«КУМТӨР» КЫЗМАТКЕРЛЕРИ УНИКАЛДУУ БИЛИМ АЛЫШАТ

Ушул жылдын февралында билимин жогорулатуу үчүн Африкага сапар алган «Кумтөр» ишканасынын адиси Мирбек Курманбаев кечээ жакында кайтып келди. Ал тоо-кен техникаларынын шиналарын техникалык тейлөө боюнча дүйнөдөгү лидерлердин бири «Кал Тайер» (Kal Тire) компаниясынын окуу курсуна катышкан. Окутуу чөлдүү континенттин батышындагы Гана өлкөсүнүн атактуу Тарква (Tarkwa) кенинде өткөн.

БИЛИМДИН ПАЙДАСЫ...

Бул окутуу курсу кыргызстандык адис үчүн уникалдуу десек болот. Дегеним, дүйнөгө таанымал «Кал Тайер» компаниясы «Кумтөрдүн» суранычы менен атайын программа иштеп чыгып, кыргыз жаранын окутууга макул болгон. Окуу үчүн Тарква кенинин тандалышы да жөн эмес, ал кен көп жагынан Кумтөргө окшоп кетет. Дал ошол кенде кыргызстандык адиске тоо-кен техникаларынын шиналарын эксплуатациялоо жана оңдоо боюнча алган теориялык билимин практика менен айкалыштырууга шарт түзүлгөн.Мындай ыкмадагы тренинг өтө эффективдүү болгонун белгилеген Мирбек Курманбаев: «Шинаны эксплуатациялоонун шарттарын, авариялык кырдаалдын алдын алуу жана кырсык учурунда кандай чара көрүү керектиги боюнча билим алдым. 10-15 жылдык тажрыйбасы бар адистер кандай аракеттерди көрүү менен шинанын өмүрүн узартууга болорун үйрөтүштү. Мисалы, «Кумтөрдө» колдонулган 200 тонналык ири жүк ташуучу техника жүгү менен өргө чыкканда шинага көп күч келбейт. Анткени анын арткы бөлүгүндө төрт шина бар. Ал эми төмөн карай баратканда алдындагы эки шина ысып кетүүсү мүмкүн. Эгер билсеңиз, жогорку температура – шинанын негизги душманы. Шина ичиндеги ысыктык 80 градустан жогору болсо, ал тез эле толугу менен керектен чыгып калат. Андыктан ар бир дөңгөлөктү өз учурунда текшерип, басымын, жешилүүсүн тыкыр көзөмөлгө алуу зарыл. Шинанын иштөөсүн узартуу үчүн карьердеги ар бир техниканын жүрө турган жолун, аралыгын, ылдамдыгын эске алуу менен, ага канча жүк салуу керектигин жана канча саат иштетүү зарыл экендигинин эсеби болушу кажет. Биздин милдет – аны тактап чыгуу. Баарынан кооптуусу – оор техниканын дөңгөлөгү атылып кеткени. Ал жарылганда бомбадай эле кыйратуучу күчкө ээ. Ошондуктан дөңгөлөк менен ойногонго болбойт»,- дейт.
Дөңгөлөктү оңдоо жана тейлөө үчүн кен ишкана 100 миң доллар сарптап, кызматкерин чет жактан окутканын бир уккан киши сынга алса керек. Бирок бул тармактын да өндүрүштө орду чоң. Мирбек мырзанын айтымында, тоо-кен техникаларынын эксплуатациялык мөөнөтү бүткөнчө керектелген шиналардын баасы анын наркынан төрт эсе ашып кетет. Ошол үчүн шинаны туура пайдалануу абдан чоң мааниге ээ. «Кумтөрдө» иштетилип жаткан ири жүк ташуучу техникалардын бир эле шинасы 30-40 миң долларды чапчыйт, а ишканада мындай оор жүк ташуучу 103 техника бар. Муну эске алганда чыгымдарды азайтып, кирешени көбөйтүүдө компания үчүн тажрыйбалуу адис абадай зарыл.
Тийиштүү билимге ээ болуп кайткан Мирбек мырза эми мурда иштеген бөлүмүндө жетекчилик кызматты аркалайт. Тактап айтканда, ал «Кумтөрдөгү» тоо-кен техникаларынын шиналарын техникалык тейлөө жана оңдоо бөлүмүн жетектеп жаткан эки чет элдик адистин бирин алмаштырмакчы. Жыл соңунда экинчи адистин да келишими аяктап, жаңырган жылы бөлүмдү башкаруу тизгини толук Мирбек мырзага жүктөлөт.

«КУМТӨР» ДҮЙНӨДӨ ЛИДЕРЛИК САПТА

Өндүрүмдүүлүгү жагынан Кумтөргө сыпаты окшош Тарква кени жана «Кал Тайер» кызматташкан дагы башка эки кендин иши менен жакындан таанышкан Мирбек Курманбаев ал жактагы иштин жүрүшү тууралуу буларга токтолду:
– Дүйнөдөгү бардык кендерде өндүрүш стандарттары окшош болгондуктан өндүрүш ишинде өзгөчө деле айырмачылыкты байкай алган жокмун. Жумуш биздегидей эле тартипте, биздегидей эле коопсуздукту сактоо эрежелеринен башталат. «Кумтөрдөгүдөй» эле адамдын ден соолугу жана коопсуз иштөөсү башкы орунда. Бир гана айырмачылыгы – геофизикалык жана климаттык шарттардын түрдүүлүгү. Биздин кен деңиз деңгээлинен бир кыйла бийиктикте жайгашып, жыл ичинде төрт мезгил кайталанат. Мындан улам бизде муз каптаган жолдорго байланышкан тобокелдиктер бар. Ал эми Ганада жылы бою жай жана мен барган кен токойдун чок ортосунда жайгашкан. Ал жакта кооптоно турган башка нерселер бар, мисалы, питон кол салуусу мүмкүн. Биздин компания техникалык коопсуздук ченемдерин сактоодо Кыргызстан боюнча эң алдыда жана дүйнөдөгү кен ишканалардын арасында лидерлик орунда экенин ишенимдүү айта алам.
Учурда «Кумтөрдүн» штаттык кызматкерлеринин 97 пайызын кыргызстандыктар түзөт жана бул көрсөткүч барган сайын өсүүдө. Мирбек сыяктуу жаштарды окутуп, квалификациясын жогорулатуу аркылуу чет элдик адистерди жергиликтүү кадрларга алмаштыруу ийгиликтүү жүзөгө ашырылып келет.

ГАНАЛЫКТАР ЭМНЕ ДЕЙТ?

Ганалыктардын билимдүүлөрүндө гана Кыргызстан тууралуу маалыматы болбосо, карапайым калктын арасында биз жөнүндө кулагы чалгандар өтө аз. Мирбек мырза кетеринде инструкторлору кыргыз студенти кандай таасир калтырганы тууралуу чакан видеодо комментарийлерин калтырышкан. Насаатчы Винсент Мвула: «Мирбектин кичипейил, бат тил табышып кетерин, меймандос, ишке ынтызарлыгын баамдадым. Ал ишке ынтаа коюп, бардыгын өздөштүрдү. Анын алган билими өлкөсүнө кайтканда чоң пайдасы тиерине ишенем. Ал өзүн мыкты жагынан көрсөтө алды»,- деп билдирген. Ал эми дагы бири мекендешибиздин меймандостугун, кичипейилдигин көрүп, кыргызстандыктардын баары Мирбектей пейили кенен деген ойдо калган.
Маегибиздин соңунда ганалыктар кең пейил, меймандос келерин жана аларда инвесторго таптакыр башкача мамиле жасаларын айткан Мирбек мырза: «Кумтөр» жаштарга билим берүү, инфраструктураны жакшыртуу жана бизнеске үйрөтүү боюнча көптөгөн социалдык долбоорлорду ыктыярдуу түрдө ишке ашырып, жергиликтүү калкка көмөгүн көрсөтүп келет. Ал эми Тарква кенин өздөштүрүп жаткан «Голд Филдс» компаниясынын андай иштерин байкай алган жокмун. Жергиликтүү калктан деле бул багытта "баланча объектини түкүнчө кен ишкана куруп берди" деген өңдүү сөздөрдү укканым жок. Тескерисинче, ганалыктар чет элдиктерди кучак жайып тосуп алып, иштөөсүнө бардык шартты түзүп берүүгө жан далбас кыларын байкадым»,- дейт.
Анткени инвестор бул ири салык төлөөчү, жумуш орунун түзүүчү, жергиликтүү товарларды сатып алуучу катары ага сый мамиле жасашат экен. Ганадагы бардык кендерди жалаң чет өлкөлүк компаниялар иштетишет жана башка тармактарында да көп. Эгер бизде да инвесторго ушундай мамиле болгондо, өлкөбүздүн көп тармагы алдыга чоң секирик жасамак беле...

Айтемир Аскеров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 724, 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан