II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун көрүп, кыргыз жергеси менен жакындан таанышуу максатында Малайзиядан туристтер менен журналисттердин жоон тобу жергебизге келди. Алар кыргыз өлкөсүнүн эли-жери, маданияты менен таанышып, жергиликтүү ырчыларыбыздын талантына күбө болуу менен бирге өздөрү да «Кара жорго» ырдап, бийлегенге жетишишти.
«ЭМИ КЫРГЫЗСТАНДЫН КЫШЫН КӨРГӨНҮ КЕЛЕБИЗ»
Туристтерди жетектеп келген Малайзиянын туристтик компанияларынын биринин жетекчиси Фарра Фаттах төмөнкүлөрдү айтат:
– Мен эң биринчи жолу Кыргыз мамлекети жөнүндө укканымда эле кызыгып, интернеттен карай баштадым. Бирок өз алдынча келүүдөн чочулап тургам. Бул жаатта мага Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси болуп турган Кылычбек Султанов абдан чоң жардам берди. Себеби малай эли Кыргызстанды тааный баштады. Жыйынтыгында 33 турист менен июль айында алгачкы ирет Кыргыз жергесине келип кондук. Ала-Арчага, Ысык-Көлгө барып абдан сонун эс алганбыз. Ага чейин июнда өзүм келип байкаштырып кеткен болчумун. Эли, жери, абасы, тоолору баары жакты.
Азыр болсо Көчмөндөр оюнун көрүүгө, анан да өлкө менен таанышууга 43 адам келдик. Бул ирет сапарыбыздын алкагында кайрымдуулук иштери менен да алектенип, 2 балдар үйүнө барып кичинекейлердин көңүлүн көтөрүп ала келген белек-бечкектерибизди бердик. Эми 120 кишиден турган кийинки топ ушул жылдын декабрь айына камданып жатат. Кыргыз өлкөсүнүн кышын көрүп, лыжа тебүүгө ашыккандар акчаcына чейин төлөп коюшту. Анан да биздин жердештерди кыргыз элинин мусулман экендиги абдан кубандырды.
Кыргыз жеринин мага жакканы ушунчалык, «Кара жорго» ырын 2 ай аракеттенип жатып жаттап алдым, бийлеп да коём (күлүп). Ал тургай менден уга берип үйдөн кыздарым да ырдап калышты. Көчмөндөр оюнунун ачылышындагы салтанатта «Кара жорго» бийин көрүп абдан толкундандым.
ЭКИ ЭЛДИН ОРТОСУНДА ОКШОШТУКТАР БАРАлыстан келген конокторубуздун бири, Малайзияда белгилүү ишкер Дато Шахарудин Бин Ариффин Кыргыз жергесин абдан жактырганын айтат. Баарынан да тоолору, меймандос эли, таза абасы анын купулуна толгон. Ал тургай эки элдин окшоштуктарын да байкаганын айтат. «Мисалы, сиздерде супара деген сөз бар экен, сураштыра келсем, дасторкон дегенге мааниси жактан жакын дешти, биздин тилде дагы дасторконду супра деп коёбуз» дейт ал. Коногубуз Ала-Тообузга кийинчерээк дагы келип кеткиси бар экенин айтып коштошту.
Чолпон Сүйүнбаева
Адилет Бектуров
koom@super.kg