ОРУС ЖЫЛДЫЗДАРЫ ЖАНСАКЧЫЛАРЫНА КАНЧА ТӨЛӨШӨТ?

ФИЛИПП КИРКОРОВ
Орус жылдыздарынан биринчилерден болуп жеке жансакчы жалдагандардын бири – Филипп Киркоров. Филипптин популярдуулугу ашып турган кезде артынан калбай ээрчип, ал тургай эшигинин алдына түнөп алгандар да кездешкен. Орус эстрадасынын падышасы бир концерттен келатканда, андан күйөрмандары автограф талап кылышып, ырчы бирине жазып бергиче экинчиси жулмалап, акыры кийимдерин тытып салышканы да көпчүлүккө белгилүү болсо керек. Ушундан кийин Филипп өзүнө ишин профессионалдык деңгээлде аткарган жансакчыларды алган. Алгач Филипп үч жансакчы жалдаган. Алардын бирөөсүн ырчы биринчи администратор кылып, андан кийин концерттик директор кылып дайындаган. Азыр ал 15 миң долларга чейин алат. Ал эми калган жансакчыларына бир айда болжол менен 3 миң долларга чейин төлөйт. Эгерде, алардын аткарган иштери ырчынын көңүлүнө толбой калса, анда урушуп гана тим болбостон, айлыктарын кыскартып да жибермей адаты бар. Филипп гастролдоп кайсыл шаарга барбасын, мейманканадагы бөлмөсүн алгач жансакчылары текшерип бүткөндөн кийин гана кирүүнү туура көрөт.

МАША РАСПУТИНА
Жакында Филиппке сахналаш досу Маша Распутина кайрылып, андан жакшы жансакчыларынын бирөөсүн берүүсүн өтүнгөн. Анткени, эркек мүнөздүү ырчы айым бир жылдын ичинде ондой жансакчыны кабыл алып, кайра иштен кетиргенге жетишкендиктен, учурда жансакчысы жок калган. Машанын суранычын орундатып, Филипп ага өзүнүн мыкты жансакчысын берген. Маша өзүн кайтарткандан тышкары, башка жумуштарды да жансакчысынын моюнуна илип койгондуктан, ал 15 киллограммга арыктай түшкөн. Мындан тышкары, кокусунан журналисттер өзүн сүрөткө тартып алганын билсе, жинин жансакчысынан чыгарган. Сүрөткө, телевизорго семиз болуп тартылып калса, ал жансакчыларын сөккөнгө чейин барат. Ошондуктан, кийинки учурда Маша съёмкага барганда, анын толуктугун билиндирбей тартууну жансакчысы көзөмөлгө алып турат. Ушундай иштерди аткарса да Машанын жансакчысы Филиппттен алган маянанын жартысын гана алат.

ВАЛЕРИЙ ЛЕОНТЬЕВ
Валерий Леонтьев башында жансакчысына бир жарым миң доллар төлөп келген. Кийинчерээк коопсуздугуна кам көрүп келген жансакчы бул сумманы аз көрдүбү, айтор, андан кетүүгө камынып жатканын билдирген. Бирок, ырчы жаңы жансакчы менен иштешкенден көрө деп өз коопсуздугуна кепилдик бере алган жансакчысынан айрылгысы келбей, анын айлык акысын эки эсе көтөрүп берүүнү чечкен. Валерий жайкысын аялы Люсиге Майамиге кеткенде, жансакчысы эс алууга чыгат. Бирок, ошондо да анын айлыгы чыга берет. Ырчы Майамиден келгенден кийин жансакчысы менен эсептешип, толук айлыгын төлөп берет.

АЛСУ
Орус жылдыздарынын арасынан коопсуздугу үчүн көп акча короткон айым Алсу болуп саналат. Алсу турмушка чыга электе ага бир маньяк кол салууга аракеттенген. Ошондон кийин Алсунун атасы Ралиф Сафин кызын карап жүргөнгө профессионал жансакчы жалдоону чечип, ага төрт мыкты жансакчыны жалдап берген. Алардын ар бирине ай сайын 6 миң доллардан төлөп турган. Ошого жараша алар өз ишин мыкты аткаргандыгы менен айырмаланган. Ырчынын атасы кызынын коопсуздугун жөнөкөй жансакчыларга ишенбей, тажрыйбалуу дүйнөлүк жылдыздар менен иштешкен адистерди жалдаган. Учурда Лондондогу Алсуну Дерем деген жансакчысы кайтарып келет. Ырчы айым Деремге абдан ишенет.

МАКСИМ ГАЛКИН
Таланттуу артист, пародист Максим Галкиндин коопсуздугу үчүн өзүнүн айдоочусу жооп берип келет. Эң жогорку гонорар алган артист айына айдоочусуна болжол менен 5 миң долларга чейин төлөп берүүнү убада кылган. Жакында айдоочусу алган акысына нааразыланып, айлыгын көбөйтүүсүн сунуштаган. Айдоочусунун алкымынын чоңдугуна кыжыры келген артист ага башка иш караштыра берүүсүн билдирген.

АЛЛА ПУГАЧЁВА
Кээ бир абройлуу ырчылардын өз коопсуздугунан акчаларын аяп келгендиктери бар. Мисалы, орус ырчыларынын ханышасы Алла Пугачёва ары айдоочусу, ары жансакчысы болгон жигитке айына бир жарым миң доллар төлөп берет. Бул жансакчылар үчүн өтө эле арзыбаган акча. Ошентсе да Алланын кадыр-баркы үчүн макул болгондор чыгат.

ДИМА БИЛАН
Көпчүлүк кыздардын арзуусуна татыган ырчы Дима Билан жансакчысы менен достук мамиледе. Бирок, анысына карабастан жансакчысы өзүнүн ордун билет. Анын өз ишин жоопкерчилик менен кылгандыгына ыраазы болгон Дима жансакчысынын эмгек акысын анын оюндагыдай кылып төлөп берүү­нү туура көрөт. Башкача айтканда, ага өз убагында 4 миң доллар берип турат.


АЛ ЭМИ...

ЛОЛИТА
“Две звезды” теле-шоусунун алпаруучусу Лолита Милявскаяны сахналаш достору “сараң” деп келишет. Анткени, Лолита концерттик директорлук орунга киши издеп, бирок, таппай койгон. Себеби, Лолита миң доллар деп күлкүнү келтирген айлыкты сунуштаган. Сараңдыгынан ал акчасын өзүнөн да аяп келет. Достору канча жолу сунушташса да, жансакчы алууга көнгөн эмес. Мындайча айтканда, өзүнүн коопсуздугуна өзү кам көрөт.

ЖАСМИН
Жасминдин жолдошу менен болгон ызы-чуусу тууралуу көпчүлүк маалымдар болсо керек. Жасминди экс-күйөөсү Вячеслав Семендуев катуу сабап салганын да билбегендер жок эмес. Кээ бир маалыматтарга таянсак, Жасмин күйөөсү­нүн көзүнө чөп салган. Тагыраак айтканда, ырчы айым өзүнүн жансакчысы менен мамиле куруп кеткен. Жубайынын коопсуздугу үчүн кам көрүп, ага мыкты эсептелинген жансакчы жалдап, бир топ акча төлөп берген жубайынын ишенимин Жасмин ошентип “актаган”. Кийинчерээк Вячеславга Жасмин менен жансакчысы башкача мамиледе болуп жүргөндүгү тууралуу маалымат жеткен. Анткени, анын жансакчысы башкалардыкындай болуп, гримёрныйдын эшигинин алдында турбастан, ырчы кийинип жатканда ичине кирип кетчү экен. Мындай көрүнүштү Жасминдин тегерегиндегилер бир нече жолу байкашкан. Муну уккандан кийин ырчынын күйөөсү киши жалдап жубайынын артынан аңдытат. Алар Жасминдин гримёрныйдын ичиндеги жоруктарынын баарысын видеого тартып алышат. Вячеслав видеону көргөндөн кийин жубайын катуу жазалайт. Ал эми Жасмин менен көңүл ачып жүргөн жансакчысы кайда, эмне болгону жөнүндө маалымат жок.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 221, 26-январь-1-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан