Дилмаек
Сахнаны терең түшүнгөн адамдардын “сахнага биринчи бой, келбет керек” дегендерин угуп калабыз. Бүгүн бизде ырчы Кундуз Канатбек кызы. Ал күйөрмандарын назик үнү менен арбап, ырлары менен жагымдуу маанай тартуулап келет.
– Кундуз, эки-үч жолу телефон чалганымда “ооруп жатам” дедиң эле, жакшы болуп калдыңбы?
– Кайдан? Мен дайыма аллергиядан жабыркап келем. Тамагым кычышып, көзүм кызарып, мурдум бүтүп жатат. Аллергия бир дарылансаң эле кетип калчу оору эмес экен. Өмүр бою дарыланып жүрүп өтөмбү деп кээде коркуп кетем. Бирок ооруп жатканыма карабай бир топ ыр жаздырып койдум. Буюрса, аларга жакында күбө боло аласыздар.
– Үнүң абдан назик. Негизи, ырчылар бийик үндүү болуш үчүн көп аракеттерди кылышат эмеспи...
– Быйыл Улуттук консерваторияга тапшырып, фортепьянодон, анан вокалдан сабак алайын деп жатам.
– Билишимче, 5-курсту аяктап жатcаң керек?
– Ооба, КУУнун экономика факультетинин финансы жана кредит бөлүмүнүн 5-курсун аяктап жатам. Чындыгында, чыгармачылыгыма байланыштуу сабактарды көп эле калтырдым. Зачёт, экзаменге келгенде келбей калган күндөрүмдүн айынан мугалимдердин артынан жумалап, айлап чуркаган күндөрүмдү эч унутпайм го. Учурда болсо борбордогу банктардын биринде практикада жүрөм. Мага окугандан да иштеген абдан жакты. Биринчи күнү банкка барганда уялып, кысынып, жадакалса эркин баса албай жаман болдум. Жамаат менен таанышканда, жакшы кабыл алышты. Алар деле шоу-бизнеске аябай кызыгышат экен. Качандыр бир кезде ушул кесибим менен сөзсүз иштейм деп коюп жүрөм.
– Жигитиң барбы?
– Мени сүйгөн, сыйлаган бир адам бар. “Жүр, ата-энем менен тааныш” деп айта берет. Бирок мен уялам. Жеке концертимди берип, анан турмушка чыксам деген тилегим бар. Анткени көшөгөгө киргенден кийин үйдө отуруп калам да, туурабы? Балким, бир жыл, балким, он жыл дегендей. Кайын журттун менин ырчылыгыма болгон көз карашы кандай болот деген да бүдөмүк ойлорго такалам. Ушунча убакыт ырчы болуп жүрүп анан жеке концертимди бере албай калсам эл эмне дейт? Ушул нерсе жүрөгүмдү өйүп, тынчтык бербей келет. Анын үстүнө үйдүн кенжесимин да. Бир байкем, эки эжем үй-бүлө күтүп кетишкен. Апам экөөбүз аябай жакынбыз. “Сен кетсең эмне болом? Артыңдан барып сени менен эле чогуу жашап алам го” деп айта берет. Апамдын мындай сөзүн укканымда ыйлагым келип кетет.– Эмнегедир атаң жөнүндө көп айтпайсың...
– Атам мен төрөлө электе ооруп каза болуп калган. Апам күйүтүнөн улам эртеден-кечке ыйлай бериптир. Дарыгерлер “капаланып эле жүрөсүң, ичиңдеги балаң майып болуп калышы мүмкүн, алдырып сал” деп айтышкан экен. Дарыгерлердин сөзүнөн корккон апам мени алдырганы күнүгө ооруканага барат да, кезеги келгенде жүрөгү чыдабай кайра үйгө кетип калат. Ошентип жүрүп апам мени бул жарык дүйнөгө алып келет. Атам балдарын аябай эрке өстүрүптүр. Байкем да, эки эжем да укмуш тентек экен. А мен болсо апамдын күйүтүн түшүнүп, аяп жаткансып такыр ыйлап чыргоолончу эмес экем. Апам “мүнөзүң дал атаңдыкы, анан оозуң менен мурдуң куюп койгондой окшош” дей берет.
Атам менден улуу эжем төрөлгөндө атын Кундуз деп коёт. Бирок чоң энем менен чоң атам эжемди Назгүл деп чакырып алышат. Улууларды сыйлоо каныбызда бар эмеспи, ошондон улам атам чоң атамдын койгон атына макул болот. Ошентип, атам жактырган Кундуз деген ысым мага арткан. Атам аябай сулуу, мода менен кийинген, көп сүйлөбөгөн, жоош, билимге умтулган адам болуптур. Кыздар сулуулугуна кызыгышса, туугандар кийимине кызыга беришчү экен. 7-классымда бир жолу туулган айылым Бөкөнбаевге барсам, бир чоң эле эже “сен Канаттын кызысыңбы? Көп жериң окшош экен. Атаң апаңа үйлөнгөндө биз аябай ыйлаганбыз. Анткени көп кыздар жакшы көрчүбүз” десе аябай таң калгам.
– Бөкөнбаев айылында эле чоңойдуң беле?
– Апам бизди башка балдардан кем кылбайын, иш баштайын деген негизде мен бир жашка чыкканда Бишкекке көчүп келет. Кесиби боюнча медик болгону менен, чакан бизнес ачып ошону менен алектенет. Мектептен ата-энеси жокторго жардам катары акча берип жатат деп апама айтсам, такыр алчу эмес.
Ошентип, Бишкекте чоңойдум. Ырчы катары атым тааныла баштаганда киндик каным тамган Бөкөнбаев айылын айта баштадым. Алгачкы жеке концертимди да биринчи кичи мекениме бердим. Жердештерим “биздин айылда мындай кыз жок эле. Кимдин кызы экен?” деп катуу талкуулашыптыр.
– Качан көрбөйүн дайыма күлүп-жайнап жүрөсүң. Деги жиниң келеби?
– Мүнөзүм жумшак болгону менен, менин деле жиним бар. Маанайым жок болсо да элге жакшы мамиле кылганга аракет кылам. Үйдөгүлөр менен анда-санда урушпасам, эч ким менен деле урушпайм. Жиним келгенде колумда эмне болсо ошону ыргытып жибермей адатым бар. Ушул адатымдын айынан канча телефонумду, косметикамды сындырдым. Артка кылчайып көрсөм, ырчы болуп таанылганга чейин бой көтөргөн кыз экем. Сахнага чыккандан кийин эл “жылдыз болуп кетиптир” дебесин деп ойлой берчүмүн. Анын үстүнө турмушту көрүп дегендей, аябай жөнөкөй кызга айланып алганымды өзүм да байкабай калыптырмын.
– Көп учурда кыска, анан ачык кийингениңди көрөм...
– Ачык, кыска көйнөктөрдү азыр кийбегенде качан киймек элем? Негизи, өтө деле кыска, ачык кийинбейм. Аялзатына шымга караганда дене-мүчөсүнө көйнөк жакшы жарашат эмеспи. Ошондон улам дайыма көйнөк кийгенге аракет кылам.
“ӨЗҮМӨ-ӨЗҮМ СЫНЧЫМЫН”
Кундуз азыркы минип жүргөн Лексус үлгүсүндөгү темир тулпарын алардан мурун машина айдоону үйрөтүүчү курска тапшырат. Айдоочунун күбөлүгүн аларда агайы Кундузга суроо берет.
– Үч ай окуп эмнени үйрөндүң?
Кундуз унчукпайт.
– Сөз менен түшүндүрө албасаң кыймыл-аракет менен деле көрсөт.
Кундуз колун жаңсап:
– Ву-ун, ву-ун, кы-ыйк!
Сүйүн Кулматова
star@super.kg