЫ ТАКТАЛДЫ

Энергетика министрлиги март айында калкка болгон газ тарифтерин бекитти.

Ага ылайык, үйүндө газ эсептегичи бар абоненттер үчүн өлкөнүн түштүгүндө бир метр куб газдын баасы 13 сом 80 тыйын деп белгиленсе, түндүктө 13 сом 70 тыйын болот. Ал эми газ эсептегичи жок, ысык суусу бар үйлөрдө бир адамга айына түндүктө 136 сом 96 тыйын, түштүктө 130 сом 79 ты­йын төлөшөт.


АЗАЙГАН СУУ, БЕРИЛГЕН УБАДА...

1-мартка карата “Токтогул” суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 103 миллион метр кубду ­түздү. Суунун көлөмү күн өткөн сайын төмөндөөдө.

Бул туурасында “Электр станциялар” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө суунун агып кириши секундасына 200 метр куб, ал эми агып чыгуусу 394 метр кубду түзөт. Белгилүү болгондой, 4-мартта президент өкмөткө 8-марттан тарта республика боюнча электр энергиясына чектөөлөр алынып салуу талабын койгон.
Кыргызстанды жарык менен камсыздоого 1-апрелден 31-декабрга чейин 12 миллиард­ кВт саат электр энергиясы өндүрүлүп чыгуусу керек. 1 миллиард кВт саат да экспортко пландалган. Ал үчүн “Токтогул” суу сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард 900 миллион метр куб деңгээлинде калуу­су зарыл. 8-марттан кийин эмне болот, күтө туралы...


Эл аралык кабарлар

ТАЖИКСТАНДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО БОЛУП ӨТТҮ

Шайлоо жыйынтыгында президент Эмомали Рахмондун Элдик демократиялык партиясы добуштардын 71,7 пайызын алды.

Президенттин партиясынан тышкары парламентте оппозициядагы Ислам кайра жаралуу партиясы 7,74 пайыз жана өкмөтчүл Коммунисттик партия 7,22 пайыз добуш менен орун алды. Шайлоонун толук жыйынтыгы 10 күн ичинде чыгарылат. ЕККУнун жана Европарламенттин байкоочулары “шайлоо мыйзам бузуулар менен өттү” дешсе, КМШ менен ШКУнун байкоочулары “таза өттү” деп чыгышты.


АКШ ЯДРОЛУК КУРАЛЫН КЫСКАРТАТ

“Президент Барак Обама Американын ядролук куралдарын кыскартууну көздөөдө”,- деп билдирет BBC маалымат агенттиги.

Жаңы стратегияны ишке ашырууда басым негизинен согуштук куралдарга жасалмакчы. Бул туурасында Обама келерки аптада АКШ­нын Коргоо министри Роберт Гейтс менен жолугушмакчы. Айрым булактар Обаманын администрациясы ядролук куралдардын санын 1000ге чейин кыскартууну пландаганын айтышууда. Белгилей кетсек, Вашингтон менен Москва стратегиялык чабуулдук куралдануунун чектөө жөнүндө келишимди жаңылоону талкуулоодо.


УКРАИНАДА ӨКМӨТ ТАРКАТЫЛДЫ

Украина парламенти ишеним көрсөтпөгөндүктөн, Тимошенко өкмөтү таркатылды.

Бирок жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин Тимошенконун өкмөтү убактылуу иштөөсү зарыл болчу. Бирок Тимошенко министрлерин таштап өзү жалгыз кызматтан кетип калган. Анын ордуна убактылуу өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп мурдагы вице-премьер министр Александр Турчинов ­бекитилди. Эми президент Радада өзүнүн коалициясын түзө алат. 30 күн ичинде өкмөт түзүлбөсө, парламент таркатылып, жаңы парламенттик шайлоо өткөрүлөт.


БЕРЛУСКОНИ МЕНЕН СОРОС АКЧАСЫН КАЙДА ЖУМШООДО?

Учурда көптөгөн адамдар кара жанын багуунун камын көрүп жатса, Берлускони, Сорос сыяктуу байлар акчаны кайда жумшоонун жолдорун издөөдө.

Алсак, Италиянын премьер-министри Берлускони Франциянын императору Наполеон Бонапарттын колодон жасалган керебетин сатып алгандыгы маалым болду. Анын баасы канча экендиги айтылган жок. Ал эми америкалык миллиардер Жорж Сорос акчасын алтынга жана интернетке короткондугу маалым болду. Ал 2009-жылы “Яху” интернет-гигантындагы акциясын 4 эсеге көбөйткөндүгү жана чоң суммада алтын сатып алгандыгы айтылууда.

Айбек Кочкоров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ylduska
2010-03-26 17:45:06
Данияр Үсөнов- Электричество озубуздон чыгат бирок аябай эби жок бааны которуп койду. Мага кызык ушул адамдын мээси деги качан иштейт болду экен, мурдун кортошкодой кылып алып биздин кыргызстандын убалына калатко..........
0
№ 383, 5-11-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан