ТЕХНОЛОГИЯДА
Фича – англис сөзүнөн бизче которгондо «өзгөчөлүк, мүнөздүк белги» дегенди түшүндүрөт. Орус тилинде фича көпчүлүк учурда программалардын, мобилдик түзүлүштөрдүн жакшы жагын, өзгөчө функцияларын сыпаттоодо колдонулат. Ошондой эле компьютер оюндарын сүйүүчүлөрдүн, программисттердин оозеки баарлашуусундагы негизги жаргондордун бири. Биз айтып жүргөн «фишка» сөзү менен «фичанын» мааниси бир эле. Акыркы мезгилде лексикада фича сөзүн оозеки гана эмес, жазуу түрүндө да колдоно башташты.
ИЛИМДЕТьютор – билим берүү тармагында окуучу же студент менен жеке иштешкен адис. Окуу процессинде адис окуучу менен жеке иштеп, практикага көп көңүл бөлөт. Анын кызыкчылыктарын эске алат. Тьютор бир эле мезгилде логопеддин, психологдун, дефектологдун да ишин аткарат. Ошондуктан билимин жогорулатууну каалагандар бул жааттан да кошумча билим алышат. Бүгүнкү күндө тьютор менен иштешүү бала бакчаларда, мектептерде гана эмес, жогорку окуу жайлардын окутуу системине да киргизилген. Мисал катары Англиянын Кэмбридж университетин алсак болот.
ИНТЕРНЕТТЕВайн – бул 2 секунддан 20 секундга чейинки кыска ролик. Ал жашоодогу кызыктуу учурду чагылдырат. Мындай видеону тарткан адамды вайнер деп аташат. Термин мобилдик тиркеме Vine аталышынан алынган. Бул тиркеме 6 секундга чейинки видеону жаздырууга, жүктөөгө мүмкүнчүлүк берген. Вайнерлердин падышасы катары KingBach саналат. Анын социалдык баракчасына 12 миллиондон ашуун адам катталган. Вайн тиркемеси 2012-жылы "Twitter" компаниясы тарабынан сатып алынган.
Бактыгүл Момбекова
koom@super.kg