КУРУТТУН ТҮРЛӨРҮ

Курут – бул эзип ичсең суусундук, шорпого кошсоң катык, жесең тоюмдуу азык. Куруттун курамында белок, көмүртек, витаминдер, кальций, темир, калий жана башкалар бар. Андыктан көздүн көрүүсүн жакшыртып, жаш балдардын боюнун өсүшүн камсыздап, сөөктөрдү бекемдеп, иммунитетти көтөрөт. Мына ушундай касиетке ээ куруттун биз биле бербеген түрлөрү тууралуу сөз кылабыз.

"ӨРҮК КУРУТКА ДАНЕКТЕРИН ДА КОШОМ"

Анар Бакирова, Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну, 62 жашта:
– Мен өрүк курут үчүн 10 килограмм сүзмөгө 10 килограмм өрүк кошом. Өрүктү жууп, данегин чыгарып, эт тарткычтан өткөрөм. Кээде чагылган данектерин курутка кошуп жиберген учурларым болот. Даярдалышына келсек, казанга сүзмө менен өрүктү бир салып, отту орточо жагып, кайнатып баштайм. Жыгач депкир менен тынбай аралаштырам. Качан депкирди сүзмөгө сайган кезде тик туруп калса, ошондо казанды оттон чыгарам. Анан муздатып, тоголоктоп күнгө жая бересиң. Кээ бирлер курутка зире кошуп да жасашат.

Күнгө кургатылып жаткан өрүк куруттар.


"КАРАГАТ КУРУТ, САБИЗ КУРУТ ДА ПАЙДА БОЛДУ"

Майрамкан Жапалакова, Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын тургуну, 56 жашта:
– Жаш балдарга ылайыктап курутка таякчаларды сайып чупа-чупска окшотуп жасагандарды көрүп, мен да жасадым. Курамына карагат, сабиз, чычырканак, малина, ачуу калемпир, жалбыз кошуп жасаса да болот. Жалбыз кошулганын "кыргыз диролу" дешерин уктум.
Мен өзүм жасаган карагат курут, кошкон май курутум абдан даамдуу болот. Карагат курут үчүн 2 килограмм сүзмөгө 200 грамм бөрү карагат жана татымына жараша туз кошулат. Карагаттын ордуна чычырканак мөмөсүн же сабизди эт тарткычтан өткөрүп кошсо да болот. Эгер сүзмөгө кызылчанын ширесинен кошсо, өңү кызгылтым болуп калат.

Калемпир, сабиз жана укроп кошулган курут.


"ТАШ БАКА, КЕШЬЮ ФОРМАСЫНДАГЫ КУРУТТАРДЫ ДА САТАМ"

Алтынай Рустамова, Бишкек шаарынын тургуну, 47 жашта:
– Биз, курут жасап-саткандар мурун курутту тоголок, анан сүйрү кылып эле жасап келгенбиз. Эми ар кайсы жактан укканыбыз, көргөнүбүз боюнча жүрөкчө, таш бака, батон, кешью, ромбик формасында жасап жатабыз. Менден чөбөгө курутту көбүрөөк алышат. Чет элден келген туристтер кызыгып, ар бир түрүнөн жеп көрүп, сатып алып кетишет.

Чупа-чупска окшотуп жасалган курут.


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
altyn2015
2016-09-19 09:20:21
Соонун го!
+2
Babi.
2016-09-19 10:36:35
Ух ии шилекейим чуурулуп кеттигоо жегим келип .
+2
shadyeva
2016-09-19 11:00:11
Адамдардын тапкычтыгына соз жок
+4
aiba_00
2016-09-19 11:35:54
Заманга жараша заманбап куруттарды ойлоп таап жатышкан го, жакшы жакшы.
+13
burulsun33
2016-09-19 16:46:18
Менин да жегим келип кетти.
+4
ZarinaSM
2016-09-19 21:43:58
курууут- менин кунумдук наркотигим
+1
meri.kg
2016-09-20 00:09:42
Жакшы мага жакты
+1
XAH
2016-09-20 10:53:01
Кыргыз элим кочмондордун падышасы экендигинин далили: "Тапкычтык менен ар кандай жашоо шартка коно алгандыгында.
+4
XAH
2016-09-20 10:53:13
Кыргыз элим кочмондордун падышасы экендигинин далили: "Тапкычтык менен ар кандай жашоо шартка коно алгандыгында.
+1
kalima88
2016-09-20 16:55:09
Депкири эмнеси болду экен? Же кепкурбу?
-1
Gaika
2016-09-20 22:01:04
kalima88,

Ооба кепкур же кепкир.
+2
Gaika
2016-09-20 22:01:36
Чобого курутту суйомда
+2
aitieva00
2016-09-22 17:57:18
аябай сагындым го курутту...чобого курут озгочо жагат
+1
samidinova84
2016-09-25 12:53:38
Курут жегим келип таппай журом.
-1
Ananasky
2016-11-07 18:08:45
Ооуу соонун ,азаматсыздар Кр элим
0
№ 724, 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан