ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

КОСМЕТИКАДА

Шиммер
– англис тилинен алынган сөз. Ал тунук минералдардан турган косметикалык каражат. Шиммер терини жалтыратып, сыйда кылат. Аталган каражат суюк, крем жана упа түрүндө таралган. Шиммер иллюминайзерден айырмаланып, макияж бүткөн соң коюлат. Аны жаак сөөктөргө, чыкыйдын борборуна, ээкке, каштын алдына, эриндин алдына жана үстүнө койсо, макияж идеалдуу аяктайт. Аталган косметикалык каражатты күнүмдүк жашоодо эмес, кечелерге барганда колдонгонуңуз туура.

МОДАДА


Аскот
– кадимки классикалык галстуктардан тышкары өзгөчө жана майрам күндөрдө тагына турган түрү да кездешет. Мындай галстуктардын катарына Аскот, Пластрон жана Шарпей аталышындагылар кирет. Алардын арасында Аскот орому кеңири пайдаланылат. Улуу Британиядагы Royal Ascot Races ат чабышында дал ушул лентанын түрү кеңири колдонулган. Учурда бул аксессуар үйлөнүү тойдогу күйөөнү көркүнө чыгарган галстук катары эсептелет.


МОДАДА

Шоу-рум
– Европада бул түшүнүк мода жумалыгындагы “көргөзмөлөрдүн бөлмөсү” катары каралып, ал жактан эч нерсе сатып ала албасаң, биздин өлкөдө ал бренд кийимдери сатылуучу бутик катары кызмат кылат. Шоу-румдар алгач байерлер (дүкөндөгү продукцияны сатып алуучулар) подиумдагы кийимдерди көрүп, көбүрөөк тапшырык берүүсү үчүн ойлонуп табылган. Мындай бутиктерди биз интернеттен жарнамаланганын көрүп жүрөбүз. Бул биринчиден кийим коллекциясынын баасын, түзүлүшүн үйдөн чыкпай эле көрүп алууга мүмкүнчүлүк берет.

Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 723, 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан